Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

87
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп, анын маанисин түшүндүрдү.

"Жигин тартып көрүү" деген адамдын чама-чаркын билүү дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, эпосто макал-лакаптар, осуяттар, накыл сөздөр көп кездешет.

"Манаста "жигин тартып көрүү" деген көөнө сөз байма-бай кездешет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Жигин билбей киргендей, жинди болду дейсиңби. Куру жолго жүргөндөй, кутуруп кетти дейсиңби" деген ыр саптары бар. Мындан улам аталган түшүнүк абалын, күчүн, кудуретин, чамасын билүү дегенди түшүндүрө турганын аңдасак болот. Эпосто душмандын чама-чаркын, ал-абалын, кудуретин аңдап-билүү — "жигин тартуу" деп берилген. Муну күнүмдүк турмушта тилдин көркөмдүгүн арттырууга көмөк катары колдонсо болот", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал учурда тиричиликте көптөгөн көөнө сөздөр колдонулбай калганын кошумчалады.

87
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан
Тема боюнча
Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: Тибетте мантыны "Манас" эпосунда кездешкен сөз менен аташат

405
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен тамактын аталышын түшүндүрүп берди.

Ачыткысыз, тузу жок, бууга бышырылган нан "момо" делет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: Тибетте мантыны "Манас" эпосунда кездешкен сөз менен аташат

Анын айтымында, бул сөз эпостун көп жеринде кездешет.

"Манас эпосунда кездешкен "момо" деген сөздү чечмелейбиз. Бул сөз эпосто кездешкени менен күнүмдүк турмушта колдонулбайт. Кытай тилинде ачыткысыз, тузсуз бууга бышырылган нан "момо" делет. Саякбай Каралаевдин вариантында Алооке Манастын кабарын угуп Бээжинди көздөй качып, Күчөр шаарына барып жайгашкан. Ошол жерге жайгашкан ордосунда ашпозчулар хандарга момо токоч беришкени айтылган", — деди Талантбеков.

Ошондой эле Тибетте "момо" сөзү кадимки мантыга окшогон тамакты түшүндүрө турганын кошумчалады.

405
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, көөнө сөз, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан
Тема боюнча
Талантбеков: "Манаста" фонтанды түшүндүргөн көөнө сөз бар
Рубрика радио Sputnik Кыргызстан Көөнө сөз

Талантбеков: "Манаста" фонтанды түшүндүргөн көөнө сөз бар

289
(жаңыланган 12:13 24.10.2021)
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.

"Манас" эпосунда фонтанды түшүндүргөн "оргума" деген көөнө сөз бар. Аны учурда күнүмдүк турмушта колдонууга болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "Манаста" фонтанды түшүндүргөн көөнө сөз бар

Анын айтымында, "Манас" эпосунда көптөгөн көөнө сөз кездешет.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Күндөлүк турмушта колдонулуп келген фонтан деген маанини түшүндүргөн сөз "Манаста" барбы деген суроо жаралат. Адатта фонтан сөзү бизге тыштан кирип, биздин тарыхта кездешпегендей кабылданып калууда. "Манас" эпосунда фонтан "оргума" же "оргу" деп айтылган. Бул сөз атырылып чыгуу, оргуштоо, уюлгуу, уюлгуп көтөрүлүү деген маанини түшүндүрөт. Эпосто "оргумасы оргуштап калаа көркү өсүптүр" деген саптар Сагынбай Орозбаковдун вариантында кездешет. Муну бүгүнкү турмушта да колдонууга мүмкүн. Анткени учурда шаарларда оргумалар, башкача айтканда, фонтандар арбын", — деди Талантбеков.

Ал ошондой эле көөнө сөздөрдү колдонуп тилди байытууга болорун кошумчалады.

289
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан, көөнө сөз
Тема боюнча
Талантбеков: "мажилис" сөзү кеңеш, жыйын деген маанини билдирет
Ребенок проходит тест на COVID-19. Архивное фото

Баланын коронавирус менен ооруп жатканын кантип билсе болот? Сейрек белгилер

0
(жаңыланган 13:27 27.10.2021)
Доромбекова ымыркайда коронавирустун белгиси байкалган учурда дарыгерге кайрылууну, ооруканага барбай медикти үйгө чакырууну сунуштаган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнүн неонатолог-дарыгери Айнара Доромбекова коронавирус менен ооруган балдарда байкалчу сейрек белгилерди брифинг учурунда атап берди.

Анын айтымында, ымыркайларда коронавирустун белгилери дароо билинбейт. Эгер бала ооруп калса, ал көп ыйлап, тамак ичпей, тынчы кетип, уйкусу начарлай баштайт.

"Бир айга толо элек наристелерде бул симптомдордун баары ич ооруга да тиешелүү. Бул көйгөй ичеги-карын системасынын жетиле электигинен келип чыгат", — деди дарыгер.

Коронавирустун сейрек белгилери:

  • Кусуу жана ич өтүү. Бул белги коркунучтуу. Анткени суюктуктун 10 пайызын жоготкон учурда бала кыйналып, ымыркайларда бул өлүмгө алып келиши мүмкүн;
  • Бүдүрлөр. Коронавирус болгондо дайыма эле бүдүр чыга бербейт. Бул вирустун кан аркылуу тарашынан улам пайда болот. Көбүнчө алар бутка чыгып бир жумага созулат. Мындай учурда ымыркайды улгайган адамдардан оолак кармоо керек.

Кургак жөтөл. Бул — жаңы төрөлгөн баладагы коронавирустун негизги белгиси.

Доромбекова ымыркайда коронавирустун белгиси байкалган учурда дарыгерге кайрылууну, ооруканага барбай медикти үйгө чакырууну сунуштаган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, ымыркай, оору, белги
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дун оор түрүнө кабылгандардын мээси жабыркайт. Иликтөө
COVID: үч адам каза таап, 124 киши жуктурду. Соңку статистика