Бишкектиктер кайсы участкалардан кандай партияга добуш беришти. Алдын ала карта

Жазылуу
11-июлда Бишкек шаардык кеңешке кайрадан шайлоо өттү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, шаар тургундары кайсы участкалардан кандай партияларга добуш бергенин Sputnik Кыргызстандын картасынан көрүп-билсеңиз болот.

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо калаа тургундарынын добуштары шайлоо участкалары боюнча алдын ала кандайча бөлүштүрүлгөнүн билдирди. Картада көрсөтүлгөн маалыматтар добуштарды кол менен саноонун натыйжасына негизделген, бирок ал шайлоонун акыркы жыйынтыгы эмес.

Шаардык кеңештеги орундарга 18 партия ат салышты: "Ата-Журт — Кыргызстан", "Биздин Кыргызстан", мигранттар, курулушчулар жана агрардык реформа борборунун "Жаңы мезгил" партиясы, "Эмгек", "Замандаш", "Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы, Кыргызстан жашылдар партиясы, "Ишеним", "Айкөл Кыргызстан", "Туран" демократиялык партиясы, "Социал-демократтар", "Реформа", "Келечек — Будущее", "Столица" демократиялык партиясы, "Өнүгүү — Прогресс", "Улуу-Журт", "Ынтымак", "Биздин эл".

Шаардык кеңешке шайлоо кайрадан өттү. 11-апрелдеги шайлоо массалык мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ошондой эле себеп менен Ош жана Токмок шаардык кеңештерине да шайлоо болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0