Эгемендүүлүктөн бери Бишкекти канча мэр кайсы маалда башкарган. Инфографика

202
(жаңыланган 12:28 24.08.2021)
Бишкек шаарынын жетекчилигинин улам-улам алмашып жатканына бир жылдай болуп калды. Борбор калаанын 1991-жылдан берки жетекчилери канча убакыт кызматта отурганын Sputnik агенттигинин инфографикасынан көрүңүздөр.
Бишкекке мэр болгондордун кызматтагы мөөнөтү

2021-жылдын 12-августунда Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кайра алмашып, кызматка Айбек Жунушалиев келди. Андан мурда Таалайбек Сарыбашов 10 эле күн иштеп, кызматын тапшырган. Кадрдык алмашуулар өткөн жылдын октябрь айынан бери токтобой жатат. Sputnik Кыргызстан 1991-жылдан бери шаарга кимдер мэр болгонун эстеп, кызматта канча отурганын салыштырды.

Мэрлердин кызматтагы мөөнөтү "милдетин аткаруучу" болуп турган кездери кошулуп эсептелди. Инфографикага 2020-жылдын октябрынан бери мэрдин милдетин аткаргандар да киргизилди.

Шаар башчыларынын ичинен Медетбек Керимкулов рекорд койду. Ал мэрлик кызматты дээрлик алты жыл аркалаган (1999-жылдын 27-апрелинен 2005-жылдын 20-апрелине чейин). Экинчи орунда Иса Өмүркулов, үч жыл сегиз ай башкарган (2010-2013-жылдары). Үчүнчүдө Борис Силаев турат. Ал мэрлик кызматты үч жылдан ашык аркалаган (1995-1998-жылдары).

202
Белгилер:
Бишкек, мэр, шаар, мөөнөт, милдетин аткаруучу
Тема боюнча
Кыргызстандагы 2021/2022-окуу жылындагы мектеп каникулдары. Календарь

Кымбаттап кетти! Эл көп алган жолтандабастардын баасы

871
Sputnik Кыргызстан ар апта сайын унаа базарындагы машиналардын баасы тууралуу маалымат берип келет. Бул жолу 2020-жылдын декабрынан тарта ушул күнгө чейин суроо-талап күч болгон жолтандабастар менен кроссоверлердин баасына көз жүгүрттүк.
Өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы 17.09.2021

Көп сатылган 10 автоунаанын тизмеси:

  • Lexus GX 470;
  • Honda CR-V;
  • Toyota RAV4;
  • Lexus RX 350;
  • Volkswagen Touareg;
  • Subaru Forester;
  • Toyota Landcruiser;
  • Kia Sportage;
  • Hyundai Santa Fe.

Тизмедеги машиналардын басымдуу бөлүгү орточо 200-1 000 долларга кымбаттаган. Бул Lexus GX 470, Toyota RAV4, Lexus RX 350, Honda CR-V, Toyota Landcruiser машиналарына тийиштүү.

2007-жылы чыккан Volkswagen Touareg, Subaru Forester, 2011-жылкы Kia Sportage болжол менен 200-1000 долларга арзандаганын көрүүгө болот.

871
Белгилер:
автоунаа, жолтандабас, баалар, базар, суроо-талап
Тема боюнча
Нефтетрейдерлер бензиндин баасы боюнча жакынкы күндөргө прогноз берди
Как менялась численность постоянного населения городов Кыргызстана

Кыргызстандагы шаарлардын калкынын саны 15 жылда кандай өзгөрдү

920
Үстүбүздөгү жылдын башталышындагы маалыматтар боюнча, Орловка калкынын саны эң аз шаар болду. Бул калаада Бишкекке салыштырмалуу жашоочулардын саны 174 эсеге аз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Кыргызстандагы шаарлардын туруктуу калкынын саны 15 жылда кандай өзгөргөнүн билиш үчүн Улуттук статистика комитетинин адистеринин отчетторун изилдеди. Кайсы жылы кандай өзгөрүү болгонун билиш үчүн графиктин ылдый жагындагы атайын белгини басыңыз.

Маалыматтар ар бир жылдын башталышына карата алынган. Бир гана 2006-жылдыкы бир жылдык орточо эсеп менен көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 2012-жылдан бери Айдаркен, Кадамжай, Токтогул, Кемин, Орловка, Кайыңды райондук маанидеги шаарлар болуп эсептелет. Ага чейин шаардык маанидеги статуска ээ болчу. Республикада жалпы жонунан 32 шаар бар. Инфографикада Базар-Коргон көрсөтүлгөн эмес, себеби бул шаар үстүбүздөгү жылдын февраль айында гана пайда болду.

920
Белгилер:
Кыргызстан, инфографика, шаар, калк
Тема боюнча
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канча сомго көбөйөт. Инфографика
Жаратылыш. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
27-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү, 27-сентябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +27...+29 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы