Бишкектеги батирлердин март айына ижара баасы

Март айында Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы арзандады. Ал эми үч бөлмөлүү батирлер өткөн айларга салыштырмалуу кымбаттап кеткен.
Бишкектеги батирлердин март айына ижара баасы

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 558 жарнама каралды. Март айында дагы өткөндөгүдөй эле эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Бул айда “элиткаларды” эске албаганда эмереги бар бардык типтеги бир бөлмөлүү батирлердин орточо ижара акысы төмөндөдү. Ал эми “элитка” тибиндеги батирлердин ижарасы 2200 сомго кымбаттады.

Бул айда эмереги бар эки бөлмөлүү батир акысы түштү. Жеке типтеги эки бөлмөлүү батирлер 1200 сомго кымбаттаса, “элиткалар” ушул эле суммага арзандаган.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, “элитка”, жеке тип) орточо баасынын диапозонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына караганда, март айында Бишкектеги эмереги бар бил бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүчө болду:

  • 104-серия — 14 500 сом (11 000ден 20 000ге чейин);
  • 105-серия — 14 200 (7 000 — 20 000);
  • 106-серия — 16 000 (12 000 — 21 200);
  • Жеке типтеги батирлер — 13 000 (6 000 — 21 000);
  • "элиткалар" — 22 600 (14 000 — 33 900);
  • Мейманкана тибиндеги батирлер — 7000 (4000 — 10000).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 19 400 сом (12 000ден 28 000ге чейин);
  • 105-серия — 20 400 (15 000 — 25 400);
  • 106-серия — 20 700 (16 000 — 28 000);
  • Жеке типтеги батирлер — 24 700 (17 000 — 33 900);
  • "элиткалар" — 39 400 (18 000 — 127 200).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо ижара акысы:

  • 104-серия — 23 200 сом (18 000ден 35 600гө чейин);
  • 105-серия — 24 200 (20 000 — 33 900);
  • 106-серия — 30 000 (27 000 — 33 900);
  • Жеке типтеги батирлер — 30 300 (20 000ден 84 800гө чейин);
  • "элиткалар" — 59 400 (33 900 — 127 200).
Белгилер:
эмерек, батир, анализ, баа, Кыргызстан

Жаңы Конституциянын долбооруна аймактар кандай добуш берди. Карта

(жаңыланган 23:01 11.04.2021)
Жаңы Конституциянын долбооруна өлкө аймагындагылар кандай добуш бергенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин интерактивдүү картасынан көрө аласыздар.

Жергиликтүү кеңешке шайлоо менен катар 11-апрелде Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дагы өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн автоматтык саноочу урнасынын (АСУ) болжолдуу жыйынтыгын жарыялады. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн ар бир районунда добуш берүү кандай болгонун так көрсөтүү үчүн атайын карта даярдады.

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна "макул" же "каршы" деп добуш берүү укугуна өлкө боюнча 3,6 миллион адам ээ болгон. Белгилей кетсек, инфографикадагы көрсөткүчтөр референдумдун болжолдуу жыйынтыгы гана болуп саналат. Расмий жыйынтык кол менен санаган соң гана маалым болот.

Эске салсак, Конституциянын жаңы долбоору боюнча өлкөдө бийлик алмашкандан тарта сөз болуп келе жатат. Былтыркы жылдын ноябрь айында парламенттин сайтында мыйзам долбоору жарыяланган.

Документ коомчулукта резонанс жаратып, өлкөдө Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Конституциялык кеңешме мүчөлөрүнүн ой-пикирин эске алуу менен документти жарыялаган. Андан кийин эл өкүлдөрү референдум өткөрүүнүн датасын жактырышкан.

Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча кызыктуу, ыкчам жана кыска маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын Telegram каналынан окуй аласыздар.

Белгилер:
референдум, добуш берүү, долбоор, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Бишкекте участкадан тышкаркы алты тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты
БШК: шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери иштеп жатат
БШК канча шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш бергенин айтты

Референдумга катышкан шайлоочулардын саны. Улам жаңыланган график

(жаңыланган 11:07 11.04.2021)
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен катар өтүп жаткан жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга катышкандар тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстандын жаңыланган материалынан окуңуз.

Бүгүн, 11-апрелде, Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өтүп жатат. Добуш берүүнүн жүрүшүнө Борбордук шайлоо комиссиясы көз салууда. Катышкан шайлоочулардын саны келип түшкөн маалыматтар боюнча жаңыланып турат.

Добуш берүү участкалары 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Өлкөдө референдум менен кошо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Референдумга тизмеге киргизилген шайлоочулардын 30 пайызы катышса, БШК жалпы элдик добуш берүүнү өттү деп эсептейт.

Кыргызстанда референдумда добуш берүү укугуна ээ болгондордун саны 3,6 миллиондон ашат. Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүүгө 55,6 миллион сом бөлүнгөн.

Конституциянын сунушталып жаткан долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин жетектейт, эки мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан сырткары, мыйзамдарды демилгелей алат жана башка ыйгарым укуктарга ээ. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары, депутаттардын саны кыскарат. Сунушталган баш мыйзамда эл өкүлдөрү азыркыдан 30га аз болот.

Долбоор кабыл алынып калса, өкмөттө министрлер кабинетин кайрадан түзүү боюнча олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Министрлер кабинетине президенттик администрациянын башчысы төрагалык кылат. Салыштыруу үчүн: учурда өкмөттү көптөгөн ыйгарым укукка ээ болгон премьер-министр жетектейт.

Долбоор элдик курултайды, ошондой эле "Кыргызстан элинин моралдык-этикалык баалуулуктарына, коомдун аң-сезимине каршы келген" иш-аракеттерди чектөөгө мүмкүндүк берген эрежени киргизүүнү камтыйт.

Мында сунуш кылынган өзгөрүүлөрдүн айрым гана бөлүктөрү айтылды. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун учурдагыдан айырмалары тууралуу төмөнкү материалдан окуңуз.

Белгилер:
конституция, өзгөрүү, референдум, добуш берүү
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү". Эрежеси
Партияны эмес, депутатты тандасын. ЖКда шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды
Шайлоо менен референдумду өткөрүүдөгү кемчиликтерге даттана аласыз. Телефондору
Автоунаанын мамлекеттик номерлери. Архив

Кыргызстан жараксыз автоунаа номерлерин темир катары 12 млн. сомго сатты

(жаңыланган 16:30 14.04.2021)
2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Аны сатууга аукцион уюштурулду.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.

"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.

"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.

Белгилер:
алюминий, темир, мамлекеттик номер, аукцион, автоунаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандан темир-тезек экспорттоого тыюу салган токтом чыкты
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн