Бишкекте батирлердин ижарасы арзандады. Апрелдеги баа боюнча инфографика

619
(жаңыланган 17:07 26.04.2021)
Апрель айында Бишкекте эки бөлмөлүү батирлердин ижара акысы арзандады. Анткен менен үч бөлмөлүүлөр өткөн айга салыштырмалуу бир аз кымбатыраак болот.
Бишкектеги батирлердин апрель айына  ижара баасы

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ай сайын Бишкектеги батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат.

Бул материалды даярдоо үчүн 499 жарыя каралды. Апрелде өткөн айдагыдай эле эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерге баам салдык.

Бул айда бардык сериядагы эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин орточо ижара акысы салыштырмалуу төмөндөдү. Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирдин ижарасы 1 700 сомго өстү.

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин ижарасы дагы арзандады. 105-сериядагы жана жеке типтеги эки бөлмөлүү батирлер 1 900 сомго арзаныраак болду.

Баарынан да үч бөлмөлүү "элиткалардын" ижара акысы төмөндөдү. Апрель айында мындай батирлер 6 200 сомго чейин арзандаган.

Окурмандарга ыңгайлуу болсун деп 104, 105, 106-сериядагы, "элиткалардын", жеке жана мейманкана тибиндеги батирлердин орточо ижара акысын көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына караганда, апрелде Бишкекте бир бөлмөлүү эмереги бар батирлердин ижара акысы төмөнкүчө болду:

  • 104-серия — 14 100 сом (10 000ден 18 000 чейин);
  • 105-серия — 13 350 (8 500 — 17 000);
  • 106-серия — 15 000 (12 000 — 20 000);
  • жеке типтеги батирлер — 14 700 (10 000 — 25 400);
  • "элиткалар" — 23 900 (15 000 — 42 400);
  • мейманкана тибиндеги батирлер — 7200 (6000 — 8500).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлер:

  • 104-серия — 19 700 сом (15 000ден 33 900гө чейин);
  • 105-серия — 18 500 (14 000 — 25 000);
  • 106-серия — 20 200 (16 000 — 29 700);
  • жеке типтеги батирлер — 22 800 (13 000 — 32 200);
  • "элиткалар" — 38 600 (17 000 — 84 800).

эмереги бар үч бөлмөлүү батирлер:

  • 104-серия — 21 400 сом (15 000 — 26 000);
  • 105-серия — 26 200 (18 000 — 42 400);
  • 106-серия — 30 300 (15 000 — 35 000);
  • жеке типтеги батирлер — 30 800 (19 000 — 59 300);
  • "элиткалар" — 53 200 (29 700 — 93 300).
619
Белгилер:
акы, ижара, баа, батир, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин март айына ижара баасы
Кыргызстанда майды аз ичкен автолордун кээси арзандады. Инфографика

Эл арасында инфекциялык оорулар үч эсеге азайды. Статистика

54
Коронавирус пандемиясы элди бет кап тагынып, колду тез-тез жууп жана профилактикалык чараларды көрүүгө көндүрдү.
Инфекциялык жана паразит ооруларына чалдыгуу көрсөткүчү 2020-жылы кандай өзгөрдү

2020-жылы кыргызстандыктар башка инфекциялык ооруларга азыраак чалдыга баштадыбы? Бул суроого Sputnik Кыргызстандын журналисти Статистика боюнча улуттук комитеттен жооп алды.

Статкомдун маалыматына караганда, былтыр 100 миң кишиге эсептегенде сакоо (свинка — ред.) оорусунун азайганы байкалып, 2019-жылга карата 12 эсеге аз катталган.

Эске сала турган дагы бир тенденция ичеги-карын инфекцияларына байланыштуу, анын үч эсеге азайганы маалым болду. Тагыраагы, 100 миң адамга алганда 519,6дан 171 учурга түшкөн. Ушундай эле көрсөткүч менингитке байланышкан. Анын төмөндөшү 2,5 эседен да көбүрөөк болгон. Вирустук гепатит боюнча да ушул эле сандар чыкты.

Курч респиратордук инфекциялар (КРВИ) 2,2 пайызга түшсө, грипп 40 пайызга көбөйүп кеткен.

Салыштыруу үчүн алсак, 2019-жылы грипп менен ооругандар 100 миң адамга алганда 3,8 учур болсо, былтыр көрсөткүч 5,3 учурду түзгөн.

54
Белгилер:
статистика, грипп, инфекциялык оору, Кыргызстан
Тема боюнча
Лабораториялык борбордун жетекчиси: вирус барган сайын өзгөрүп жатат

Кыргызстандагы эл көп алган машиналар кымбаттадыбы? Унаа базарындагы абал

1235
(жаңыланган 21:02 15.05.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасында жакшы өтөт деген автоунаанын 15 түрүнүн баасы көрсөтүлдү.
Кыргызстандагы эң өтүмдүү машиналар кымбаттадыбы? Унаа базарындагы абал

Өткөн аптада төмөнкү машиналарга суроо-талап көп болду:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • Mercedes-Benz E-класс;
  • Daewoo Matiz;
  • BMW 5-серия;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus RX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Инфографикада жылы боюнча популярдуу болгон автоунаалардын баасы көрсөтүлдү. Мониторинг autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарынын маалыматтарынын негизинде жасалган. Ар бир машинанын баасы доллар менен берилди (Улуттук банктын 14-майга карата берген курсу 84,5 сом болчу).

Унаа базарындагы абал алгачкы анализге (2020-жылдын декабры) караганда кыйла өзгөргөнүн көрүүгө болот.

Көпчүлүк машиналардын баасы орточо 200-1200 долларга көтөрүлгөн. Тизмеге Honda Odyssey, Toyota RAV4, Hyundai Sonata, Lada 210, Lexus RX, E-классындагы Mercedes-Benz, Daewoo Matiz жана 5-сериядагы BMW кирди.

Анткен менен айрым автоунаалар арзандаган. Мисалы, 2017-жылы чыккан машиналардын баасы орточо 3000 долларга түшкөн. Ал эми 2013 жана 2014-жылы чыккан Toyota RAV4 200дөн 1200 долларга чейин арзандаганын көрүүгө болот.

1235
Белгилер:
базар, нарк, баа, машина
Тема боюнча
Кыргызстанда курулуш материалдар кымбаттап жатат. Баалар
Автоунаа кум борошосун учурунда. Архив

Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео

0
(жаңыланган 22:18 18.05.2021)
Метеорологдор мындай жаратылыш кубулушу региондо көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түндүк Казакстан облусунун бир катар райондорунда бүгүн чаңдуу бороон болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Социалдык тармактын колдонуучулары муну "Күн тутулуп жаткандай" деп сүрөттөп, айланада эч нерсе көрүнбөй калганын жазышкан.

Агенттикке Казгидрометтин облустук филиалы чаңдуу бороон аймакта көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталарын айткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Петропавловск Казахстан СКО (@sko_kz)

Ошондой эле метеорологдор Тайынша районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 33 метрге чейин жеткенин айтышкан. Жакынкы метеорологиялык станциялар дагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрден ашканын каттаган.

0
Белгилер:
видео, аба ырайы, чаң, бороон, Казакстан
Тема боюнча
Индонезиядагы катуу торнадо шаарды жабыркатты. Алай-дүлөйдүн видеосу