Конституция боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо

1191
(жаңыланган 17:35 15.04.2021)
Добуштарды кол менен саноонун натыйжасында чыккан референдумдун алдын ала жыйынтыгын Sputnik агенттигинин улам жаңыланып турган инфографикасынан көрүүгө болот.

Кол менен саноонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Бирок бул акыркы бүтүм болуп эсептелбейт.

Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум менен кошо жергиликтүү кеңешти шайлоо болуп өттү. Анда жалпысынан 3,6 миллион кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ болду.

Баш мыйзамдын долбоору боюнча президент күчтөнөт, аткаруу бийлигин жетектейт жана беш жылдан эки мөөнөткө шайлана алат. Премьер-министр "оюндан чыгат", анын ордуна ыйгарым укуктардын кыйла жупуну тизмеси менен өкмөт башчысы келет.

ЖК депутаттарынын саны 120дан 90го кыскарат.

Мындан тышкары, жаңы долбоорго ылайык Элдик курултай түзүлөт. Аны чакыруу укугу президентке таандык, башкача айтканда, мамлекет башчынын демилгеси менен курултайга чогулушат.

Элдик курултай аймактык, кесиптик, коомдук-саясий, этномаданий, конфессиялык жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт. Алар курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчётторун угат. Мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча президентке сунуштарды киргизет.

Бул күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн азыраак гана бөлүгү. Биз негизги айырмачылыктарды бир макалага топтогонбуз.

1191
Белгилер:
жыйынтык, конституция, референдум, Кыргызстан
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (190)
Тема боюнча
Бишкекте участкадан тышкаркы алты тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты
БШК: шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери иштеп жатат
БШК канча шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш бергенин айтты

Кыргызстандын ЮНЕСКО тизмесине кирген маданий мурастары

223
(жаңыланган 12:13 13.05.2021)
Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине материалдык жана материалдык эмес 10 баалуулук кирген. Алардын тизмесин, кыскача тарыхын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрө аласыздар.
Кыргызстандын маданий мурастары

ЮНЕСКО 1997-жылдан тарта жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат.

Эң алгач ЮНЕСКОнун тизмесине 2009-жылы "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплекси кирген. Андан кийин 2012-жылы ала кийиз менен шырдак маданий мурас деп таанылган. Кылымдарды карыта жашап, колдогу көр оокатты эмес көкүрөк-көөдөндөгү жан байлыкты туу туткан көчмөн кыргыз элинин бүтүндөй дүйнө таанымын, жашоо тиричилиги менен салт-санаасын чагылдырган "Манас", "Семетей, "Сейтек" эпикалык үчилтигин да ЮНЕСКОнун тизмесинен табууга болот. 2014-жылдын 27-ноябрында Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй даярдоо боюнча салттуу билим жана ыкмалар адамзаттын жалпы байлыгы катары бааланган. 2015-жылы кыргыз-казак элине орток айтыш өнөрү адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине кирген. Бурана мунарасы да материалдык мурастар тизмесинен орун алган. 2016-жылы ЮНЕСКОнун тизмесине 12 мамлекеттин атынан Нооруз майрамы менен буудай унунан жасалган калама кирген.

Ошондой эле ЮНЕСКОнун тизмесине 2017-жылы көк бөрү оюну киргизилген. Көк бөрү —  ат үстүндөгү эрендердин эр оюну. Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты тизмеге 2019-жылы, ал эми тогуз коргоол оюну 2020-жылы кирген.

223
Белгилер:
тарых, жай, маданий мурас, ЮНЕСКО
Тема боюнча
Жапаров ЮНЕСКО директорун КРдеги чокуга чыгууга чакырып, макулдугун алды

Өлүмгө кептеген табигый кырсык. Жер көчкүгө эмне себеп?

1495
Жер көчкү алдында калган маркумдардын санына карасак, бул Кыргызстандагы бардык табигый кырсыктардан алдыда турат. Жер көчкүдөн кутулуу дээрлик мүмкүн эмес. Бул жаратылыш апааты кандайча болоруна кызыктык.

Sputnik Кыргызстандын кабарчылары өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматтары менен таанышып, жер көчкүнүн себептерин билип көрүштү. Ошондой эле аталган министрликтин Өзгөчө кырдаалдарга көз салуу жана божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев да маалыматтары менен бөлүштү.

Эксперттин айтымында, көчкү жүргөн аймакта аман калуу дээрлик мүмкүн эмес, себеби жүздөгөн тонна топурак секундасына бир нече метрлик ылдамдык менен жылып отурат. Алдынан чыккан имараттарды талкалап, адамдар коопсуз аралыкка качып үлгүрө албай калышат.

Набыт болгондордун сөөгүн издөөгө бир нече күн кетет, бирок көп учурда табылбай да калат. Соңку төрт жылда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 73 ири көчкүнү каттаган. Ошол кырсыктарда 34 киши каза тапкан. Бул багыттагы өтө кооптуу аймактар — Ош жана Жалал-Абад облустары.

Эмнеге мындай болуп жатканын түшүнүү үчүн жер көчкү эмнеден улам болорун тактап алуу абзел. Көктөмдө күн тийгенде мөңгүлөр активдүү эрий баштайт, жер алдындагы суу көп топтоло баштайт. Топурактын нымдуулугуна жамгыр да таасир этет.

Кыргызстандын түштүк облустарынын көйгөйү – бул жактагы тоолор көбүрөөк борпоң сары топурактан турарында. Борпоң топурактын курамында чопо, кум жана ылай бар.

Борпоң сары топурак нымды тартып алып, аны көпкө сактаганы менен кооптуу. Нымдуулугу акыркы чегине жеткенде жардын боорундагы бөлүгү өз салмагынын оордугунан кулап түшөт.

4 миңдин тегерегиндеги үй-бүлө кооптуу аймактарда күн кечирет, алар мамлекеттин көзөмөлүндө. Болочокто 46 көйгөйлүү тилкени, атап айтканда, Жалал-Абад облусунда – 22 жана Ош облусундагы 24 участокту коопсуз кылуу пландалууда.

Топурак казылып, жер алдындагы суулар кургатылат. Ошентип 990 турак үй, 11 мектеп, үч мекеме коопсуз сакталат. Буларды ишке ашырууга чет элдик донорлор 39 миллион доллар бөлүүнү убада кылышкан.

1495
Белгилер:
кооптуулук, донор, Баткен, Ош, Жалал-Абад, табигый кырсык, Жер көчкү
Тема боюнча
Дүйнө элин азапка салып... 2020-жылдын жан кейиткен табигый кырсыктары
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

90
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

90
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр