Бишкектеги батирлердин февралдагы ижара баасы

(жаңыланган 21:45 25.02.2021)
Февралда Бишкек шаарында эки бөлмөлүү батирлердин баасы экинчи ай катары менен кымбат болууда. Рынокто баарынан көп "элиталык" типтеги батирлер турат.
Бишкектеги батирлердин февралдагы ижара акысы

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар бир ай сайын Бишкектеги батирлердин ижара акысы тууралуу жазып келет. Баалар тууралуу ачык маалымат булактарынан алып, өткөн айга салыштырып, окурмандарга сунуштайбыз.

Бул материалды даярдоодо 460 жарнама каралды. Февралда эмеректери бар батирлердин жана мейманкана тибиндеги батирлердин ижара акысын анализдеп чыктык.

Ушул айда кыймылсыз мүлктүн бир бөлмөлүү батирлеринин ижара акысы эмереги менен алганда түрлөрүнө карабай дээрлик өскөн. Бул жерде "элиталыктарынан" башкасы тууралуу кеп болууда. Ал эми мындай типтеги турак-жайдын наркы 4 800 сомго көбөйгөн.

Эмереги менен берилген эки бөлмөлүү батир бир топ эле кымбаттаган. 105-сериядагы эки бөлмөлүү баш калка үчүн орто эсеп менен 2000, ал эми "элиталыктары" үчүн 7 000 сомдун тегерегинде көтөрүлгөн.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар кыл типтеги бир, эки, үч бөлмөлүү, 104, 105, 106-сериядагы, "элиталыктардын", "өзүнчө" типтегилер менен мейманкана тибиндеги батирлердин орточо ижара акысын жана баалардын диапазонун көрсөттүк.

Ачык маалымат булактарынан алып карай келгенде, эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин февраль айындагы орточо баасы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 15 100 сом (10 500 - 21 000 сом);
  • 105-серия — 15 800 (12 000 - 21 000);
  • 106-серия —17 000 (13 500 - 29 600);
  • өзүнчө типтеги батирлер — 16 400 (10 000 30 200);
  • мейманкана тибиндегилер — 7500 (6000 - 10000).
  • "элиталыктары" — 20 400 (14 000 - 25 400);

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 18 600 сом (15 000 - 24 000);
  • 105-серия — 21 200 (14 000- 29 700);
  • 106-серия — 22 800 (15 000 - 29 600);
  • өзүнчө типтеги батирлер — 23 500 (15 000 - 42 400);
  • "элиталыктары" — 40 600 (20 000 - 84 800).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 23 900 сом (от 16 000 - 29 700);
  • 105-серия — 24 400 (18 000 - 35 000);
  • 106-серия — 25 500 (20 000 - 38 100);
  • өзүнчө типтеги батирлер — 28 600 (13 000 - 38 100);
  • "элиталыктары" — 58 700 (30 000 -127 000).
Белгилер:
эмерек, анализ, баа, батир, Кыргызстан
Тема боюнча
Ипотеканы мөөнөтүнөн эрте кайтаруу: артыкчылыгы, кыйынчылыгы жана кеңештер
Бишкектеги батирлердин 2021-жылдын январына карата баасы

Референдумга катышкан шайлоочулардын саны. Улам жаңыланган график

(жаңыланган 11:07 11.04.2021)
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен катар өтүп жаткан жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга катышкандар тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстандын жаңыланган материалынан окуңуз.

Бүгүн, 11-апрелде, Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өтүп жатат. Добуш берүүнүн жүрүшүнө Борбордук шайлоо комиссиясы көз салууда. Катышкан шайлоочулардын саны келип түшкөн маалыматтар боюнча жаңыланып турат.

Добуш берүү участкалары 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Өлкөдө референдум менен кошо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Референдумга тизмеге киргизилген шайлоочулардын 30 пайызы катышса, БШК жалпы элдик добуш берүүнү өттү деп эсептейт.

Кыргызстанда референдумда добуш берүү укугуна ээ болгондордун саны 3,6 миллиондон ашат. Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүүгө 55,6 миллион сом бөлүнгөн.

Конституциянын сунушталып жаткан долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин жетектейт, эки мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан сырткары, мыйзамдарды демилгелей алат жана башка ыйгарым укуктарга ээ. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары, депутаттардын саны кыскарат. Сунушталган баш мыйзамда эл өкүлдөрү азыркыдан 30га аз болот.

Долбоор кабыл алынып калса, өкмөттө министрлер кабинетин кайрадан түзүү боюнча олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Министрлер кабинетине президенттик администрациянын башчысы төрагалык кылат. Салыштыруу үчүн: учурда өкмөттү көптөгөн ыйгарым укукка ээ болгон премьер-министр жетектейт.

Долбоор элдик курултайды, ошондой эле "Кыргызстан элинин моралдык-этикалык баалуулуктарына, коомдун аң-сезимине каршы келген" иш-аракеттерди чектөөгө мүмкүндүк берген эрежени киргизүүнү камтыйт.

Мында сунуш кылынган өзгөрүүлөрдүн айрым гана бөлүктөрү айтылды. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун учурдагыдан айырмалары тууралуу төмөнкү материалдан окуңуз.

Белгилер:
конституция, өзгөрүү, референдум, добуш берүү
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү". Эрежеси
Партияны эмес, депутатты тандасын. ЖКда шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды
Шайлоо менен референдумду өткөрүүдөгү кемчиликтерге даттана аласыз. Телефондору

Айрымдары 500 долларга чейин кымбаттады. Унаа базарындагы азыркы абал

Апта сайын Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү автоунаалардын базар баасы тууралуу маалыматтарды чыгарат. Бул ирет 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын апрелине чейин седан кузовундагы автоунаалардын баасы канчалык өзгөргөнүн аныктап көрдүк.
Кыргызстанда декабрдан бери седандардын баасы кандай өзгөрдү
© Sputnik

Биз autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарындагы бааларды (баалар дээрлик бирдей) изилдедик. Окурмандарга ылайыктап ар бир маркадагы унаанын орточо баасы көрсөтүлдү.

Инфографикада чыгарылган жылы жаңы болгон унаалардын орточо наркы берилген.

Көп сатылган 10 унаага төмөнкүлөр киргизилди:

  • Toyota Camry XV50;
  • Daewoo Nexia;
  • E-класстагы Mercedes-Benz W211;
  • 5-сериядагы BMW E60;
  • Volkswagen Passat B5;
  • Honda Accord VII;
  • Hyundai Sonata VI;
  • Audi A6 II;
  • Toyota Corolla IX;
  • S-класстагы Mercedes-Benz W221.

Инфографикада айдоочулар арасында бааланган автоунаалардын орточо баасы көрсөтүлдү.

S-класстагы Mercedes-Benz W221, 5-сериядагы BMW E60 жана Audi A6 II башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк кымбаттаган. Орто эсеп менен ар биринин баасы 100-500 долларга көтөрүлдү.

Volkswagen Passat B5, Daewoo Nexia жана Toyota Corolla автоунаалары, тескерисинче, арзандады (100-600 долларга чейин).

Аналитиктер баанын секирик жасап жатышы тез арада сатуу муктаждыгы, ошондой эле автоунаанын абалына (жакшы же начар) байланыштуу экенин айтышат. Алардын наркы орточо бааны аныктоого таасир этет.

Белгилер:
баа, автоунаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаңы автоунаа сатып алууда айдоочулар беш нерсени эске алышы керек
Бензинди кантип үнөмдөө керектигин эксперт айтып берди
Аткаминерлер. Архив

Бишкек шаардык кеңешине 6 партия өттү. Алдын ала жыйынтык

(жаңыланган 20:48 11.04.2021)
Бишкек шаардык кеңешинен орун алуу үчүн 25 партия ат салышкан. АСУнун алдын ала жыйынтыгы боюнча, БШКга алты партия өттү. Бирок бул акыркы жыйынтык эмес.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Алдын ала жыйынтык боюнча Бишкек шаардык кеңешине алты партия өттү.

Автоматтык саноочу урналардын маалыматы боюнча төмөнкү партиялар алдыда кетип баратат.

  • "Эмгек" — 13,65 пайыз;
  • "Ак Бата" — 12,73;
  • НДПК — 10,42;
  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 9,97;
  • "Биздин эл" — 8,01;
  • "Ынтымак" — 7,40.

Партиялар жети пайыздык босогодон өтүшү керек. БШКнын сайтында азырынча АСУнун канча пайызы эсептелип бүткөнү тууралуу маалымат жок.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 25 партия катышкан.

Белгилер:
саясый партия, Бишкек, жыйынтык, шайлоо
Тема:
Жергиликтүү кеңештерди шайлоо