Ижарага батир издеп жүрөсүзбү? Ноябрдагы баалар

Жазылуу
Ноябрда Бишкек шаарындагы 105-сериядагы батирлер бир топ арзандады. Ал эми баарынан көп баасы өскөн жеке типтеги эки бөлмөлүү квартиралар болду.
Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык маалымат булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп, өткөн айларга салыштырып турат.
Бул материалды даярдоо үчүн 486 жарыяга көз жүгүртүп, анализдеп чыктык.
Өткөн айдагыдай эле ноябрда эмереги бар батирлер менен мейманкана тибиндеги турак жайлардын жарнамасын карап чыктык.
Бишкектеги бардык типтеги, эмереги менен берилген бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы бул айда түштү. Жеке типтеги бир бөлмөлүүлөр үчүн орточо эсеп менен алганда 900 сомдон азыраак бергенге туура келет. 105-сериядагы батирлердин акысы 3 900гө азайды. Ал эми 106-сериядагы турак жайдын ижарасы орточо эсеп менен алганда 2 900 сомго азайган.
Жеке типтеги эки бөлмөлүү, эмереги бар батирдин ижарасы бул айда 3900 сомго кымбаттаган. 106-сериядагылар орто эсеп менен алганда 1400 сомго секирик жасаган.
Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо ижара баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.
Ачык маалымат булактарына таянсак, ноябрь айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:
104-серия — 13 900 сом (10 000ден 21 000ге чейин);
105-серия — 14 700 (10 000ден 25 000ге чейин);
106-серия — 16 400 (11 000ден 23 000ге чейин);
жеке типтегилер — 16 700 (10 000ден 20 000ге чейин);
"элитка" — 28 400 (18 000ден 42 400гө чейин);
мейманкана тибиндегилер — 7 000 (6 000ден 9 000ге чейин).
Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 18 300 сом (15 000ден 30 000ге чейин);
105-серия — 18 700 (15 000ден 30 000ге чейин);
106-серия — 23 600 (17 000ден 29 700гө чейин);
жеке типтегилер — 27 500 (20 000ден 35 000ге чейин);
"элитка" — 45 600 (25 000ден 76 300гө чейин).
Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 24 900 сом (18 000ден 29 000ге чейин);
105-серия — 25 400 (18 000ден 50 900гө чейин);
106-серия — 26 000 (20 000ден 34 000ге чейин);
жеке типтегилер — 28 600 (20 000ден 38 000ге чейин);
"элитка" — 68 600 (30 000ден 186 000ге чейин).
Кымбаттап жатат! Кыргызстанда эң өтүмдүү автоунаалардын баасы кандай өзгөрдү>>
Жаңылыктар түрмөгү
0