Батир сатып алганы жатасызбы? Бишкектеги үйлөрдүн июндагы баасы

221
2021-жылдын июнь айында ичин сатып алган адам өзү жасап кире турган эки бөлмөлүү батирлер бир топ арзандады. Үч бөлмөлүү "өзүнчө типтегилер" башкаларга караганда кымбаттады.
Бишкекте сатылган батирлердин баасы июнь

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык маалымат булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп турат. Биз баалардын диапазонун жана түрдүү типтеги (104, 105 жана 106-серия, "хрущевка", индивидуалдуу) бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасын көрсөтүп беребиз. Мындан сырткары, ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги батирлердин баасын дагы биле аласыздар.

Бул материалды даярдоо үчүн 2 113 жарыяга көз жүгүртүп, анализдеп чыктык.

2021-жылдын июнь айында борбор калаадагы батирлердин орточо баасы бир аз төмөндөдү. Мисалы, бир бөлмөлүү "хрущевкалар" орто эсеп менен 2500 долларга арзандады. Жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлерге болгон баа башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк өстү.

Баарынан да ичин ээси жасап ала турган бир бөлмөлүү батирлердин орточо баасы арзандаган. Эки бөлмөлүү батирлерди орточо эсеп менен алганда 5500 долларга арзан сурашты. Ичин ээси жасап ала турган бир бөлмөлүү батирлер 3400гө арзандады.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, июнда бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы төмөнкүчө болду:

  • 104-серия — 30 400 доллар ( 26 000ден 35 500 миңге чейин);
  • 105-серия — 29 700 ( 20 500 — 36 500);
  • 106-серия — 31 900 ( 26 000 — 46 100);
  • "хрущевка" — 25 300 ( 16 500 — 29 200);
  • Индивидуалдуу типтегилери — 28 300 ( 15 000 — 44 000);
  • Ичин кожоюну өзү жасап ала тургандары — 30 600 (18 000 — 47 000).

Эки бөлмөлүү батирдин орточо баасы:

  • 104-серия — 36 700 доллар (28 500 — 49 500);
  • 105-серия — 40 000 ( 25 500 — 57 000);
  • 106-серия — 43 600 (32 000 — 61 500);
  • "хрущевка" — 31 800 ( 21 500 — 39 500);
  • Индивидуалдуу типтегилери — 39 100 ( 15 000 — 76 500);
  • Ичин кожоюну өзү жасап ала тургандары — 45 200 ( 24 000 — 103 000).

Үч бөлмөлүү батирдин орточо баасы:

  • 104-серия — 44 000 долларов (32 500 — 72 000);
  • 105-серия — 52 300 ( 33 500 — 82 000);
  • 106-серия — 56 500 ( 30 000 — 76 500);
  • "хрущевка" — 40 300 ( 29 500 — 47 000);
  • Индивидуалдуу типтегилери — 54 800 ( 22 500 — 110 000);
  • Ичин кожоюну өзү жасап ала тургандары — 76 700 (35 500 — 198 000).
221
Белгилер:
баалар, нарк, батир, Бишкек
Тема боюнча
Батир сатып алганы жатасызбы? Бишкектеги үйлөрдүн майдагы баасы

Кыргызстанда унаалар 1 000 долларга кымбаттады. Автобазардагы баалар

656
(жаңыланган 15:01 19.07.2021)
Апта сайын Sputnik Кыргызстан унаа базарларындагы машиналардын баасы тууралуу маалыматтарды жазып келет. Бул ирет 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын июль айына чейин коомчулукта кенен тараган седандардын баасы кандай өзгөргөндүгүн аныктап көрдүк.
Кыргызстанда декабрдан бери  седандардын баасы кандай өзгөрдү

Баалар autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (баалар дээрлик айырмаланбайт) ресурстарынан алынды. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар бир машинанын орточо наркы чыгарылды.

Эң көп сатуудагы автоунаалар:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • E-класстагы Mercedes-Benz;
  • 5-сериядагы BMW E60;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Hyundai Sonata;
  • Audi A6;
  • Toyota Corolla;
  • S-класстагы Mercedes-Benz.

Инфографикада жылы жаңы унаалардын орточо баасы көрсөтүлдү.

Көбүнесе Toyota Camry, Toyota Corolla, S-класстагы Mercedes-Benz, Hyundai Sonata, 5-сериядагы BMW E60 жана Audi A6 наркы өскөн. Алардын орточо баасы 200-1000 долларга кымбаттаган.

Ал эми 1997 жана 1998-жылдары чыгарылган Volkswagen Passat 100-300 долларга арзандаган. Ал эми андан эскирээгинин баасы, тескерисинче, жогорулаган. Ушундай эле көрүнүш Е-класстагы Mercedes-Benz унаасында байкалат. 2003 жана 2008-жылдары чыккан унаа 100-300 долларга арзандаган.

Тизмедеги башка үлгүдөгү автоунаалардын баалары өскөн.

656
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, баалар
Тема боюнча
Универсал жана минивэн автоунаалар канчадан сатылууда. Статистика

Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы кол менен саноо

315
(жаңыланган 16:55 12.07.2021)
Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун кол менен эсептегенден кийинки болжолдуу жыйынтыгын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрө аласыздар.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун кол менен эсептегенден кийинки алдын ала жыйынтыгын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия жарыялады. Белгилей кетчү нерсе, инфографикадагы бул көрсөткүчтөр шайлоонун акыркы жыйынтыгы болуп эсептелбейт.

Массалык мыйзам бузуулардан улам 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Ушундай эле себептерден улам Ош жана Токмок шаардык кеңештерине да шайлоо өтүп жатат.

Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык орун үчүн бюллетенде ирети менен жазылып, 18 партия ат салышууда. Алар: "Ата-Журт — Кыргызстан", "Биздин Кыргызстан", Мигранттардын, куруучулардын жана агрардык реформа борборунун "Жаңы мезгил" партиясы, "Эмгек", "Замандаш", “Күч биримдикте” социалдык-саясий партиясы, Кыргызстандагы жашылдар партиясы, "Ишеним", "Айкөл Кыргызстан", "Туран" демократиялык партиясы, "Социал-демократтар", "Реформа", "Келечек — Будущее", "Столица" демократиялык партиясы, "Өнүгүү — Прогресс", "Улуу-Журт", "Ынтымак", "Биздин эл".

Аймактык шайлоо комиссиясы акыркы жыйынтыкты 24-июлга чейин чыгарышы керек.

315
Белгилер:
депутат, шайлоо, БШК, Бишкек шаардык кеңеши, Бишкек
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Бишкектиктер кайсы участкалардан кандай партияга добуш беришти. Алдын ала карта
Индияда басылбаган жаандын кесепети

Индияда басылбаган жаан менен жер көчкүдөн 138 киши каза болду

0
Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп, каза болгондордун саны бери дегенде 138ге жетти. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Нөшөрлөгөн жамгыр токтобой, жер көчкү жүргөндүктөн 138 жергиликтүү жаран каза тапты. Мындан тышкары, 84 миң киши коопсуз жайларга көчүрүлдү", — деп жазылат кабарда.

Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Басылбаган жаандан улам электр энергиясы менен таза суу шаардыктарга берилбей калды.

0
Белгилер:
жаан, өлүм, жаратылыш, Индия
Тема боюнча
Таласта сел көпүрөнү алып кетип, элди жүктөгүч менен алып чыгышты. Видео