Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн июлдагы баасы

Жазылуу
2021-жылдын июль айында Бишкек шаарында бардык типтеги үч бөлмөлүү батирлер арзандады. Бир бөлмөлүү “хрущевкалардын” орточо баасы башкаларга салыштырмалуу жогорулады.

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп турат. Биз баалардын диапазонун жана түрдүү типтеги (104, 105 жана 106-серия, "хрущевка", индивидуалдуу) бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасын көрсөтүп беребиз. Мындан сырткары, ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги батирлердин баасын дагы биле аласыздар.

Бул материалды даярдоо үчүн 1 467 жарыяга анализ жасалды.

КРде кайсы автоунаалар көп айдай качышат? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Кыргызстанда кайсы үлгүдөгү автоунаалар көп уурдалат?

2021-жылдын июль айында борбор калаада батирлердин баасы бир аз төмөндөдү. Мисалы, үч бөлмөлүү “хрущевкалар” орто эсеп менен 2 000 долларга арзандады. Баарынан да бир бөлмөлүү “хрущевкалар” кымбаттады. 

Ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги бир бөлмөлүү батирлердин орточо баасы сезилерлик төмөндөдү. 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин ээлери болсо 2 300 долларга азыраак сурап жатышты. Ичи бүтө элек үч бөлмөлүү батирлер орто эсеп менен алганда 2000 долларга арзандады. 

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, июлда бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы төмөнкүчө болду:

  • 104-серия — 30 000 доллар (24 500дөн 36 500гө чейин);
  • 105-серия — 28 800 (22 500дөн 39 500гө чейин);
  • 106-серия — 31 900 (25 000ден 38 000ге чейин);
  • "хрущевка" — 26 700 (23 700дөн 29 500гө чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 28 800 (15 000ден 50 000 гө чейин);
  • Ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 29 600 (18 800дөн 51 300гө чейин).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 36 600 доллар (30 500дөн 45 000ге чейин);
  • 105-серия — 40 500 (29 900дөн 53 500гө чейин);
  • 106-серия — 44 400 (29 500дөн 58 500гө чейин);
  • "хрущевкалар" — 32 400 (23 500дөн 47 000ге чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 38 400 (17 000ден 71 500гө чейин);
  • Ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 45 300 (20 800дөн 79 100гө чейин).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 43 800 доллар (28 800дөн 66 500гө чейин);
  • 105-серия — 50 600 (36 800дөн 76 000ге чейин);
  • 106-серия — 54 200 (30 000ден 75 000ге чейин);
  • "хрущевкалар" — 38 300 (31 500дөн 55 000гө чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 54 200 (20 000ден 112 000ге чейин);
  • Ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 74 700 (36 800дөн 127 000ге чейин).
Жаңылыктар түрмөгү
0