Бишкектеги батирлердин май айына карата ижара акысы. Инфографика

Жазылуу
Май айында Бишкектеги үч бөлмөлүү батирлердин ижара акысы арзандады. Анткен менен бир бөлмөлүү батирлердин ижарасы өткөн айга салыштырмалуу бир аз кымбаттады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 512 жарнама каралды. Май айында дагы өткөндөгүдөй эле эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Бул айда эмереги бар дээрлик бардык типтеги бир бөлмөлүү батирлердин ижарасы кымбаттады. Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирлердин акысы 1000 сомго өстү.

Эки бөлмөлүү эмереги бар батирлердин ижара акысы ар кайсы райондо ар башка өзгөрдү. Эки бөлмөлүү "элитка" үчүн ижара баасы орто эсеп боюнча 1 700 сомго төмөндөдү. Ал эми жеке типтеги батирлер 1 100 сомго кымбаттады.

Өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы 21.05.21 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жолтандабастар менен кроссоверлер арзандай баштады. Баага сереп

Баарынан да 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөндөдү. Мындай батирлердин орточо акысы 3 300 сомго арзандаган. 

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына караганда, май айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй:

  • 104-серия — 14 100 сом (10 000ден 19 000ге чейин);
  • 105-серия — 14 000 (10 000ден 20 000ге чейин);
  • 106-серия — 14 300 (12 000ден 20 000ге чейин);
  • "элитка" — 24 300 (15 000ден 37 800гө чейин);
  • Мейманкана тибиндеги батирлер — 7000 (6000ден 8000ге чейин).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 18 400 сом (15 000ден 25 000ге чейин);
  • 105-серия — 18 500 (15 000ден 25 000ге чейин);
  • 106-серия — 20 900 (13 000ден 33 900гө чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 23 900 (12 000ден 33 900гө чейин);
  • "элитка" — 38 900 (20 000ден 67 800гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо ижара акысы:

  • 104-серия — 21 100 сом (16 000ден 29 300гө чейин);
  • 105-серия — 24 500 (16 700ден 35 000ге чейин);
  • 106-серия — 27 000 (20 000ден 40 000ге чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 31 250 (23 000ден 50 900гө чейин);
  • "элитка" — 52 900 (25 000ден 110 200гө чейин).
Жаңылыктар түрмөгү
0