Кыргызстанда майды аз ичкен унаалардын баасы кандай өзгөрдү? Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан автоунаалардын базардагы баасына анализ жасап, майды аз ичкен машиналардын орточо баасы кандай өзгөргөнүн билип көрдү. Инфографикада эң көп сатылган автоунаалар көрсөтүлдү.

Мониторинг 2021-жылдын январь жана июнь айларында autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (сандар дээрлик өзгөргөн эмес) сайттарындагы маалыматтардын негизинде жасалды.

Эң көп сатылган алдыңкы 10 автоунаанын катарына төмөнкүлөр кирди: Daewoo Matiz; Honda Fit; Lada 2107; Toyota IST; Hyundai Getz; Volkswagen Golf; Mazda Demio; Chevrolet Spark; Honda Civic; Toyota Prius. Баарынан да Honda Fit, Volkswagen Golf, Hyundai Getz унаалары кымбаттаган. Январь айына салыштырмалуу 50-600 долларга өскөн. Ал эми Mazda Demio, Honda Civic, Chevrolet Spark жана Toyota Prius тескерисинче, арзандаган. Орто эсеп менен алганда 100-500 долларга түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0