Бишкек шаардык кеңешин шайлоого эл кандай келип жатат. Жаңыланган график

Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн келгендердин активдүүлүгү туурасында Sputnik Кыргызстандын жаңыланган инфографикасынан көрө аласыз.

Бүгүн, 11-июлда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шайланып жатат. Добуш бергендер боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү борбордук комиссиясы кабарлап, түшкөн маалыматтарга жараша график жаңыланып турат.

Массалык мыйзам бузуулардан улам апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп эсептелген. Ушундай эле себептерден улам Ош жана Токмок шаардык кеңештеринде да шайлоо өтүп жатат.

Повторные выборы в Бишкекский горкенеш — 2021 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо-2021: маанилүү маалыматтар
Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык орун үчүн бюллетенде ирети менен жазылып, 18 партия ат салышууда. Алар: "Ата-Журт — Кыргызстан", "Биздин Кыргызстан", Мигранттардын, куруучулардын жана агрардык реформа борборунун "Жаңы мезгил" партиясы, "Эмгек", "Замандаш", “Күч биримдикте” социалдык-саясий партиясы, Кыргызстандагы жашылдар партиясы, "Ишеним", "Айкөл Кыргызстан", "Туран" демократиялык партиясы, "Социал-демократтар", "Реформа", "Келечек — Будущее", "Столица" демократиялык партиясы, "Өнүгүү — Прогресс", "Улуу-Журт", "Ынтымак", "Биздин эл".

Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болсо төмөнкү номерлерге чалса болот:

  • Ленин району — (0312) 65-69-03, (0702) 92-72-88;
  • Октябрь району — (0312) 57-89-00;
  • Биринчи май району — (0312) 88-74-31, (0702) 92-72-88;
  • Свердлов району — (0312) 43-38-63, (0706) 68-05-44;
  • Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы — (0312) 38-24-26;
  • Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия — 1255, (0312) 66-02-40;
  • Бишкек ШИИБдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 43-71-68, 43-71-75.

Ушул эле номерлердин WhatsApp мессенджерине мыйзам бузууларды сүрөткө же видеого тартып жөнөтсө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0