Кыргызстанда нефть менен газ чыккан жерлердин картасы

717
(жаңыланган 09:49 02.02.2021)
Нефть жана газ чыккан жер Кыргызстандын эки аймагында — Баткен менен Жалал-Абадда катталган. Алардын кайсы жерде жайгашкандыгын картанын жардамы менен таанышсаңыздар болот.
Кыргызстандагы нефть жана газ чыккан кендердин картасы

Кыргызстандын кайсы жеринде нефть менен газ чыгарын Sputnik Кыргызстандын кабарчылары пайдалуу кендер менен кен байлыктардын реестрин жана пайдалуу кендердин картасын карап, аныктап чыккан.

Инфографикада газ жана нефтинин белгиси бар жерлер белгиленген жок. Аны менен бирге балансы эсептелген кендер эле эмес, иштетилген калдыктар, консерваланган жана резерв үчүн коюп койгондору да көрсөтүлгөн.

Пайдалуу кендердин реестрине ылайык, Кыргызстанда чакан 7 нефть кени бар. Алар эсептелген баланстагы Майлы-Сай, Чыйырчык, Чангыр-Таш, Тамчы, Карагач, Бешкент-Тогап жана Таш-Рабат (бир катар маалыматтарда кен чыккан акыркы эки жерди бирге санап жүрүшөт).

Алардын төртөө Баткен облусунда, үчөө Жалал-Абадда. Дагы бири, Чаур-Яркутан, реестрде "дээрлик иштетилген" кен катары белгиленген.

Пайдалуу кендердин картасында балансы эсептелген нефтигаз кендери төрт жерде белгиленген. Алардын орточороогу — Майлы-Суу-IV Чыгыш Избаскент, ал эми калганы чакан кендерге кирет.

Мамлекеттик баланста газ чыккан эки кен эсептелип турат. Алар Сузак жана Жалал-Абаддагы Түштүк Риштан менен Баткен кендери. Реестрде газ чыккан эки кен көрсөтүлгөн. Алар — Сары-Ток жана Сары-Камыш (биринчиси сакталып турганы, экинчиси иштетилгени).

717
Белгилер:
реестр, карта, байлык, кен, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда канча тонна алтын казылып алынган? Сандар

Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн апрелдеги баасы

273
2021-жылдын апрель айында Бишкекте жеке типтеги эки бөлмөлүү батирлер арзандады (мартка салыштырмалуу). Бирок үч бөлмөлүү "хрущевкалардын" баасы өскөн.
Бишкекте сатылган батирлердин баасы

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп турат. Биз баалардын диапазонун жана түрдүү типтеги (104, 105 жана 106-серия, "хрущевка", индивидуалдуу) бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасын көрсөтүп беребиз. Бул айдан тарта ичин ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги батирлердин баасын дагы биле аласыздар.

Бул материалды даярдоо үчүн 1 525 жарыяга анализ жасалды.

2021-жылдын апрель айында борбор калаада үйлөрдүн орточо баасы төмөндөдү. Мисалы, 106-сериядагы батирлер 1000 долларга арзандады. Сатуучулар жеке типтеги эки бөлмөлүү батирге 2 100 долларга арзаныраак сурап жатышты.

Ал эми үч бөлмөлүү "хрущевкалар" кымбаттаса, ичин ээси өзү жасай турган жаңы батирлер арзандаган.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, апрелде бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы төмөнкүчө болду:

  • 104-серия — 29 500 доллар (25 700дөн 34 500гө чейин);
  • 105-серия — 29 500 (23 500 — 36 500);
  • 106-серия — 32 000 (23 000 — 39 500);
  • "хрущевка" — 26 700 (15 000 — 33 500);
  • Индивидуалдуу типтеги батирлер — 30 500 (18 500 — 46 500);
  • ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 31 600 (21 500 — 50 000).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 36 650 доллар (25 000 — 59 000);
  • 105-серия — 40 300 (27 000 — 51 500);
  • 106-серия — 43 700 (29 500 — 59 500);
  • "хрущевкалар" — 33 500 (24 500 — 46 500);
  • индивидуалдуу типтеги батирлер — 41 400 (29 800 — 67 500);
  • ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 47 200 (23 500 — 92 000).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 43 800 доллар (36 000 — 56 500);
  • 105-серия — 52 000 (35 500 — 76 500);
  • 106-серия — 55 800 (30 000 — 76 500);
  • "хрущевкалар" — 41 600 (32 000 — 58 000);
  • индивидуалдуу типтеги батирлер — 56 900 (24 500 — 120 000);
  • ичин ээси жасап алчу "элиткалар"— 86 700 (55 500 — 153 000).
273
Белгилер:
Кыргызстан, нарк, баалар, батир, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте декабрда батирлер канчага бааланды. Инфографика

Арзандаганы да, кымбаттаганы да бар. Базарда машиналар канчадан сатылууда

204
Ар жума сайын Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү автоунаалардын базар баасы тууралуу маалыматтарды чыгарат. Бул ирет 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын май айына чейин популярдуу универсалдар жана минивэндердин баалары канчалык өзгөргөнүн аныктап көрдүк.
Кыргызстанда көп колдонулган  автолордун баасы. Универсал  жана минивэндер

Биз autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарындагы бааларды (баалар дээрлик бирдей) изилдедик. Окурмандарга ылайыктап ар бир маркадагы унаанын орточо баасы көрсөтүлдү.

Инфографикада чыгарылган жылы жаңы болгон унаалардын орточо наркы берилген.

Көп сатылган 10 унаага төмөнкүлөр киргизилди:

  • Honda Odyssey;
  • Subaru Outback;
  • Toyota Ipsum;
  • Honda Stepwgn;
  • Honda Stream;
  • Toyota Caldina;
  • Volkswagen Passat B5;
  • C-класстагы Mercedes W203;
  • Audi A6 II;
  • Suzuki Liana.

Subaru Outback, Toyota Ipsum жана Volkswagen Passat B5 унааларынын баасы 100-500 долларга арзандаган.

Honda Odyssey, Honda Stream жана Honda Stepwgn унаалары болсо, тескерисинче, орточо эсеп менен 200-500 долларга кымбаттаган.

Аналитиктер баанын секирик жасап жатышы тез арада сатуу муктаждыгы, ошондой эле автоунаанын абалына (жакшы же начар) байланыштуу экенин айтышат. Алардын наркы орточо бааны аныктоого таасир этет.

204
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, сатып алуу, баалар
Тема боюнча
Айрымдары 500 долларга чейин кымбаттады. Унаа базарындагы азыркы абал
Чакан ГЭС ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев

Астапаев: жаңы деген чакан ГЭСке 63 жыл болду

0
(жаңыланган 12:56 07.05.2021)
"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Астапаев өлкө боюнча 16 чакан ГЭС бар экенин маалымдады.

Чакан ГЭСтердин эскилиги эбак жеткен. Маселен, эң жаңы деп эсептелгенине 63 жыл, эскисине 103 жыл болду. Бул тууралуу Кубанычбек Астапаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө чакан ГЭСтерден электр энергиясын өндүрүү потенциалы чоң.

Астапаев: жаңы деген чакан ГЭСке 63 жыл болду
"Учурда өлкө боюнча 16 чакан ГЭС иш алып барат. Анын тогузу "Чакан ГЭС" ААКга таандык. Калган жетөө жеке ишкерлерге карайт. "Чакан ГЭС" ААКнын станцияларынын эң жаңысына 63 жыл болсо, Аламүдүн суусунда жайгашкан чакан ГЭСтин иштеп жатканына 103 жылдын жүзү болду. Булардын иштөө мөөнөтү эбак эле өтүп кеткен. Кызматкерлердин аракети, оңдоп-түзөө иштеринин натыйжасында гана иштеп жатат. Алардын иши үзгүлтүккө учурабайт деген кепилдик жок. Ошондуктан жаңы кичи ГЭСтерди куруп, эскилерине реконструкция, модернизация иштерин жүргүзүү зарылдыгы бар. Негизи өлкөнүн чакан ГЭСтерден электр энергиясын өндүрүү потенциалы жогору. Алсак, жалпысынан 960 мегаватт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтерди куруп, 142,5 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрүүгө болот. Өлкөдө жылдан-жылга электр колдонуулар 5-10 пайызга өсүп, бул тармак кризиске кептелүү коркунучунда турат. Учурда 109 мегаваттык чакан ГЭС куруу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Анүчүн ыңгайлуу жерлерди компаниянын балансына алып, инвесторлорду караштыруу колго алынууда", — деди Астапаев.

Ошондой эле ал электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү демилгеси инвесторлордун аталган тармакка кызыгуусун арттырарын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: 

0
Белгилер:
Кубанычбек Астапаев, ГЭС, тариф, электр энергиясы
Тема боюнча
Турдубаев: электр кубаты үчүн жаңы тарифтер сентябрга чейин күчүнө кирбейт