Кыргызстанда майды аз ичкен унаалар канчадан сатылууда. Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан көбүрөөк суроо-талап менен сатылып жаткан майды аз ичүүчү автоунаалардын баасы кандай өзгөргөнүн анализдеп көрдү.
Инфографикада чыккан жылы жаңы унаалардын орточо наркы берилген. Мониторинг autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарына чыккан маалыматка карап январь-октябрь айларында жүргүзүлдү.
Эң көп сатылган 10 автоунаага төмөнкүлөр кирди:
Daewoo Matiz;
Honda Fit;
Lada 2107;
Toyota IST;
Hyundai Getz;
Volkswagen Golf;
Mazda Demio;
Chevrolet Spark;
Honda Civic;
Toyota Prius.
Дээрлик бардык унаалар 200дөн 1000 долларга чейин кымбаттаган.
Сатуучулар жана эксперттер машинанын баасы улам кымбаттай берет деген пикирде. Экономист Элдар Абакиров буга акчанын кунунун кетиши таасир этерин айтат.

"Элде накталай акча бар, бирок аны менен бай болуп кете албайсың. Болгону акча кунун жоготуп баратат. Ушундан улам баары, анын ичинде машина дагы кымбаттап жатат", — деди эксперт.

Чет өлкөдөн машина ташуучу компаниянын кожоюну Данияр Салякаев баалардын төмөндөшүнө үмүт артпай эле коюу керек деген пикирде.
"Учурда дээрлик баары кымбаттап жатат, ал эми машина суроо-талап менен колдонулат. Мындай кырдаалда эч качан арзандабайт. Бул реалдуулук, жакшы машина алуу үчүн акча чогултуш керек", — деди ал.
"Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков мындай жагдайга ири автоконцерндер тушуккан каатчылык түздөн-түз себепкер экенин белгилейт.

"Машина өндүрүүчүлөр кыймылдаткычтар үчүн керектүү тетиктердин тартыштыгына кабылышты. Тагыраагы, башкаруунун электрондук блокторунун, тышкы электр жабдууларынын, жабдыктарды башкаруу панелинин, мультимедиалык системалардын микросхемалары азыр жетишсиз болуп турат. Ушул өңдүү тетиктердин өндүрүш көлөмү пандемиянын, ар кыл мамлекеттердеги ушул багыттагы өндүрүш ишканаларына коюлган чектөө чараларынын айынан азайып кеткен", — деген оюн ортого салды эксперт.

Кыргызстанда автоунаалардын баасы кымбаттап жатканына чет өлкөдөн массалык түрдө транспорт ташылбай калганы да себеп болууда.
Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал>>
Жаңылыктар түрмөгү
0