Бишкектеги батирлердин июнь айына карата ижара акысы. Инфографика

Жазылуу
Июнь айында Бишкекте эки жана үч бөлмөлүү батирлерди ижарага берүү акысы арзандады. Ошол эле мезгилде бир бөлмөлүү батир өткөн айга салыштырмалуу бир топ кымбаттаган

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 595 жарнама каралды. Июнь айында деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Бул айда эмереги бар дээрлик бардык типтеги бир бөлмөлүү батирлердин ижарасы кымбаттаган. 106-сериядагы бир бөлмөлүү батирлердин акысы 600 сомго өстү.

Эки бөлмөлүү эмереги бар батирлердин ижара акысы, тескерисинче, бир аз арзандаган. Алсак, 104-жана 105-сериядагы эки бөлмөлүү батирлер мурдагыга салыштырмалуу 400 сомго арзан. Жеке типтеги эки бөлмөлүү батирлердин баасы орточо эсеп менен алганда 900 сомго түшкөн.

Үнөмдүү автоунаалардын баасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Кыргызстанда майды аз ичкен унаалардын баасы кандай өзгөрдү? Инфографика

Баарынан да жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлердин ижара акысы ылдыйлаган. Мындай батирлер июнда 3 150 сомго арзандагынын көрүүгө болот. Ал эми "элиткалар" орточо эсеп менен 3200 сомго кымбаттаган.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.



Ачык маалымат булактарына караганда, июнь айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй:


  • 104-серия — 14 200 сом (12 000ден 17 000ге чейин);
  • 105-серия — 14 300 (10 000ден 20 000ге чейин);
  • 106-серия — 14 900 (11 500дөн 22 000ге чейин);
  • жеке типтегилер — 15 300 (8000ден 25 400гө чейин);
  • "элитка" — 24 200 (14 000ден 33 900гө чейин);
  • Мейманкана тибиндеги батирлер — 7300 (6000ден 11 000ге чейин).



Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 18 000 сом (15 000ден 23 000ге чейин);
  • 105-серия — 18 100 (15 000ден 28 000ге чейин);
  • 106-серия — 20 800 (12 000ден 33 800гө чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 23 000 (15 000ден 42 300гө чейин);
  • "элитка" — 37 500 (20 000ден 59 300гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо ижара акысы:

  • 104-серия — 21 800 сом (15 000ден 29 600гө чейин);
  • 105-серия — 22 000 (16 000ден 30 000ге чейин);
  • 106-серия — 25 000 (20 000ден 33 700гө чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 28 100 (19 000ден 59 300гө чейин);
  • "элитка" — 56 900 (25 400дөн 110 000ге чейин).
Жаңылыктар түрмөгү
0