Жалпы мамишканаларда 18 миң 313 жумушчу иштейт. Алардын ичинен эң көп жумушчу орундары үч ишканада. "Кыргыз темир жолунда" 4 905, "Кыргызпочтасы" ишканасында 3 272 жана "Кыргызжылуулукэнергодо" 2 726 кызматкер эмгектенет. Кыргызстандагы көпчүлүк мамлекеттик ишканалар өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштеп, тапкан кирешесинин 50 пайыздан кем эмес бөлүгүн республикалык бюджетке тапшырат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке салык жана социалдык төлөмдөрүн которот.
Кол менен саноонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Бирок бул акыркы бүтүм болуп эсептелбейт.
Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум менен кошо жергиликтүү кеңешти шайлоо болуп өттү. Анда жалпысынан 3,6 миллион кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ болду.
Баш мыйзамдын долбоору боюнча президент күчтөнөт, аткаруу бийлигин жетектейт жана беш жылдан эки мөөнөткө шайлана алат. Премьер-министр "оюндан чыгат", анын ордуна ыйгарым укуктардын кыйла жупуну тизмеси менен өкмөт башчысы келет.ЖК депутаттарынын саны 120дан 90го кыскарат.
Мындан тышкары, жаңы долбоорго ылайык Элдик курултай түзүлөт. Аны чакыруу укугу президентке таандык, башкача айтканда, мамлекет башчынын демилгеси менен курултайга чогулушат.
Элдик курултай аймактык, кесиптик, коомдук-саясий, этномаданий, конфессиялык жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт. Алар курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчётторун угат. Мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча президентке сунуштарды киргизет.
Бул күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн азыраак гана бөлүгү. Биз негизги айырмачылыктарды бир макалага топтогонбуз.
Sputnik Кыргызстан төмөнкү инфографикада 65 депутаттын мандатын тапшырууга эмне себеп болгонун түшүндүрүп бермекчи.
2015-жылкы парламенттик шайлоодо алты партия утуп чыккан. Эң көп добуш алганы — 38, арты 11 мандатка ээ болгон.
КСДПнын 38 мандаты бар, бирок ушул кезге чейин партиянын 52 мүчөсү депутат болууга жетишти. Көпчүлүк партия тизмесинин №100 катарында турган талапкерге мандат жетпейт деп ойлошу мүмкүн. Бирок муну "Республика — Ата-Журттун" мүчөсү Айгерим Бешимбаева четке кагат. Себеби ал №103 болуп турганына карабай былтыр депутат болуп келген. Негизи бул партия 28 мандатка ээ, учурда 39 мүчөсү депутат болду.
Депутат болуу кезеги партия тизмесинин 100-катарына тургандарга чейин жетип калышы мүчөлөрүнүн саясий уюмдан чыгып кеткенине байланыштуу. Кызыгы, "Республика — Ата Журт", "Кыргызстан" партияларынан талапкерлигин койгондор шайлоодон кийин эле ыргыган.
2015-жылдан бери 11 депутатка кылмыш иши козголгон. Кээ бирлериники сотко жетпей бүтсө, айрымдары кайра акталган. Ал эми беш депутат соттолуп кетти.
Октябрдагы башаламандыкта шайлангандарды кошкондо учурдагы спикер VI чакырылыштын алтынчы төрагасы. Ал эми сегиз депутат вице-спикер болууга жетишти. Башкача айтканда ар бир фракциядан бирден, "Кыргызстан" менен КСДПдан эки жолудан шайланган.
Алты жылга жетпеген убакытта алты киши депутаттыктан кетип вице-премьер кызматына дайындалды. "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата Мекен" эле вице-времьер чыгара алган эмес.
Депутаттыктан өкмөттүн мүчөлүгүнө же мамлекеттик ишканалардын жетекчилигине кеткендердин саны 20га жетет. Буга мисал катары башкы прокурор Курманкул Зулушевди, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди, Мамлекеттик мүлк фондунун директору Мирлан Бакировду, президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси Искендер Гайпкуловду, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты айтууга болот.Кээ бирлери партиянын ич ара чыр-чатагынан улам же өз ыктыяры менен мандатын тапшырып берген.
Төрт депутат көз жумган. Алар: Алмазбек Акматов, Чыныбай Турсунбеков, Жыргалбек Калмаматов, Улан Чолпонбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты болууга кызыккандар эмнеге арбын? Муну ар тараптан караса болот. Алардын бири төмөндөгүдөй кепилдиктер болушу мүмкүн:
Социалдык пакеттер:
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.