Кыргызстандын ЮНЕСКО тизмесине кирген маданий мурастары

Жазылуу
Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине материалдык жана материалдык эмес 10 баалуулук кирген. Алардын тизмесин, кыскача тарыхын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрө аласыздар.

ЮНЕСКО 1997-жылдан тарта жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат.

Ички туризм боюнча адис, Destination Jalal-Abad коомдук уюмунун Бишкектеги өкүлү Күлчоро Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Радио
Кадыралиев: маданиятыбызды өзүбүз өздөштүргөндө гана башкаларга кызыгуу жаратабыз
Эң алгач ЮНЕСКОнун тизмесине 2009-жылы "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплекси кирген. Андан кийин 2012-жылы ала кийиз менен шырдак маданий мурас деп таанылган. Кылымдарды карыта жашап, колдогу көр оокатты эмес көкүрөк-көөдөндөгү жан байлыкты туу туткан көчмөн кыргыз элинин бүтүндөй дүйнө таанымын, жашоо тиричилиги менен салт-санаасын чагылдырган "Манас", "Семетей, "Сейтек" эпикалык үчилтигин да ЮНЕСКОнун тизмесинен табууга болот. 2014-жылдын 27-ноябрында Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй даярдоо боюнча салттуу билим жана ыкмалар адамзаттын жалпы байлыгы катары бааланган. 2015-жылы кыргыз-казак элине орток айтыш өнөрү адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине кирген. Бурана мунарасы да материалдык мурастар тизмесинен орун алган. 2016-жылы ЮНЕСКОнун тизмесине 12 мамлекеттин атынан Нооруз майрамы менен буудай унунан жасалган калама кирген.

Ошондой эле ЮНЕСКОнун тизмесине 2017-жылы көк бөрү оюну киргизилген. Көк бөрү —  ат үстүндөгү эрендердин эр оюну. Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты тизмеге 2019-жылы, ал эми тогуз коргоол оюну 2020-жылы кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0