Кыргызстандагы эл көп алган машиналар кымбаттадыбы? Унаа базарындагы абал

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасында жакшы өтөт деген автоунаанын 15 түрүнүн баасы көрсөтүлдү.

Өткөн аптада төмөнкү машиналарга суроо-талап көп болду:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • Mercedes-Benz E-класс;
  • Daewoo Matiz;
  • BMW 5-серия;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus RX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Инфографикада жылы боюнча популярдуу болгон автоунаалардын баасы көрсөтүлдү. Мониторинг autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарынын маалыматтарынын негизинде жасалган. Ар бир машинанын баасы доллар менен берилди (Улуттук банктын 14-майга карата берген курсу 84,5 сом болчу).

Унаа базарындагы абал алгачкы анализге (2020-жылдын декабры) караганда кыйла өзгөргөнүн көрүүгө болот.

Май куюучу жайдын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Бишкектин айрым май куюу жайларында бензин кымбаттады
Көпчүлүк машиналардын баасы орточо 200-1200 долларга көтөрүлгөн. Тизмеге Honda Odyssey, Toyota RAV4, Hyundai Sonata, Lada 210, Lexus RX, E-классындагы Mercedes-Benz, Daewoo Matiz жана 5-сериядагы BMW кирди.

Анткен менен айрым автоунаалар арзандаган. Мисалы, 2017-жылы чыккан машиналардын баасы орточо 3000 долларга түшкөн. Ал эми 2013 жана 2014-жылы чыккан Toyota RAV4 200дөн 1200 долларга чейин арзандаганын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0