Кыргызстанда майды аз ичкен автолордун кээси арзандады. Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү автоунаа базарына көз салып, эң үнөмдүү автокөлүктөрдүн орточо баасы канчалык өзгөргөндүгүнө кызыгып көрдү.

Инфографикада эл арасында кеңири колдонулган автокөлүктөрдүн жылы, баалары көрсөтүлдү. Атайын мониторинг 2021-жылдын январь айынан апрелге чейин жүргүзүлүп, маалымат булактары катары autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg сайттарындагы жарнамалар анализденди.

Эң көп сатылган алдыңкы он автоунаага төмөндөгүлөр кирди:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota Ist;
  • Hyundai Getz;
  • Volkswagen Golf;
  • Mazda Demio;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Булардын арасынан Chevrolet Spark, Volkswagen Golf, Hyundai Getz унаалары өзгөчө кымбаттады. 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу баалардын үстүнө 100дөн 800 долларга чейин кошулду. Toyota Ist, Lada 2107 жана Mazda Demio унаалары, тескерисинче, арзандады. Азыр аларды 100-600 долларга төмөнүрөөк сатып алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0