Кыргызстанда кайсы автоунаалар арзандады. Инфографика

Жазылуу
Sputnik агенттиги ар жума сайын унаа базарларындагы автокөлүктөрдүн наркы тууралуу маалыматтарды жарыялап келет. Бул ирет 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын август айына чейин популярдуу болгон универсалдар менен минивэндердин баасы кандай өзгөргөнүн аныктадык.

Баалар autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (баалар дээрлик айырмаланбайт) ресурстарынан алынды. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар бир машинанын орточо наркы чыгарылды.

Эң көп сатуудагы автоунаалар:

  • Honda Odyssey;
  • Subaru Outback;
  • Toyota Ipsum;
  • Honda Stepwgn;
  • Honda Stream;
  • Toyota Caldina;
  • Volkswagen Passat B5;
  • Mercedes W203 C-класса;
  • Audi A6;
  • Suzuki Liana.

Көбүнесе унаалар кымбаттаган. Өзгөчө Honda Odyssey жана Toyota Ipsum үлгүсүндөгү машиналардын баасы жогорулаган. Кышкы айларга салыштырмалуу 300-1000 долларга кымбат сатылган.

Ал эми Honda Stream, Audi A6 жана Honda Stepwgn ашып кетсе 500 долларга өскөн.

Suzuki Liana менен Subaru Outback орто эсеп боюнча 300-700 долларга арзандады.

Жаңылыктар түрмөгү
0