Кыргызстанда арзандаган автоунаалар. Базар баасына сереп

5444
(жаңыланган 20:33 11.09.2021)
Sputnik Кыргызстан ар апта сайын унаа базарындагы машиналардын баасы тууралуу маалымат берип келет. Бул жолу жарым жыл ичинде арзандаган автолорго көз салдык.
Кыргызстанда көп колдонулган  автолордун баасы. Универсал  жана минивэндер

Редакция autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарын карады. Окурмандардын ыңгайы үчүн машинанын ар бир үлгүсүнүн орточо баасы келтирилди. Инфографикага чыккан жылы боюнча эң өтүмдүү автоунаалар кирди.

Суроо-талап күч унаалар:

  • Honda Odyssey;
  • Subaru Outback;
  • Toyota Ipsum;
  • Honda Stepwgn;
  • Honda Stream;
  • Toyota Caldina;
  • Volkswagen Passat B5;
  • Mercedes W203 C-класса;
  • Audi A6;
  • Suzuki Liana.

Автолордун көбү кымбаттап кеткен. Өзгөчө Honda Odyssey менен Toyota Ipsum машиналарынын баасы өстү, кышкыга салыштырмалуу нарк 300-1000 долларга чейин жогорулаган.

Калгандарында өтө деле айырма жок. Ал эми Audi A6 менен Subaru Outback үлгүсүндөгү машиналар орточо 100-300 долларга арзандаган.

5444
Белгилер:
автоунаа, машина, базар, баа
Тема боюнча
Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн августтагы баасы
Эң көп сатылган унаалардын наркы кандай өзгөрдү. Базар баасына талдоо

Кымбаттап кетти! Эл көп алган жолтандабастардын баасы

642
Sputnik Кыргызстан ар апта сайын унаа базарындагы машиналардын баасы тууралуу маалымат берип келет. Бул жолу 2020-жылдын декабрынан тарта ушул күнгө чейин суроо-талап күч болгон жолтандабастар менен кроссоверлердин баасына көз жүгүрттүк.
Өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы 17.09.2021

Көп сатылган 10 автоунаанын тизмеси:

  • Lexus GX 470;
  • Honda CR-V;
  • Toyota RAV4;
  • Lexus RX 350;
  • Volkswagen Touareg;
  • Subaru Forester;
  • Toyota Landcruiser;
  • Kia Sportage;
  • Hyundai Santa Fe.

Тизмедеги машиналардын басымдуу бөлүгү орточо 200-1 000 долларга кымбаттаган. Бул Lexus GX 470, Toyota RAV4, Lexus RX 350, Honda CR-V, Toyota Landcruiser машиналарына тийиштүү.

2007-жылы чыккан Volkswagen Touareg, Subaru Forester, 2011-жылкы Kia Sportage болжол менен 200-1000 долларга арзандаганын көрүүгө болот.

642
Белгилер:
автоунаа, жолтандабас, баалар, базар, суроо-талап
Тема боюнча
Нефтетрейдерлер бензиндин баасы боюнча жакынкы күндөргө прогноз берди
Как менялась численность постоянного населения городов Кыргызстана

Кыргызстандагы шаарлардын калкынын саны 15 жылда кандай өзгөрдү

902
Үстүбүздөгү жылдын башталышындагы маалыматтар боюнча, Орловка калкынын саны эң аз шаар болду. Бул калаада Бишкекке салыштырмалуу жашоочулардын саны 174 эсеге аз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Кыргызстандагы шаарлардын туруктуу калкынын саны 15 жылда кандай өзгөргөнүн билиш үчүн Улуттук статистика комитетинин адистеринин отчетторун изилдеди. Кайсы жылы кандай өзгөрүү болгонун билиш үчүн графиктин ылдый жагындагы атайын белгини басыңыз.

Маалыматтар ар бир жылдын башталышына карата алынган. Бир гана 2006-жылдыкы бир жылдык орточо эсеп менен көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 2012-жылдан бери Айдаркен, Кадамжай, Токтогул, Кемин, Орловка, Кайыңды райондук маанидеги шаарлар болуп эсептелет. Ага чейин шаардык маанидеги статуска ээ болчу. Республикада жалпы жонунан 32 шаар бар. Инфографикада Базар-Коргон көрсөтүлгөн эмес, себеби бул шаар үстүбүздөгү жылдын февраль айында гана пайда болду.

902
Белгилер:
Кыргызстан, инфографика, шаар, калк
Тема боюнча
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канча сомго көбөйөт. Инфографика
Ок атуу болгон Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин жаныдагы полиция кызматкерлери

ТИМ: Пермдеги ЖОЖдо ок жегендердин арасында кыргызстандыктар жок

0
(жаңыланган 00:29 21.09.2021)
Кечээ, 20-сентябрда, Пермдеги жогорку окуу жайдын студенти имараттын ичиндегилерге ок чыгарган. Бир нече убакыттан соң полиция аны жарадар кылып, кармаган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

"Пермь аймагынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, 2021-жылдын 20-сентябрында Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26сы жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Жыйынтыгында ок чыгарган студент кармалган.

0
Белгилер:
Россия, Пермь, студент, ок атуу, полиция
Тема боюнча
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы
Жапаров Путинге Пермдеги окуя боюнча көңүл айтты