2020-жылы Кыргызстанда жашоо минимуму кандай болгонун Улуттук статистика комитетинин адистери санап чыгышты. Маалыматка караганда, былтыр бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга көтөрүлүп, 5 359 сомду түзгөн.
Жашоо минимуму ай сайын азык-түлүк, тамаш-ашка кирбеген товарлар, кызматтар жана салык төлөөнүн жыйынтыгында калыптанат. Бул жерде кеп эң минималдуу чыгым тууралуу болуп жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Анткени мындай акча менен киши башка муктаждыктарын жаба албайт.
Жашоо минимумун кыргыз өкмөтү 2009-жылы аныктап берген. Ага эң зарыл болгон тамак-аш гана кирет. Жалпы сумманын жарымынан көбү, тагыраагы, 3 483 сому тамакка кетет. 911 сом кызматтарга, мындан азыраак сумма башка товарларга коротулуп, 100 сомдой акча салыктарга жумшалат.Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, эмгекке жарамдуу аялдарга караганда эркектерге 187 сомго көбүрөөк эсептелген. Ал эми пенсионерлердики болгону 4 785 сом.
Аймактарга бөлүп караганда жашоо минимуму Жалал-Абадда баарынан жогору. Облустун бир тургунуна айына 5 755 сомдон эсептелген. Экинчи орунду 5 541 сом менен Ош облусу ээлеген. Алардан соң гана Бишкек шаары турат, киши башына 5 381 сом.
Эң аз жашоо минимуму Талас облусунда катталды. Бир таластыкка айына 4 949 сом каралган.
Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.
Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.
Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.
Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.
Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында "Ала-Тоо" эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.
Кыргызстандыктар үчүн өткөн жумадагы эң популярдуу автокөлүктөр төмөнкүлөр болду:
Инфографикада өтүмдүү унаалардын орточо баасы чыгарылган. Мониторинг 2020-жылы ноябрда жана 2021-жылдын февралынын соңунда autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарындагы маалыматтарга таянуу менен жүргүзүлгөн.
Тизмеде эң кымбат деп эсептелген түрдүү үлгүдөгү унаалардын наркы бир топ төмөндөй түшкөнү байкалат.
2017-жылы чыккан Toyota Camry, 2008-жылы чыгарылган E класстагы Mercedes-Benz жана 2016-2017-жылкы Toyota RAV4 орто эсеп менен 1 000 долларга арзандаган. Ошондой эле 2003-2008-жылдары сатыкка чыккан Lexus GX баасы 400 доллардан 1 000 долларга чейин түшкөн.Ал эми 5-сериядагы BMW, Hyundai Sonata, Toyota Prius бир аз баасын көтөрүп, мурдагы жумага салыштырмалуу 100-300 долларга кымбаттаган.
Аналитиктер баалардын өсүшү автоунаанын техникалык абалына жана тез арада сатылышына байланыштуу экенин айтышууда.