Сүмөлөк кантип жасалат Нооруздун майрамдык тамагы

13411
(жаңыланган 18:14 17.03.2021)
Сүмөлөк Ноорузда майрамдык дасторконго коюлуучу негизги тамак болуп эсептелет. Ал өндүрүлгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат.
Майрамдык сүмөлөктү даярдоо

Салтка ылайык, сүмөлөктү Нооруз алдындагы түнү бышырышат. Катуу оттун үстүндө казанга кайнатылуучу тамакты тынбай аралаштырып туруу керек. Буга бардык каалоочулар келип кол тийгизе алат. Жана сүмөлөктү аралаштырып жатып, ар бири өз каалоо-үмүтүнүн орундалышын тилейт. Казанды тегеректеген эл, бала-чака жөн гана турбастан, оюн-зоок, ыр-тамаша менен көңүл ачышат.

Сүмөлөк бышырылчу казандын түбүнө ырым кылып 41 таш салынат. Таштарды чоң суунун сайынан же, дагы бир ишенимдер боюнча, үч жолдун айрылышынан терип келишет. Таштардын практикалык да мааниси бар – алардын аркасы менен сүмөлөк казандын түбүнө күйүп жабышпай, бөлтөк болбой, текши бышат. 

Сүмөлөк коюланып отуруп, шокалад өңдүү күрөң түскө келгенде, казандын үстүн жакшы жаап, басаңдап калган оттун табына Нооруз таңы атканга чейин калтырып коюшат. Дагы бир ишенимге ылайык, сүмөлөктү эртең менен кашык менен эмес, чыпалактын учу менен илип ооз тийиш керек. Ошондо гана тилегиң орундалат деп айтышат. 

13411
Белгилер:
Сүмөлөк, Нооруз, Кыргызстан
Тема:
Нооруз-2021 (13)
Тема боюнча
Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы
Калпак - кыргыздын улуттук баш кийими
Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата даярдыктар башталды

Кыргызстандагы эл көп алган машиналар кымбаттадыбы? Унаа базарындагы абал

1146
(жаңыланган 21:02 15.05.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасында жакшы өтөт деген автоунаанын 15 түрүнүн баасы көрсөтүлдү.
Кыргызстандагы эң өтүмдүү машиналар кымбаттадыбы? Унаа базарындагы абал

Өткөн аптада төмөнкү машиналарга суроо-талап көп болду:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • Mercedes-Benz E-класс;
  • Daewoo Matiz;
  • BMW 5-серия;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus RX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Инфографикада жылы боюнча популярдуу болгон автоунаалардын баасы көрсөтүлдү. Мониторинг autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарынын маалыматтарынын негизинде жасалган. Ар бир машинанын баасы доллар менен берилди (Улуттук банктын 14-майга карата берген курсу 84,5 сом болчу).

Унаа базарындагы абал алгачкы анализге (2020-жылдын декабры) караганда кыйла өзгөргөнүн көрүүгө болот.

Көпчүлүк машиналардын баасы орточо 200-1200 долларга көтөрүлгөн. Тизмеге Honda Odyssey, Toyota RAV4, Hyundai Sonata, Lada 210, Lexus RX, E-классындагы Mercedes-Benz, Daewoo Matiz жана 5-сериядагы BMW кирди.

Анткен менен айрым автоунаалар арзандаган. Мисалы, 2017-жылы чыккан машиналардын баасы орточо 3000 долларга түшкөн. Ал эми 2013 жана 2014-жылы чыккан Toyota RAV4 200дөн 1200 долларга чейин арзандаганын көрүүгө болот.

1146
Белгилер:
базар, нарк, баа, машина
Тема боюнча
Кыргызстанда курулуш материалдар кымбаттап жатат. Баалар

Кыргызстандын ЮНЕСКО тизмесине кирген маданий мурастары

300
(жаңыланган 12:13 13.05.2021)
Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине материалдык жана материалдык эмес 10 баалуулук кирген. Алардын тизмесин, кыскача тарыхын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрө аласыздар.
Кыргызстандын маданий мурастары

ЮНЕСКО 1997-жылдан тарта жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат.

Эң алгач ЮНЕСКОнун тизмесине 2009-жылы "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплекси кирген. Андан кийин 2012-жылы ала кийиз менен шырдак маданий мурас деп таанылган. Кылымдарды карыта жашап, колдогу көр оокатты эмес көкүрөк-көөдөндөгү жан байлыкты туу туткан көчмөн кыргыз элинин бүтүндөй дүйнө таанымын, жашоо тиричилиги менен салт-санаасын чагылдырган "Манас", "Семетей, "Сейтек" эпикалык үчилтигин да ЮНЕСКОнун тизмесинен табууга болот. 2014-жылдын 27-ноябрында Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй даярдоо боюнча салттуу билим жана ыкмалар адамзаттын жалпы байлыгы катары бааланган. 2015-жылы кыргыз-казак элине орток айтыш өнөрү адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине кирген. Бурана мунарасы да материалдык мурастар тизмесинен орун алган. 2016-жылы ЮНЕСКОнун тизмесине 12 мамлекеттин атынан Нооруз майрамы менен буудай унунан жасалган калама кирген.

Ошондой эле ЮНЕСКОнун тизмесине 2017-жылы көк бөрү оюну киргизилген. Көк бөрү —  ат үстүндөгү эрендердин эр оюну. Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты тизмеге 2019-жылы, ал эми тогуз коргоол оюну 2020-жылы кирген.

300
Белгилер:
тарых, жай, маданий мурас, ЮНЕСКО
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО директорун КРдеги чокуга чыгууга чакырып, макулдугун алды
Мурдагы президент Курманбек Бакиев. Архив

Жапаров: Бакиев Кумтөр маселесин чечип коймок, бирок уулу бийликти тартып алды

0
(жаңыланган 15:27 17.05.2021)
Депутат азыркы мамлекеттик комиссия маселени парламентке чейин жеткирип, биргеликте иш алып барып жатканы менен айырмаланарын кошумчалады.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев кийлигишип койсо Кумтөр маселеси Кыргызстандын пайдасына чечилип калмак. Бул тууралуу "Кумтор Голд компани" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ушу тапта Жогорку Кеңеш Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын корутундусун угуп жатат.

"2009-жылы эгер Бакиев өзү дагы катышканда иштин аягына чыгармакпыз. Бирок, тилекке каршы, уулу бийликти тартып алып акырында бири-бири менен тил табыша албай калышты. 2003-жылы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып алдык, 2007-жылы Атамбаев премьер-министр болуп турган кезде маселени Жогорку Кеңешке чейин жеткирип, бирок парламент тарап кетти. 2012-жылы депутат Садыр Жапаров депутаттык комиссия түзгөн. Бирок ага ишеним көрсөтүлбөй мамлекеттик комиссия уюштурулган. Ал дагы жыйынтык берген жок", — деди Жапаров.

Депутат азыркы мамлекеттик комиссия маселени парламентке чейин жеткирип, биргеликте иш алып барып жатканы менен айырмаланарын кошумчалады.

Буга чейин Жапаров "Кумтор Голд компани" канча алтын казганын, кирешеси кандай болгонун, чет элдик компанияга эмне доомат коюлуп жатканын айтып берген.

0
Белгилер:
Курманбек Бакиев, Садыр Жапаров, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Сүйлөшсөк да, ажырашсак да болот. Кыргыз бийлиги "Кумтөргө" кандай шарт коюуда
Эл аралык соттордо Centerra Gold Inc. компаниясына кандай доомат коюлууда