Быйыл Орозо (Рамазан) айы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, 13-апрелде башталат.
Орозо тутуу ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт.
Ошондой эле кошумча ибадаттарды аткарып, кайрымдуулук иштерин жасаганга далалат кылат.
Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Орозо айында Кыргызстандын бардык облустары боюнча ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын Sputnik инфографикасынан көрүңүздөр.
Эскертүү: этияттык үчүн багымдат намазынын азанына 10 мүнөт калганга чейин ооз жабуу керек.
Жергиликтүү кеңешке шайлоо менен катар 11-апрелде Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дагы өттү.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн автоматтык саноочу урнасынын (АСУ) болжолдуу жыйынтыгын жарыялады. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн ар бир районунда добуш берүү кандай болгонун так көрсөтүү үчүн атайын карта даярдады.
Баш мыйзамдын жаңы долбооруна "макул" же "каршы" деп добуш берүү укугуна өлкө боюнча 3,6 миллион адам ээ болгон. Белгилей кетсек, инфографикадагы көрсөткүчтөр референдумдун болжолдуу жыйынтыгы гана болуп саналат. Расмий жыйынтык кол менен санаган соң гана маалым болот.Эске салсак, Конституциянын жаңы долбоору боюнча өлкөдө бийлик алмашкандан тарта сөз болуп келе жатат. Былтыркы жылдын ноябрь айында парламенттин сайтында мыйзам долбоору жарыяланган.
Документ коомчулукта резонанс жаратып, өлкөдө Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Конституциялык кеңешме мүчөлөрүнүн ой-пикирин эске алуу менен документти жарыялаган. Андан кийин эл өкүлдөрү референдум өткөрүүнүн датасын жактырышкан.
Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча кызыктуу, ыкчам жана кыска маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын Telegram каналынан окуй аласыздар.
Бүгүн, 11-апрелде, Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өтүп жатат. Добуш берүүнүн жүрүшүнө Борбордук шайлоо комиссиясы көз салууда. Катышкан шайлоочулардын саны келип түшкөн маалыматтар боюнча жаңыланып турат.
Добуш берүү участкалары 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Өлкөдө референдум менен кошо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Референдумга тизмеге киргизилген шайлоочулардын 30 пайызы катышса, БШК жалпы элдик добуш берүүнү өттү деп эсептейт.
Кыргызстанда референдумда добуш берүү укугуна ээ болгондордун саны 3,6 миллиондон ашат. Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүүгө 55,6 миллион сом бөлүнгөн.
Конституциянын сунушталып жаткан долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин жетектейт, эки мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан сырткары, мыйзамдарды демилгелей алат жана башка ыйгарым укуктарга ээ. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары, депутаттардын саны кыскарат. Сунушталган баш мыйзамда эл өкүлдөрү азыркыдан 30га аз болот.Долбоор кабыл алынып калса, өкмөттө министрлер кабинетин кайрадан түзүү боюнча олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Министрлер кабинетине президенттик администрациянын башчысы төрагалык кылат. Салыштыруу үчүн: учурда өкмөттү көптөгөн ыйгарым укукка ээ болгон премьер-министр жетектейт.
Долбоор элдик курултайды, ошондой эле "Кыргызстан элинин моралдык-этикалык баалуулуктарына, коомдун аң-сезимине каршы келген" иш-аракеттерди чектөөгө мүмкүндүк берген эрежени киргизүүнү камтыйт.
Мында сунуш кылынган өзгөрүүлөрдүн айрым гана бөлүктөрү айтылды. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун учурдагыдан айырмалары тууралуу төмөнкү материалдан окуңуз.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама өлкө башчылардын арасына аялдар көбүрөөк кошулса дүйнө жүзү коопсуз болот деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Окумуштуулардын айтымында, аялдар табиятынан мээримдүү келет. Ааламда тынчтык болушу үчүн аялдар коомдо активдүү ролду ойноп, боорукерликти жайылтуу иши боюнча милдеттерди алышы керек. Дүйнөдө аял-жетекчилер бар. Алардын саны мындан да көп болсо дүйнө жүзү коопсуз болмок", — деген Далай-лама.
Ал жетекчилик кызматты эркектер аркалап, аялдар алардын көлөкөсүндө калган түшүнүк эскиргенин, мындай ойду өзгөртүү керектигин айткан. Бул үчүн аялдарга билимин тереңдетүүгө кеңеш берген.
Мындан тышкары, ал бир нече жыл мурун "эгерде Далай-лама институту улана берсе, келечекте Далай-лама аял болуп төрөлүшү мүмкүн" деп айткандыгын эске салды.