Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: куураган катуу жыгачты же абдан арыктарды "сейин" десе болот

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосундагы көөнө сөздөрдү жайылтуу колго алынса жакшы натыйжалар болорун белгиледи.

Куураган катуу жыгачты түшүндүргөн "сейин" деген көөнө сөз "Манас" эпосунда кездешет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: куураган катуу жыгачты же абдан арыктарды "сейин" десе болот

Анын айтымында, аталган сөздүн башка дагы түшүнүктөрдү берген маанилери бар.

"Бул жолку чечмелей турган көөнө сөз — сейин. Ал катуу, кургаган жыгачтын түрүн билдирет. Сүйлөмдүн маанисине жараша аталган сөз териси сөөгүнө жабышып арыктагандыкты да түшүндүрөт. Дагы бир мааниси — тапталган жылкынын көрүнүшү. Башкача айтканда, эти майынан арылып, тери катып, тыкан болуп, табына келген атка карата да "сейин" деген сөз колдонулат. Мисалы "сейиндейин жаратып, асман-көккө каратып, атырылтып жулкунтуп, ай-ааламга булкунтуп" деп аргымакты минүүдө айтылган", — деди Талантбеков.

Манасчы ал көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдоно жүрүү ар бир кыргыздын милдети деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0