Кайсы премьер-министр эң жаш команда менен иштеген. 10 жылдык рейтинг

Жазылуу
2010-жылдагы министрлер кабинетинин жетекчиси Сапар Исаковдун учурунда өкмөттүн эң жаш мүчөсү 30 жаштагы экономика министри Артем Новиков болду. Көптөр өкмөттүн бул курамын жаш команда катары эстеп калганы менен биздин рейтингде экинчи орунду ээлеп калды.

Кыргызстанда акыркы 10 жылда өкмөт мүчөлөрүнүн орто жашы кандай болуп өзгөргөндүгүн Sputnik Кыргызстандын журналисттери ар кыл жылдагы министрлер кабинетин карап, эсептеп чыкты.

Кыргызстандын өкмөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Кайсы орган жоюлуп, кимиси кимге баш ийип калды? Өкмөттөгү өзгөрүүлөргө саресеп
Мында ар бир өкмөт башчынын командасы үчүн орточо жаш биринчи өкмөттүн курамынын негизинде эсептелип чыкты. Тагыраагы, министрлер кабинетиндеги кийинки өзгөрүүлөр жана бошотуулар эсепке алынган жок. Кеп мурда түзүлүп, Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекиткендеги варианты туурасында болууда.
Орто курак, андан сырткары атка минерлердин эң жогорку жана эң төмөнкү жашы туулган жылдары боюнча эсептелди.
Премьерлерлик кызматка киришкен учур анын туулган датасына карата эсептелди.
Эске сала кетсек, акыркы 10 жылдагы өкмөттүн мүчөлөрүнүн орточо курагындагы айырма өтө деле чоң эмес: жаш команданын курагы 45,8, ал эми эң улуусунуку 52,8 жаш деп белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0