Кымбаттап жатат! Кыргызстанда эң өтүмдүү автоунаалардын баасы кандай өзгөрдү

1888
(жаңыланган 21:56 21.11.2021)
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автоунаа базарындагы машиналардын канчага сатылып жатканы боюнча маалымат берип келет. Бул ирет эл көп колдонгон кроссоверлер менен жолтандабастардын кыштан күзгө чейинки баасына көз жүгүрттүк.
Өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас менен кроссоверлердин баасы

Редакция autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарын карады. Окурмандардын ыңгайы үчүн ар кандай үлгүдөгү машинанын орточо баасы келтирилди.

Эң көп сатылган автоунааларга төмөнкүлөр кирди:

  • Lexus GX 470;
  • Honda CR-V;
  • Toyota RAV4;
  • Lexus RX 350;
  • Volkswagen Touareg;
  • Subaru Forester;
  • Toyota Landcruiser;
  • Kia Sportage;
  • Hyundai Santa Fe.

Тизмедеги автоунаалардын көпчүлүгү орто эсеп боюнча 800-1 500 долларга кымбаттаган. Бир гана 2014-жылкы Kia Sportage 500 долларга арзандаган.

Эскертип коёлу, биз сатуучулар тарабынан айтылган орточо бааларды гана көрсөтөбүз. Бул нарк автоунаалардын чыныгы баасы дегенди билдирбейт.

1888
Белгилер:
Кыргызстан, жол тандабас, баа, унаа, транспорт
Тема боюнча
Дагы кымбаттады! Кыргызстанда минивендердин баасы кандай өзгөрдү

Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Ноябрдагы баалар

206
Ноябрда Бишкек шаарындагы 105-сериядагы батирлер бир топ арзандады. Ал эми баарынан көп баасы өскөн жеке типтеги эки бөлмөлүү квартиралар болду.
Бишкектеги батирлердин ноябрь айына карата ижара акысы

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык маалымат булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп, өткөн айларга салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо үчүн 486 жарыяга көз жүгүртүп, анализдеп чыктык.

Өткөн айдагыдай эле ноябрда эмереги бар батирлер менен мейманкана тибиндеги турак жайлардын жарнамасын карап чыктык.

Бишкектеги бардык типтеги, эмереги менен берилген бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы бул айда түштү. Жеке типтеги бир бөлмөлүүлөр үчүн орточо эсеп менен алганда 900 сомдон азыраак бергенге туура келет. 105-сериядагы батирлердин акысы 3 900гө азайды. Ал эми 106-сериядагы турак жайдын ижарасы орточо эсеп менен алганда 2 900 сомго азайган.

Жеке типтеги эки бөлмөлүү, эмереги бар батирдин ижарасы бул айда 3900 сомго кымбаттаган. 106-сериядагылар орто эсеп менен алганда 1400 сомго секирик жасаган.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо ижара баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына таянсак, ноябрь айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 13 900 сом (10 000ден 21 000ге чейин);
  • 105-серия — 14 700 (10 000ден 25 000ге чейин);
  • 106-серия — 16 400 (11 000ден 23 000ге чейин);
  • жеке типтегилер — 16 700 (10 000ден 20 000ге чейин);
  • "элитка" — 28 400 (18 000ден 42 400гө чейин);
  • мейманкана тибиндегилер — 7 000 (6 000ден 9 000ге чейин).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 18 300 сом (15 000ден 30 000ге чейин);
  • 105-серия — 18 700 (15 000ден 30 000ге чейин);
  • 106-серия — 23 600 (17 000ден 29 700гө чейин);
  • жеке типтегилер — 27 500 (20 000ден 35 000ге чейин);
  • "элитка" — 45 600 (25 000ден 76 300гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 24 900 сом (18 000ден 29 000ге чейин);
  • 105-серия — 25 400 (18 000ден 50 900гө чейин);
  • 106-серия — 26 000 (20 000ден 34 000ге чейин);
  • жеке типтегилер — 28 600 (20 000ден 38 000ге чейин);
  • "элитка" — 68 600 (30 000ден 186 000ге чейин).
206
Белгилер:
Кыргызстан, батир, баалар, ноябрь

Дагы кымбаттады! Кыргызстанда минивендердин баасы кандай өзгөрдү

1038
(жаңыланган 13:34 15.11.2021)
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автоунаа базарындагы машиналардын канчага сатылып жатканы боюнча маалымат берип келет. Бул ирет эл көп колдонгон универсалдар менен минивендердин акыркы жарым жылдагы баасына көз жүгүрттүк.
Кыргызстанда көп колдонулган автолордун баасы. Универсал  жана минивэндер

Редакция autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарын карады. Окурмандардын ыңгайы үчүн ар кандай үлгүдөгү машинанын орточо баасы келтирилди.

Эң көп сатылган автоунааларга төмөнкүлөр кирди:

  • Honda Odyssey;
  • Subaru Outback;
  • Toyota Ipsum;
  • Honda Stepwgn;
  • Honda Stream;
  • Toyota Caldina;
  • Volkswagen Passat B5;
  • C-класстагы Mercedes W203;
  • Audi A6;
  • Suzuki Liana.

Дээрлик бардык унаалар кымбаттаган. Кышкы баага салыштырмалуу 300-1000 долларга өскөн. Айрымдары гана, маселен, 2001-жылкы Suzuki Liana 1 200 долларга арзандады, ал эми Volkswagen Passat B5 автоунаасынын баасы бир аз төмөндөдү.

Эскертип коёлу, биз сатуучулар тарабынан айтылган орточо бааларды гана көрсөтөбүз. Бул нарк автоунаалардын чыныгы баасы дегенди билдирбейт.

1038
Белгилер:
Кыргызстан, машина, баалар, автоунаа, минивэн
Тема боюнча
Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров алгачкы жолу электрондук документке кол коюп, аткарууга жөнөттү

0
(жаңыланган 11:34 27.11.2021)
Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Председатель кабинета министров Акылбек Жапаров впервые подписал документы электронной подписью и направил на исполнение посредством системы электронного документооборота Infodocs (СЭД). 27 ноября 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик кол тамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү

Мындай жол менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында электрондук документ жүгүртүү тутуму ишке киргизилди.

"Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат. Ошондой эле кызматтык кат алышуу процесстерин жөнөкөйлөтөт. Борборлоштурулган системанын артыкчылыктарынын бири мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү (ЭДТ) ишке киргизилген. Аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кошкондо 32 миң кызматкерди түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 миллион 161 миң документ катталган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, өкмөт, санариптештирүү, документ, Акылбек Жапаров
Тема боюнча
Акылбек Жапаров: жөлөк пулдун айрым түрү жаңы жылдан тарта 200%га жогорулайт