Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Талантбеков: Тибетте мантыны "Манас" эпосунда кездешкен сөз менен аташат

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен тамактын аталышын түшүндүрүп берди.
Ачыткысыз, тузу жок, бууга бышырылган нан "момо" делет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Талантбеков: Тибетте мантыны "Манас" эпосунда кездешкен сөз менен аташат
Анын айтымында, бул сөз эпостун көп жеринде кездешет.
"Манас эпосунда кездешкен "момо" деген сөздү чечмелейбиз. Бул сөз эпосто кездешкени менен күнүмдүк турмушта колдонулбайт. Кытай тилинде ачыткысыз, тузсуз бууга бышырылган нан "момо" делет. Саякбай Каралаевдин вариантында Алооке Манастын кабарын угуп Бээжинди көздөй качып, Күчөр шаарына барып жайгашкан. Ошол жерге жайгашкан ордосунда ашпозчулар хандарга момо токоч беришкени айтылган", — деди Талантбеков.
Ошондой эле Тибетте "момо" сөзү кадимки мантыга окшогон тамакты түшүндүрө турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0