COVID-19дан көз жумгандардын саны. Мурдагы союздук республикалар боюнча статистика

183
(жаңыланган 12:10 11.11.2021)
Бир катар мамлекеттерде, анын ичинде мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдө COVID-19 илдетинен каза болгондордун рейтинги боюнча Кыргызстан 13-орунга илинди.

Статистикада каза болгондордун саны 100 миң адамга эсептелип көрсөтүлдү.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча 2 697 киши көз жумган.

Илдеттин айынан көз жумгандардын рейтингине көз чаптырсак, алдыңкы сапта Молдова, Грузия жана Армения турат. Ал эми эң азы Өзбекстан менен Тажикстанда.

183
Белгилер:
СССР, коронавирус, рейтинг, пандемия, өлүм
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1608)
Тема боюнча
Кечээтен бери коронавирус дагы үч кишинин өмүрүн алды. 11-ноябрдын маалыматы
Адис: COVID-19 гипертония илдетин пайда кылып, кан тамырларды иштен чыгарууда

Шайлоо-2021: бир мандаттуу округ боюнча кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы

1202
28-ноябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бир мандаттуу округ боюнча добуштарды кол менен саноодогу алдын ала жыйынтыкты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз.

Бир мандаттуу округ боюнча ЖКга шайлоонун алдын ала жыйынтыгын (кол менен саноо) БШК жарыялады, бирок бул шайлоонун расмий жыйынтыгы деп эсептелбейт.

Буга чейин БШК бир мандаттуу округдар боюнча алдын ала жыйынтыкты АСУнун эсебине таянуу менен жарыялаган.

Эске салсак, шайлоо жаңы эреже менен өттү. Эми парламентке 54 депутат партия тизмеси менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Кыргызстанда бардыгы 36 бир мандаттуу округ бар. Анын ар биринен бирден гана талапкер жеңүүчү болот. Жыйынтыкты чыгарууда баарынан көп добуш алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Эгер бир нече депутат бирдей добуш алып калса, БШКга каттоо үчүн документтерди мурда тапшырган талапкерге артыкчылык берилет. 

1202
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңеш, мандат, шайлоо, жыйынтык
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо

Шайлоонун партиялар боюнча алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо

4724
28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Добуштарды кол менен саноодогу алдын ала жыйынтыкты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз.

Партиялар боюнча ЖКга шайлоонун алдын ала жыйынтыгын (кол менен саноо) БШК жарыялады. Бирок бул шайлоонун расмий жыйынтыгы деп эсептелбейт. Добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы жаңы маалыматтардын түшкөнүнө жараша жаңыртылып турат. Шайлоочулардын добуштары эсептелгенден кийинки пайыздарды карасаңыздар болот.

Буга чейин БШК партиялык тизме боюнча алдын ала жыйынтыкты АСУнун эсебине таянуу менен жарыялаган.

Жаңы чакырылышта 120 эмес, андан азыраак, 90 депутатка кресло даярдалат. Мурда парламентке 21 жаштагылар шайланып келе алса, эми ал босого 25 жашка көтөрүлдү. Мындан ары эл өкүлү болом дегендердин жогорку билими болушу зарыл.

Бул ирет шайлоого 21 партия катышты. Алар: "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс", "Легалайз", "Ыйман нуру", "Күчтүү регион", Кыргызстандын либерал-демократтар партиясы, "Багыт", "Ынтымак", "Ишеним", "Азаттык", "Мекенчил эл", "Жашылдар партиясы", "Жашасын Кыргызстан", "Социал-демократтар", "Аруузат", Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясы, "Улуттар биримдиги", "Эл үмүтү", "Ордо", "Улуу журт", "Ата-Журт Кыргызстан".

Жыйынтыгында парламентке республика боюнча шайлоого катышкандардын добушунун 5 пайызынан, ар бир облустагы (Бишкек жана Ош шаары дагы кирет) шайлоочулардын добушунун 0,5 пайызынан жогору алгандар өтөт.

Бул ирет шайлоодо жарандар бир партияга гана эмес, андагы бир талапкерге дагы добуш бере алды. Партия алган мандаттар талапкерлердин топтогон добушуна жараша жана гендердик теңчиликти сактоо менен бөлүштүрүлөт.

4724
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңеш, шайлоо, жыйынтык
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Сахнадагы кыз. Архив

Балага эл алдында сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүү керекпи? Психологдун пикири

0
Адис эч качан баланы кыйнап, бирөөлөрдүн алдында ырдатып-бийлетпеш керектигин айтат. Андан көрө өз эрки менен өнөрүн көрсөткөн учурда мактап, көңүлүн көтөрүп коюу зарыл.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Балага кичине кезинен баштап эл алдына чыгып сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүүнүн канчалык зарылдыгы бар? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек берип жатып Россиянын билим берүү тармагындагы психологдор федерациясынын мүчөсү, педагог-психолог Юлия Челышева айтты.

Алгач адис балага эл алдына чыгып сүйлөөнүн кандай пайдасы бар экенин түшүндүрдү.

"Сүйлөп жаткан адам ар дайым жалгыз болот. Аны угуп жаткандардын бардыгы ага карама-каршы турат. Ошол кезде бала канчалык өзүнө ишенип, жакшы сезсе, кийин ошончолук төгөрөгү төп келген адам болуп чоңоёт. Ал эми айтаар сөзүн таппай калган, уялчаак болуп чоңойгон кишини кийин оңдоо өтө татаал", — деди Челышева.

Ошондой эле ал балага публика алдында сүйлөөнү кантип үйрөтсө болорун айтып берди.

"Эч качан наристени кыйнап, коноктордун көзүнчө ырдатып, бийлетпеш керек. Анткени адам көпчүлүк учурда бирөөнүн баасынан коркот, өзүнө жакпаган сөз угуп калса чүнчүйт. Андан көрө үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында сүйлөп, жакшы өнөрүн көрсөткөндө мактап, жакшы сөздөрдү айтып коюу зарыл", — деди психолог.

Адис сөзүнүн аягында бала уялчаак болсо, аны алгач жалгыз киши эмес, топ-топ болуп иштеген спорттук же башка ийримдерге катыштырган жакшы экенин айтат. Анткени ал жалгыз эмес, артында командасы бар экенин билгенде акырындык менен өзүнө болгон ишеними бекемдей баштайт.

0
Белгилер:
бала, психология, комплекс, уялчаактык, публика, сүрдөө
Тема боюнча
Балага акчаны туура колдонгонду кантип үйрөтсө болот? Адистердин кеңеши
Бала татуировка жасатып, чачын жашылга боёйм десе эмне кылуу керек. Адистин кеңеши