Кыргызстандын ири кендеринде канча алтын бар жана аларды ким иштетет. Тизме

605
(жаңыланган 18:41 02.06.2021)
Кыргызстанда Кумтөрдөн тышкары бир нече ири алтын кени бар. Аларда алтындын кору 100 тоннадан жогору болуп эсептелет.
Кыргызстандагы ири алтын кендери

25 жылдан бери коомчулукта эки анжы пикир жаратып, далай талаш-тартыштын чордону болуп келген Кумтөр кенин май айында кыргыз өкмөтү сырттан башкарууга алды.

Бул маселе парламентте талкууланып жатканда айрымдар "ырас болду" деп колдоого алса, "Кыргызстан аны башкара албай талап-тоноолор башталат" деген дагы пикирлер айтылды. Ал ортодо кээ бир депутаттар "экологияны, калктын саламаттыгын сактап калуу үчүн кенди таптакыр эле жаап салалы" деп чыгышты.

Кумтөр чуусу тыйылбаган жалгыз кен эмес. Кыргызстанда кандай гана кен ачылбасын, көпчүлүк учурда коррупциялык элементтер аныкталып же жергиликтүү эл анын иштешине караманча каршы чыгып келишет.

Sputnik редакциясы өлкөдөгү ири алтын кендерин тизмектеп, анда канча запас бар экенине жана кимдер иштетип жатканына кызыгып көрдү.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргызстандагы ири деп эсептелген 13 кендин тизмесин берди.

Ведомствонун сайтындагы маалыматка караганда, ушул тапта пайдалуу кен байлыктарды иштетүүгө жана чалгындоого 2,5 миңден ашык лицензия берилген. Анын ичинен 600дөн ашыгы алтын жана алтын аралашмасы бар баалуу металлдарга туура келет.

Картада ири алтын кендери көрсөтүлгөн. Айрымдарында бир гана алтын эмес, күмүш, жез, сурьма, цинк, фольфрам, коргошун сыяктуу металлдар бар. Мындагы 13 кендин тогузунда 2020-жылдын 1-январына карата маалыматтар берилген, бир гана Кумтөрдө 2021-жылга карата маалыматты көрүүгө болот. Ал эми үч кендеги запастар боюнча мамлекеттик баланста маалымат жок. Адистердин айтымында, мамлекеттик баланска алынган запас расмий түрдө өкмөт тараптан таанылып, ал жерде казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет дегенди түшүндүрөт.

Кайсы кенде канча алтын бар?

Кумтөр — алтындын запасы боюнча дүйнөдөгү ири алтын кендердин бири. Бул кенди канадалык компания 1995-жылы казып баштаган. Ушул кезге чейин Centerra Gold Inc. жалпысынан 11,5 миллиард доллар пайда көргөн, ал эми Кыргызстан болгону 1,5 млрд доллар алган. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, мамлекеттик баланста 2021-жылдын башында бул кенде 71,9 тонна алтын калганы катталган. Ал эми "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия андагы уулуу калдык менен кошо 106 тонна алтын жатканын айтууда.

Ошол эле учурда ишкананы учурда сырттан башкарып жаткан Теңиз Бөлтүрүк кенден жер алды менен казган учурда дагы 300 тоннадан ашык алтын алса болорун божомолдоп жатат.

Андан кийин эле Жер-Үй, Ничке-Суу, Чаарат кендери турат. Буларда алтындын запасы 100 тоннадан жогору.

35 тоннадан 68 тоннага чейин кору бар кендердин катарын Талды-Булак Сол жээк, Үңкүр-Таш — Кара-Төбө, Куру-Тегерек жана Терек кендери толуктайт.

Бозумчак, Апрель, Токтозан, Савоярды, Куран-Жайлоо кендеринин запасы 15 тоннадан төмөн болуп эсептелет.

Кендерди кимдер иштетет?

Кумтөрдүн 100 пайыз акциясы Centerra Gold Inc. компаниясында. Андагы Кыргызстандын үлүшү 26 пайызды түзөт.

Жер-Үй кенин иштетүү лицензиясы "Альянс Алтын" компаниясынын колунда. Аны россиялык "Восток-геолдобыча" ААКсы негиздеген.

Ничке-Суу кенин чалгындоо иштерине лицензия алган "Кай Интерпрайз Плюс" ЖЧКсы Британиянын Виргин аралдарында катталган Sun Avenue Partners Corp ишканасына таандык.

Чаарат кенин иштеткен "Чаарат Заав" ишканасын Британиянын Виргин аралдарында катталган "ЗААВ Холдингс Лимитед" мекемеси негиздеген.

Талды-Булак Сол жээк кенин иштетүү үчүн лицензияга "Алтын кен" ишканасы ээлик кылат. Анын негиздөөчүлөрү кытайлык Superb Pacific Limited компаниясы (60 пайыз) менен "Кыргыз алтын" ААКсы (40 пайыз).

Үңкүр-Таш — Кара-Төбө кени — "Хайленд Эксплорейшн" ишканасына Жерси аралында каттоодон өткөн "Хайленд Голд Майнинг Лимитед" компаниясы ээлик кылат.

Куру-Тегерек кенинин лицензиясына ээлик кылган "Кичи Чаарат" ишканасы 100 пайыз акциясы Кыргызстанда каттоодон өткөн "Тун-Лин" компаниясына тиешелүү.

Терек кенин иштеткен "Эти Бакыр Терексай" ишканасынын 75 пайыз акциясы түркиялык "Эти Бакыр" АКсына, 25 пайызы "Кыргыз алтын" ААКсына таандык.

Бозумчак кенин иштеткен "KАЗ Минералз Бозымчак" ЖЧКсын Нидерландда каттоодон өткөн "Китко.Би.Ви." компаниясы негиздеген.

Апрель кенинде чалгындоо иштерине лицензия "Апрельское ЭйЗетАй" компаниясына берилген. Аны "Алмазинтех" ЖАКсы негиздеген.

Токтозан кенин иштетүүгө лицензия "Ориел Голд" ЖЧКсына берилген. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, дал ушундай аталыштагы компаниянын негиздөөчүлөрү болуп "Горно-Промышленная Компания Чжоуцзи во внутренней Монголии" ЖЧКсы менен "Тоурнон Файнэнс Лимитед" эл аралык бизнес-компаниясы эсептелет.

Савоярды кенин чалгындоо боюнча лицензия "Савоярды" ЖАКсынын колунда. Ага "Горнодобывающая компания Цзиньхань" ЖЧКсы ээлик кылат.

Куран-Жайлоонун лицензиясынын ээси "ТК Гео Ресурс" ЖАКсынын негиздөөчүлөрү тууралуу ачык маалыматтар табылган жок.

605
Белгилер:
лицензия, кен, алтын, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (90)
Тема боюнча
Мамлекеттик маанидеги кендерди улуттук компаниялар гана иштетет. Жаңы жарлык

Кышында жарыксыз калбайбызбы? Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы

561
(жаңыланган 17:33 23.06.2021)
Алдыдагы кышта Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы болору күтүлүп жатат. Sputnik өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынан кабардар кылуу максатында учурда иштеп, курулуп жана келечекте пландалып жаткан ГЭСтерди картадан көрсөтүп берди.
Кыргызстандагы ГЭСтер

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жети ири ГЭС иштеп жатат. Алар: Токтогул (1200 МВт), Күрп-Сай (800 МВт), Таш-Көмүр (450 МВт), Шамалды-Сай (240 МВт), Үч-Коргон (180 МВт), Ат-Башы (40 МВт) жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты (120 МВт). Бардыгы кошулуп ушул тапта 3 030 МВт электр энергиясын берет.

Булардан тышкары, "Чакан ГЭС" ААКсына караштуу жалпы кубаттуулугу 38,5 мегаваттка барабар тогуз кичи ГЭС бар.

Ошол эле учурда эки ГЭСтин курулушу токтоп турат. Булар Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты.

Республика боюнча дагы тогуз ири гидроэлектр станциясын куруу пландалууда. Бирок каржы тартыштыгынан улам долбоорлор кагаз бетинде гана калып келет. Алардын бардыгы курула турган болсо өлкө 8 447,9 МВт электр энергиясын ала алат. Бул көрсөткүч азыркыга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көп.

Мындан тышкары, энергетиктер азыр иштеп жаткан суу сактагычтарга алты чакан ГЭС курууну көздөйт. Бул долбоорлор ишке ашса кошумча 94,5 МВт энергия алсак болот.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, буга чейинки жылдарда Кыргызстандагы ГЭСтер орто эсеп менен 15 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыкчу. Ушул эле көлөмдөгү (14-15 миллиард кВт саат) энергияны калк жыл ичинде сарптайт.

Эске салсак, Кыргызстанда кургакчылыктын кесепетинен Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөн. Мындан улам алдыдагы кышта электр энергиясы тартыш болот деп боолголонуп жатат.

561
Белгилер:
суу, курулуш, Кыргызстан, энергетика, ГЭС
Тема боюнча
Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек

Кыргызстанда популярдуу автоунаалардын баасы кандай өзгөрдү? Инфографика

2277
(жаңыланган 14:26 21.06.2021)
Жума сайын Sputnik Кыргызстан унаалардын базардагы баасы менен тааныштырып келет. Бул жолу белгилүү жолтандабастар менен кроссоверлерге болгон баа 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын июнуна чейин кандай өзгөргөнүн билип көрдүк.
Өлкөдөгү кроссовер менен жол  тандабастардын учурдагы баасы

Көп сатылган автоунаалардын катарына төмөнкү үлгүлөр кирди:

  • Lexus GX 470;
  • Honda CR-V;
  • Toyota RAV4;
  • Lexus RX 350;
  • Volkswagen Touareg;
  • Subaru Forester;
  • Toyota Landcruiser;
  • Kia Sportage;
  • Hyundai Santa Fe.

Тизмедеги унаалардын көпчүлүгү (Lexus GX 470, Toyota RAV4, Lexus RX 350, Honda CR-V и Toyota Landcruiser) орто эсеп менен алганда 200-1100 долларга кымбаттады.

Ал эми Volkswagen Touareg, Subaru Forester үлгүсүндөгүлөр болсо, тескерисинче, 200-400 долларга арзандады.

2277
Белгилер:
баа, инфографика, кымбат, автоунаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандагы электр тарифи жана маяна. Башка өлкөлөр менен салыштыруу
Аттестаты особого образца Алтын тамга для выпускникам школ. 25 июня 2021 года

Бишкектик 99 бүтүрүүчү жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестатын алды.