Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: "даркан" деген көөнө сөздүн бир нече мааниси бар

© Sputnik / Даниил Сулайманов"Көөнө сөз"
Көөнө сөз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кыргыздын жашоо-турмушунун бардык сабактары камтылганын белгиледи.

Манаста кездешкен "даркан" деген сөздүн бир мааниси башчы, жетекчи, төрө дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "даркан" деген көөнө сөздүн бир нече мааниси бар

Анын айтымында, бул сөздүн бир нече мааниси бар.

"Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бири "даркан". Ал согуштук куралдарды жасаган темир уста дегенди билдирет. Ошондой эле башкаруучу, башчы, жетекчи, төрө деген маанини дагы туюнткан учурлары бар. Мындан тышкары, өзгөчө кадыр-баркка ээ, сыйлуу адам деп колдонулуп келген. Буларга утурлай эле өтмө мааниде ыйык, касиеттүү дегенди түшүндүргөн жагдайлар кездешет. Кең, ченемсиз, чалкып жаткан жер деген мааниде дагы колдонууга болот. Бул сөз азыркы заманда айрым айыл жерлеринде учурап калат. Учурда "дарканды" "дархан" деп х тамгасына өзгөртүп айтып жүрөт. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Дархан деген айыл бар. Бул ат жогоруда айтылгандай кенен жер дегенден улам берилип калган", — деди Талантбеков.

Манасчы "даркан" сөзү маанисине жараша эпосто ар кандай учурларда көп кездешерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0