Автоунаалар кымбаттап жатат! Кыргызстандагы машиналардын баасы боюнча инфографика

5686
Sputnik Кыргызстан ар апта сайын унаа базарындагы машиналардын баасы тууралуу маалымат берип келет. Бул ирет универсалдар менен минивэндердин баасы акыркы жарым жылда кандай өзгөргөнүн билип көрдүк.
Кыргызстанда көп колдонулган  автолордун баасы. Универсал  жана минивэндер

Редакция autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарын карады. Окурмандардын ыңгайы үчүн машинанын ар бир үлгүсүнүн орточо баасы келтирилди.

Эң өтүмдүү автоунаалар:

  • Honda Odyssey;
  • Subaru Outback;
  • Toyota Ipsum;
  • Honda Stepwgn;
  • Honda Stream;
  • Toyota Caldina;
  • Volkswagen Passat B5;
  • Mercedes W203 C-класса;
  • Audi A6;
  • Suzuki Liana.

Машиналардын дээрлик бардыгы кымбаттаган. Кышкы бааларга салыштырмалуу баа 300-1000 долларга жогорулаган. Ал эми 2000-жылкы Audi A6 менен 2007-жылкы Subaru Outback 200 долларга арзандаса, 2001-жылкы Suzuki Liana 100 долларга түшкөн.

5686
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, баа, базар, унаа
Тема боюнча
Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн сентябрдагы баасы
Майды аз ичкен автоунаалар миң долларга чейин кымбаттады. Инфографика

Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Октябрдагы баалар

65
Октябрда Бишкектеги "элиткалардын" ижара акысы кымбаттады. Башкаларга салыштырмалуу жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлер арзандаган.
Бишкектеги батирлердин октрябрь айына карата ижара акысы  2021

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 641 жарнама каралды. Октябрда деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Бардык типтеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы кайрадан жогорулады. Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирге мурдагыга караганда 1 100 сом көп төлөөгө туура келет. Үч бөлмөлүү "элиткалар" болсо 2 900 сомго кымбаттады. 105-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин ижарасы орто эсеп менен алганда 2 300 сомго өстү.

Жеке типтеги эки бөлмөлүү үйлөр 1 800дөй сомго арзандады. Ушул эле категориядагы үч бөлмөлүүлөр 2000 сомго төмөндөдү.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо ижара баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына таянсак, октябрь айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 15 800 сом (13 000ден 22 000ге чейин);
  • 105-серия — 15 900 (11 000ден 25 000ге чейин);
  • 106-серия — 16 200 (14 000ден 20 000ге чейин);
  • жеке типтегилер — 17 600 (7 000ден 29 700гө чейин);
  • "элитка" — 27 800 (17 000ден 42 400гө чейин);
  • жеке типтегилер — 7 400 (6 000ден 11 000ге чейин).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 20 200 сом (15 000ден 26 000ге чейин);
  • 105-серия — 20 100 (13 000ден 29 700гө чейин);
  • 106-серия — 22 200 (15 000ден 29 700гө чейин);
  • жеке типтегилер — 23 600 (15 000ден 35 000ге чейин);
  • "элитка" — 45 100 (25 000ден 84 800гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 24 700 сом (18 000ден 29 700гө чейин);
  • 105-серия — 29 300 (20 000ден 42 400гө чейин);
  • 106-серия — 28 900 (20 000ден 40 000ге чейин);
  • жеке типтегилер — 28 200 (20 000ден 42 400гө чейин);
  • "элитка" — 68 400 (33 900дөн 127 200гө чейин).

65
Белгилер:
Бишкек, батир, ижара, эмерек
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин сентябрдагы ижара акысы

Кыргызстанда канча эл артисти, эл акыны, эл жазуучусу бар. Инфографика

2310
(жаңыланган 18:04 26.10.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттиги эл артисти, эл жазуучусу, эл акыны, эл сүрөтчүсү наамы канча адамга ыйгарылгандыгын тактап көрдү.
Биринчи категориядагы ардак наамдарга татыгандардын саны

"Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, биринчи категориядагы ардак наамдарга Кыргыз Республикасынын эл артисти кирет. Ал мыкты көркөм образ, спектакль, телеспектакль, телефильм, кинофильм, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүү жана радио чыгармаларын жараткан артист, музыкалык аткаруучу, композитор, дирижёр, режиссёр, хормейстор, балетмейстер, төкмө акын, музыкалык, хор, хореографиялык жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат. Адабиятты өнүктүрүүгө салым кошуп чыгармалары менен калың элге таанылган калемгерлерге эл жазуучусу, акындык чыгармачылыкты өнүктүрүүдө эмгеги барларга эл акыны наамы тапшырылат. Ал эми мыкты живопись, скульптура, графика, монументалдык, декоративдүү-колдонмо искусство жараткандарга эл сүрөтчүсү наамы берилет.

Ага татыктуу болгондорго өлкө башчысы алтын жалатылган колодон жана күмүштөн жасалган төш белги тапшырат.

Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 201 адам КРдин эл артисти, 37 калемгер эл жазуучусу, 34 инсан эл акыны жана 37 киши эл сүрөтчүсү наамына татыган. Өкмөт тарабынан аларга жеңилдиктер деле каралган эмес. Бир гана мамлекеттик мекемелерде иштесе айлыгына 5000 сом кошулат, бирок пенсиясына эч таасир этпейт.

Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө лонгридди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

2310
Белгилер:
Кыргызстан, сыйлыктар, инфографика
Кол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан кыз. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
29-октябрга караган түнү өлкөнүн айрым райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жума күнү эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жамгыр, кар жана тоолуу жерлерде кар жаайт. Таластын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас чөлкөмүндө +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +10...+15, Нарын жергесинде +9...+14 градус болот.

Бишкек менен Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ошто +15...+17 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы