Президенттикке талапкерлер үчүн ар бир добуш канча сомго айланды

469
(жаңыланган 15:41 11.01.2021)
Кыргызстандын президенттигине талапкерлер 9-январга карата алынган маалымат боюнча жалпы жонунан 122,9 миллион сом сарптаган. Кимиси көп, кимиси аз акча сарптаганын Sputnik агенттигинин инфографикасынан көрүңүздөр.
Шайлоодо талапкерлер ар бир добушка канча акча жумшады

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 10-январь күнү президенттик шайлоо өттү. Ушу тапта автоматтык саноочу урналардын (АСУ) эсеби менен чыккан алдын ала жыйынтык белгилүү болуп, бюллетендерди кол менен саноо уланып жатат.

Алдын ала жыйынтык боюнча, Садыр Жапаров биринчи болуп келүүдө.

Sputnik агенттигинин кабарчылары шайлоого катышкан ар бир талапкер бир добушка канча акча коротконун эсептеп көрүүнү чечти. Маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган.

Материалды даярдоодо шайлоо фондуларынын 9-январга карата абалы эске алынды. Ал эми ар бир добуштун баасын эсептөөдө 11-январь күнү саат 11.00дө АСУнун эсеби боюнча алынган маалыматтар пайдаланылды. Бул жыйынтык расмий болуп эсептелбей турганын эске салабыз.

Тизмеде биринчи орунда ар бир добуш 2 487 сомго айланган Жеңишбек Байгуттиев турат. Жалпы жонунан ал шайлоого 3,3 миллион сомдон ашык каражат сарптап, алдын ала жыйынтык боюнча, 1,3 миң шайлоочунун добушуна ээ болгон. Андан кийинки саптарды Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Курсан Асанов, Бабыржан Төлбаев, Аймен Касенов, Имамидин Ташов, Абдил Сегизбаев, Канатбек Исаев, Эльдар Абакиров, Бактыбек Калмаматов, Улукбек Кочкоров, Клара Сооронкулова, Садыр Жапаров жана Мыктыбек Арстанбек ээлеген.

Ал эми Адахан Мадумаров эң эле сарамжалдуу талапкер болду. Бир добуштун "баасы" 33 сомго айланган. Жалпы жонунан шайлоого 3 миллион сомдон ашуун каражат коротуп, алдын ала жыйынтык боюнча, экинчи орунду ээледи. Кызыгы, Мадумаров 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо да добуш "арзанга түшкөн" (13 сом) талапкер болгон эле.

469
Белгилер:
рейтинг, талапкер, фонд, каражат, акча, шайлоочу, добуш, БШК, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (195)
Тема боюнча
Шайлоодо жеңген Садыр Жапаров Кыргызстанды кантип өнүктүрмөкчү? Убадалары
Токаев Жапаровду жеңиши менен куттуктап, Казакстанга келип кетүүгө чакырды
Президенттик шайлоо менен референдумга КМШ байкоочулары кандай баа берди

Кыргызстанда майды аз ичкен автоунаалардын наркы кандай өзгөрдү? Инфографика

194
Sputnik Кыргызстан автоунаа базарындагы бааларды талдап, эң көп сатылган чакан автокөлүктөрдүн орточо наркы кандайча өзгөргөнүн билип көрдү.
Май аз ичкен унаа баасы 2020-жылдын декабрынан бери кандай өзгөрдү

Инфографикада автоунаалардын эң көп чыгарылган жылы көрсөтүлгөн. Талдоо 2020-жылдын 3-декабрынан 2021-жылдын 22-январына чейинки аралыкта autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарындагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн (көрсөткүчтөр дээрлик окшош).

Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн ар бир автоунаанын орточо наркы өлкөнүн Улуттук банкынын 22-январда аныкталган курсу (бир доллар 84,7 сом) боюнча жүргүзүлдү.

Көп сатылган алдыңкы топ-9га төмөнкүлөр кирди:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Volkswagen Golf;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Тизмеде Lada 2107 унаасы дагы деле эң арзан болуп калууда: 2001-жылы чыккан машина 1 100 доллар, акыркы бир нече айда ал 80 долларга арзандаган. Жеткиликтүүлүгү жагынан экинчиге Daewoo Matiz чыкты. 2001-жылда чыккан унаа базарда 1 700 долларга сатылууда. Декабрда анын баасы 70 долларга кымбаттаган.

Toyota Prius күйүүчү майды аз талап кылган эң кымбат унаа катары эсептелет. 2010-жылы чыгарылган машина 9 500 доллар турат. Декабрдан тарта баа 356 долларга жогорулаган.

194
Белгилер:
Бишкек, Кыргызстан, нарк, баа, автоунаа
Тема боюнча
Кыргызстандагы эң өтүмдүү минивэн, универсал унаалардын баасы. Инфографика

Кыргызстанда жан сактоо үчүн канча каражат керек. Статкомдун эсептөөсү

407
Ведомстводон билдиришкендей, борбор калаада жашоо минимуму анча чоң эмес. Аймактарга бөлүп карай турган болсок, Бишкек шаары Жалал-Абад менен Ош облустарынан артта калат.
Кыргызстанда 2020-жылдагы жашоо минимуму

2020-жылы Кыргызстанда жашоо минимуму кандай болгонун Улуттук статистика комитетинин адистери санап чыгышты. Маалыматка караганда, былтыр бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга көтөрүлүп, 5 359 сомду түзгөн.

Жашоо минимуму ай сайын азык-түлүк, тамаш-ашка кирбеген товарлар, кызматтар жана салык төлөөнүн жыйынтыгында калыптанат. Бул жерде кеп эң минималдуу чыгым тууралуу болуп жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Анткени мындай акча менен киши башка муктаждыктарын жаба албайт.

Жашоо минимумун кыргыз өкмөтү 2009-жылы аныктап берген. Ага эң зарыл болгон тамак-аш гана кирет. Жалпы сумманын жарымынан көбү, тагыраагы, 3 483 сому тамакка кетет. 911 сом кызматтарга, мындан азыраак сумма башка товарларга коротулуп, 100 сомдой акча салыктарга жумшалат.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, эмгекке жарамдуу аялдарга караганда эркектерге 187 сомго көбүрөөк эсептелген. Ал эми пенсионерлердики болгону 4 785 сом.

Аймактарга бөлүп караганда жашоо минимуму Жалал-Абадда баарынан жогору. Облустун бир тургунуна айына 5 755 сомдон эсептелген. Экинчи орунду 5 541 сом менен Ош облусу ээлеген. Алардан соң гана Бишкек шаары турат, киши башына 5 381 сом.

Эң аз жашоо минимуму Талас облусунда катталды. Бир таластыкка айына 4 949 сом каралган.

407
Белгилер:
жашоо, статистика, Кыргызстан, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте декабрда батирлер канчага бааланды. Инфографика
Кыргызстандагы эң өтүмдүү минивэн, универсал унаалардын баасы. Инфографика
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив

Медиктерге компенсация төлөө мыйзамы өзгөрдү. Кошумча акча алуунун жол-жобосу

5
(жаңыланган 20:09 26.01.2021)
Кызмат учурунда коронавирус жуктурган медиктердин компенсациясынын көлөмү өзгөрүп, мурдагыга салыштырмалуу азайды. Ал эми каза тапкандардын жакындарына төлөнчү каражат көбөйдү. Себебин Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

2021-жылдын январь айынан тарта кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери мурдагыдай 200 миң сом эмес, 75 миң сом компенсация алмай болушту. Ал эми оорудан көз жумган ак халатчандардын жакындарына 1 миллион сом эмес, болжол менен 2 миллион 800 миң сом берилет. Бул тууралуу буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирген.

Ал мындай жаңылыкты "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен түшүндүргөн. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган мыйзамды карап, медиктерге кандай жеңилдиктер каралганын билип көрдү.

Компенсациянын мурдагы көлөмү

2020-жылдын жаз айында өкмөт өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып коронавирус жуктуруп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медицина жана башка кызматкерлерине 200 000 сом, ал эми каза тапкан медиктердин жакындарына 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү боюнча буйрук чыгарган. Документке ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Бирок быйыл "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргендиктен, өкмөттүн мурдагы буйругу күчүн жоготту. Андыктан компенсация эми өзгөртүлгөн мыйзамдын негизинде төлөнөт.

Негизи бул мыйзам сегиз жыл мурда, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган убакта эле кабыл алынган. Бирок пандемия эл өкүлдөрүн мыйзамга бир катар маанилүү, анын ичинде компенсация төлөөгө байланышкан толуктоолорду киргизүүгө түрткөн. Өзгөртүлгөн мыйзамга 2020-жылдын 29-июнунда ошол учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Андан соң өкмөт тарабынан төлөм тартибин аныктай турган механизм иштелип чыгып, мыйзам 2021-жылы күчүнө кирди.

Өзгөртүлгөн мыйзамда кандай артыкчылыктар бар?

Мыйзамдагы жоболор мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген медиктерге гана тиешелүү. Бирок көрсөтүлгөн жагдайларда ишке жеке клиникалардын медицина кызматкерлери тартылган болсо, анда бул алты пункт аларга да байланыштуу болот.

Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими маалында медиктерге төмөнкү шарттарды түзүп берүү зарыл:

  • үйдөн жумушка жана кайра үйгө чейин транспорт;
  • тийиштүү коргонуу каражаттары (бет кап, көз айнек, костюм, бахила, антисептик жана башкалар) — коопсуз иштөөгө мүмкүндүк берген көлөмдө;
  • талаптагыдай эмгек шарттары менен камсыздоо.

Компенсациянын азыркы көлөмү

Эгер медицина кызматкерлери ӨК же ӨА режими убагында саламаттыгын тобокелге салуу менен кесиптик милдетин аткарса, аларга компенсация кошумча каралат. Аны министрлер кабинети аныктайт, бирок өлчөмү ээлеген кызматына жараша төрт окладдан кем болбоого тийиш.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристтеринин айтымында, бул — иштегенине жараша айлык маянага кошулуп төлөнүп берилчү акча.

ӨК же ӨА режими убагында санитардык-карантиндик зонада эмгектенгендерге оор жумуштар, зыяндуу жана оор эмгек шарттары менен иштөө режими белгиленип, медиктерге ээлеген кызматына жараша 10 окладдан кем эмес өлчөмдө компенсация каралат. Алардын өлчөмүн да өкмөт аныктайт.

Бир жолу төлөнө турчу компенсация

Эгер медицина кызматкери ӨК же ӨА убагында кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп ооруп калса же жаракат алса, бирок майып болбосо, анда ээлеген кызматына жараша 15 окладдан кем эмес бир жолку жөлөк пул төлөнөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин юристтери түшүндүргөндөй, мыйзам боюнча кызмат учурунда оору жуктуруп же жаракат алгандардын айлык маянасы эмес оклады эсептелет. Ошол себептен алар болжол менен 5000 сом окладды алып, аны 15ке көбөйтүшкөн. Жыйынтыгында 75 миң сом чыккан. Белгилей кетсек, бул болжолдуу эсептөө. Кенже медперсоналдардын алчу акчасы мындан аз болуп калышы ыктымал.

Эгер медик ӨА жана ӨК режиминде өз милдетин аткаруу убагында кабылган илдеттен көз жумса, анда анын үй-бүлөсүнө маркумдун жыйырма жылдык орточо маянасынан аз эмес өлчөмдө бир жолку жөлөк пул төлөнөт.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон медиктердин жакындарына өзгөртүлгөн мыйзам боюнча болжол менен 2 миллион 800 миң сом төлөнөрүн кабарлаган.

Бул сумма кандай эсептелгенин министрликтин юристтери түшүндүрүп берди. Алар мында оклад эмес, каза болгон медиктин жыйырма жылдык айлык маянасы эсептеле турганын белгилеп кетишти. Юристтер финансисттер менен акылдашып, болжол менен 12 миң сомду алышкан. Анткени бул сумманын ичине оклад, иштөө коэффициенти (КТУ) жана башка төлөмдөр кошулат. 12 миңди 12 айга көбөйтүп, андан соң 20 жылга көбөйткөндө 2 миллион 800 миң сом чыккан. Юристтер бул болжолдуу гана эсептөө экенин эскертишти.

Эгер ӨА же ӨК шарттарында кесиптик милдетин аткаруу убагында медик ооруга кабылып, анын айынан таптакыр же белгиленген жагдайларда бир жыл өткөнчө иштей албай турган болсо, анда бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилет.

  • I топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 10 жылдык орточо маянасынан кем эмес;
  • II топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 8 жылдык орточо маянасынан кем эмес;
  • III топтогу майыпка — жабыр тартуучунун 5 жылдык орточо маянасынан кем эмес.

Бир жолку төлөм Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен берилет.

Мындан тышкары, медкызматкерлерди эмдөөгө, иш убагында кабылган дартынан дарыланууга кеткен чыгымдары мамлекеттик жана муниципалдык медициналык уюмдардын өз эсебинен төлөнүп берилет. Ушул эле пунктуга милдеттүү медициналык кароолор да тиешелүү. Буга чейин медиктерге мындай жеңилдиктер жок болчу.

Белгилей кетсек, бул компенсациялар бир гана коронавирус жуктуруп алуу учуруна гана байланыштуу эмес. Бул өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда иштеген медиктерге тиешелүү. Ошондой эле аскердик же ИИМде иштеген медиктерге мыйзамдагы бул толуктоолор таптакыр тиешеси жок экенин юристтер эскертти.

Компенсациялар дароо ак халатчандардын колуна тийбей турганын да белгилеп кетүү зарыл. Сөзсүз комиссия карап чыгып, андан кийин берилет. Ишти мурдагыдай Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия текшербейт, ар бир саламаттык сактоо мекемесинде түзүлгөн комиссия иликтеп, текшерип анан каражат бериле турганы айтылды.

5
Белгилер:
өзгөртүүлөр, мыйзам, компенсация, медик
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID жуктурган медиктер 75 миң, көз жумгандардын жакындары 2,8 млн. сомдон алышат
Бишкекте бир бейтап көз жумуп, 97 адам оору жуктурду. Кыргызстандагы коронавирус
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт