Кыргызстандагы эң криминалдашкан аймактар. Жаңыланган рейтинг

Жазылуу
Кылмыш көп катталган антирейтингде баш калаа Бишкек шаары лидер болду. Экинчи сапка Ош шаары жайгашты.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылдын январынан апрелге чейинки аралыкта 17,5 миң кылмыш катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 31 пайызга көбүрөөк болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Башкы прокуратуранын маалыматтарына таянып чыгарган билдирүүсүндө айтылат.

Антирейтинг боюнча Бишкек шаары лидер болду. 2021-жылдын алгачкы төрт айында борбордо 7,5 миң криминалдык окуя катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 17 пайызга көп. Башкача айтканда, ушул жылдын январь-апрель айларында ар бир бишкектикке жети кылмыш туура келген.

Кишендер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Төрт айдын ичинде Кыргызстанда 8 миң киши кылмышка барган
Экинчи сапка Ош шаары жайгашты. Ушул жылдын биринчи кварталында 1 141 кылмыш катталган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 54 пайызга көптүк кылат.

Ысык-Көл облусу алдыңкы үчтүккө кирди. Белгилеп кетүүчү жагдай, аталган аймакта ушул жылдын январь-апрель айларында катталган кылмыштар өткөн жылга салыштырганда 160 пайызга өскөн. Бул өлкө боюнча кескин өсүш болуп саналат.

Рейтингдин кийинки саптарында Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустары жайгашкан.

Жеке адамга (личность) карата кылмыштардын саны өткөн жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 23 пайызга өскөн. Адам өлтүрүү 21 пайызга, зордуктоо жана зордуктоого аракет кылган фактылар 17 пайызга, ал эми ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү 11 пайызга жогорулаган. Кызмат абалынан кыянат пайдаланган учурлар 21 пайызга көп катталса, мүлктү ээлеп алуу, ишенип берилген мүлктү жок кылуу боюнча кылмыштар 2,3 эсеге, паракорлук 14 пайызга өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0