Дагы кымбаттады! Кыргызстанда минивендердин баасы кандай өзгөрдү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автоунаа базарындагы машиналардын канчага сатылып жатканы боюнча маалымат берип келет. Бул ирет эл көп колдонгон универсалдар менен минивендердин акыркы жарым жылдагы баасына көз жүгүрттүк.
Редакция autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарын карады. Окурмандардын ыңгайы үчүн ар кандай үлгүдөгү машинанын орточо баасы келтирилди.
Эң көп сатылган автоунааларга төмөнкүлөр кирди:
Honda Odyssey;
Subaru Outback;
Toyota Ipsum;
Honda Stepwgn;
Honda Stream;
Toyota Caldina;
Volkswagen Passat B5;
C-класстагы Mercedes W203;
Audi A6;
Suzuki Liana.
Дээрлик бардык унаалар кымбаттаган. Кышкы баага салыштырмалуу 300-1000 долларга өскөн. Айрымдары гана, маселен, 2001-жылкы Suzuki Liana 1 200 долларга арзандады, ал эми Volkswagen Passat B5 автоунаасынын баасы бир аз төмөндөдү.
Эскертип коёлу, биз сатуучулар тарабынан айтылган орточо бааларды гана көрсөтөбүз. Бул нарк автоунаалардын чыныгы баасы дегенди билдирбейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0