Көөнө сөз рубрикасы

Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот

68
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.

Өрөөн, капчыгай, өзөн же коктуга синоним катары "дара" деген сөз колдонулат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот

Анын айтымында, эпосто аталган сөз кезиккен бир нече саптар бар.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Эпосто төрт тамгадан, эки муундан турган "дара" деген сөз айтылат. Аны эки мааниде колдонсо болот. Биринчиси - капчыгай, өрөөн, өзөн, же болбосо эки тоонун ортосундагы аралык катары түшүндүрүлөт. Экинчи маанисинде "өзүнчө" же "айрым" деген мааниде колдонулуп келет. Бул сөздү күнүмдүк турмушта пайдалана бербейбиз. Бирок жогорудагы сөздөргө синоним катары пайдаланып, тилди байытууга мүмкүндүк түзсөк деген пикирдемин", — деди Талантбеков.

Манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу зарылдыгын кошумчалады.

68
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан
Тема боюнча
Талантбеков: куураган катуу жыгачты же абдан арыктарды "сейин" десе болот
Рубрика радио Sputnik Кыргызстан Көөнө сөз

Талантбеков: "даркан" деген көөнө сөздүн бир нече мааниси бар

148
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кыргыздын жашоо-турмушунун бардык сабактары камтылганын белгиледи.

Манаста кездешкен "даркан" деген сөздүн бир мааниси башчы, жетекчи, төрө дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "даркан" деген көөнө сөздүн бир нече мааниси бар

Анын айтымында, бул сөздүн бир нече мааниси бар.

"Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бири "даркан". Ал согуштук куралдарды жасаган темир уста дегенди билдирет. Ошондой эле башкаруучу, башчы, жетекчи, төрө деген маанини дагы туюнткан учурлары бар. Мындан тышкары, өзгөчө кадыр-баркка ээ, сыйлуу адам деп колдонулуп келген. Буларга утурлай эле өтмө мааниде ыйык, касиеттүү дегенди түшүндүргөн жагдайлар кездешет. Кең, ченемсиз, чалкып жаткан жер деген мааниде дагы колдонууга болот. Бул сөз азыркы заманда айрым айыл жерлеринде учурап калат. Учурда "дарканды" "дархан" деп х тамгасына өзгөртүп айтып жүрөт. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Дархан деген айыл бар. Бул ат жогоруда айтылгандай кенен жер дегенден улам берилип калган", — деди Талантбеков.

Манасчы "даркан" сөзү маанисине жараша эпосто ар кандай учурларда көп кездешерин кошумчалады.

148
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас, эне тил, Кыргызстан
Тема боюнча
Талантбеков: терезе, эшиктин жасалгасын "банжара" деп колдонсо болот
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

78
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп, анын маанисин түшүндүрдү.

"Жигин тартып көрүү" деген адамдын чама-чаркын билүү дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, эпосто макал-лакаптар, осуяттар, накыл сөздөр көп кездешет.

"Манаста "жигин тартып көрүү" деген көөнө сөз байма-бай кездешет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Жигин билбей киргендей, жинди болду дейсиңби. Куру жолго жүргөндөй, кутуруп кетти дейсиңби" деген ыр саптары бар. Мындан улам аталган түшүнүк абалын, күчүн, кудуретин, чамасын билүү дегенди түшүндүрө турганын аңдасак болот. Эпосто душмандын чама-чаркын, ал-абалын, кудуретин аңдап-билүү — "жигин тартуу" деп берилген. Муну күнүмдүк турмушта тилдин көркөмдүгүн арттырууга көмөк катары колдонсо болот", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал учурда тиричиликте көптөгөн көөнө сөздөр колдонулбай калганын кошумчалады.

78
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан
Тема боюнча
Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот
Кабул шаары. Архив

ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды

0
(жаңыланган 00:12 19.09.2021)
Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы мыйзамда көрсөтүлгөн үч расмий тилдин ордуна экөөнү калтырып, башкаруунун жаңы системасы каралган убактылуу мыйзам чыгарды. Документ РИА Новостиге кыймылдагы адамдар тарабынан жөнөтүлгөнүн аталган агенттик жазды.

"Негиздер" деген аталыштагы мыйзамда Афганистандагы ханафит мазхабынын суннит исламы расмий дин болуп эсептелээри айтылат. Ал эми пушту менен дари тилдери расмий тил деп саналмакчы. Буга чейин Афганистанда түндүк провинциянын тургундары сүйлөгөн өзбек тили да расмий болуп келген. Мындан тышкары, өлкөдө басымдуу бөлүгүн хазарийлер түзгөн шиит общинасы бар.

Жаңы документке ылайык, Афганистанда ислам юристтеринин кеңеши жана жогорку кеңеш түзүлөт. Ага саясий ишмерлер, окумуштуулар жана ар провинциядан дин кызматкерлери кошулары айтылды.

Аткаруу бийлигин президент жетектейт, аны жарандар менен жогорку кеңештин мүчөлөрү шайламакчы. Добуш берүү ачык-айкын өтүшү үчүн шайлоо комиссиясы түзүлөт. Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

Мыйзамда "британиялыктар, орустар жана америкалыктардан көз карандысыздык күнү" майрам болуп эсептелет деп жазылган.

Талибдер августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга киришкен. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

0
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, тил, макам, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, мыйзам, документ
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот