Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектеги батирлердин ижара акысы тууралуу жазып келген. Мындан ары алардын сатылыш бааларына дагы байкоо салып турат. Бул материалды даярдоодо 2 111 жарнама каралды.
Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар кыл типтеги бир, эки, үч бөлмөлүү, 104, 105, 106-сериядагы жана "хрущевка", андан сырткары, өзүнчө типтеги батирлердин бааларын көрсөттүк.Батирлер январь айында орто эсеп менен 2020-жылдын декабрь айына салыштармалуу кымбаттады. Мисалы, өзүнчө типтеги бир бөлмөлүү батирлердин баасы 1000 долларга көтөрүлдү. Ал эми 105-сериядагы батирлер — 500, өзүнчө типтеги эки бөлмөлүү батирлер 3 800 долларга жогорулаган. 106-сериядагы батир үчүн мурдагыдан 2 200 долларга көбүрөөк акча берүүгө туура келет.
Бирок ушул эле 106-сериядагы бир бөлмөлүү батирлер менен "хрущевкалар" бир аз арзандаган. Мисалы, үч бөлмөлүү "хрущевканы" 1 100 долларга мурдагыдан арзан сатып алса болот.
Ачык булактагы маалыматтар боюнча бир бөлмөлүү батирлердин январь айындагы баасы:
Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
Үч блмөлүү батирлердин орточо баасы:
Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.
Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.
Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.
Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.
Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында "Ала-Тоо" эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.
Кыргызстандыктар үчүн өткөн жумадагы эң популярдуу автокөлүктөр төмөнкүлөр болду:
Инфографикада өтүмдүү унаалардын орточо баасы чыгарылган. Мониторинг 2020-жылы ноябрда жана 2021-жылдын февралынын соңунда autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарындагы маалыматтарга таянуу менен жүргүзүлгөн.
Тизмеде эң кымбат деп эсептелген түрдүү үлгүдөгү унаалардын наркы бир топ төмөндөй түшкөнү байкалат.
2017-жылы чыккан Toyota Camry, 2008-жылы чыгарылган E класстагы Mercedes-Benz жана 2016-2017-жылкы Toyota RAV4 орто эсеп менен 1 000 долларга арзандаган. Ошондой эле 2003-2008-жылдары сатыкка чыккан Lexus GX баасы 400 доллардан 1 000 долларга чейин түшкөн.Ал эми 5-сериядагы BMW, Hyundai Sonata, Toyota Prius бир аз баасын көтөрүп, мурдагы жумага салыштырмалуу 100-300 долларга кымбаттаган.
Аналитиктер баалардын өсүшү автоунаанын техникалык абалына жана тез арада сатылышына байланыштуу экенин айтышууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.
"Бейтаптын кан басымы кооптуу чекке жеткен абалда келди. Азыр дагы улам өзгөрүп жатат. Абалы туруктуу эмес. Чукул арада ден соолугун текшерүү керек, биринчи кезекте коронарографиядан жана бөйрөк артериясы боюнча текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Анын абалы толук турукташканча медициналык көзөмөлдө болот", — деди Осмонов.
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары буга чейин артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган.
Эскерте кетсек, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.