Кыргызстандын кыз-келиндери эмне жөнүндө сүйлөшөт: бийлик, сулуулук жана үй оокат

1936
(жаңыланган 11:33 05.07.2016)
Дамира Ниязалиевага аял болгону үчүн ким "ордуңду бил" деп сөөмөй кезеген? Дин кызматкерлери менен Бишкектеги акробатика боюнча мектептин жетекчиси Ольга Чжао-Тун-Кундун жолугушуусу эмне менен аяктады? Эмне үчүн орто статистикадагы кыргызстандык кыз Марина Ким айткандай "эркектин тиркемеси" болуп калган?

Sputnik агенттиги кыргызстандык 14 айым менен сүйлөшүп алардын "кыз-келиндер" темасына арналган ойлорун жазып алды. 

Кыргызстандык айымдар эмне тууралуу ойлоно турганын билүү үчүн "Көрүүнү баштоо" деп жазылган саргыч түстөгү баскычты басыңыз. Ал иллюстрациянын борборунда жайгашкан. Материал толук экрандык режимде көрсөтүлөт. 

Эгер баскыч кайсы бир себептер менен иштебей жаткан болсо, төмөндөгү шилтемеге кириңиз.

1936
Белгилер:
аялдар, Любовь Малеева, Алия Шагиева, Алтынай Жумашева, Марина Ким, Айжан Асемова, Аида Салянова, Дамира Ниязалиева, Кыргызстан
Тема боюнча
Айжан Асемова: энесинин эркелери менен көпкөн мырзалар мени кызыктырбайт
Бойдокчулук менен качан коштошуу керек? Үйлөнүү көйгөйү

Кыргызстандын облустары бийкечтердин бейнеси менен

0
(жаңыланган 17:33 07.02.2017)
Нарын деген кызды элестете аласызбы? Ош деген селкиничи? Sputnik Кыргызстан стилисттер Ирина Федоренко, Елена Редько жана Марлес Устабаев менен бирге кыздарды Кыргызстандын эң бөтөнчө картасына айландырды.

Тапшырма мындай болду: карамагыңызда жети кыз, боёк-упа жана Кыргызстанын жети облусу бар. Моделдердин ар бири бирден аймакты элестетиши керек. Албетте, Ысык-Көл облусун кандай кылып беришти баары билет: деңиздей көк түс жана ак көбүктүү толкундар болсо жетет. 

Ал эми Таластын же Нарындын өзгөчөлүгүн кантип бересиз? Иш жүзүндө баары ойлогондой жеңил болгон жок. Sputnik Кыргызстан агенттигинин балдары менен стилисттер идеяны ишке ашыруу үчүн бир топ баш катырышты. 

Ар бир кыз менен иштөөгө төрт сааттан жети саатка чейин убакыт кетти. Мындай катаал чыгармачыл толгонуулардын натыйжасын көрүш үчүн, сүрөттүн борборунда жайгашкан "Кароону башта" деген сары-кызыл кнопканы басыңыз. Материал экранга толук ачылат. 

Сиздин каражатыңызда кнопка кайсы бир себеп менен иштебесе, кийинки шилтеме аркылуу кириңиз.

Кыргызстандын аймактарынын кооздугу тууралуу кененирээк маалыматты Sputnik агенттигинин "Кыргызстанга саякат" лонгридинде билсеңиздер болот>>

0
Белгилер:
боди-арт, сулуулук, кыздар, чыгармачылык, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу, Баткен облусу, Ош облусу, Талас району, Нарын облусу, Чүй облусу, Кыргызстан

Бишкектин айтылбаган тарыхы: архивдик сүрөттөр жана архитекторлордун эскерүүсү

0
(жаңыланган 11:34 05.07.2016)
Бүгүн Кыргызстандын борбор шаары Бишкек өзүнүн 138 жылдыгын белгилеп жатат. Sputnik Кыргызстан башкы калаанын акыркы 80 жыл ичинде кандай өзгөрүүлөргө туш болгонуна кызыгып, архитектуралык имараттарына баам салып көрдү.
предоставлено Центральным Госархивом КР

Чакан, бирок көзгө жакшынакай көрүнгөн Фрунзе шаары сиздин эсиңизде барбы? Болбосо 80 жылды камтыган сүрөт түрмөгүн көрүп, азыркы Бишкектин "өткөн чагына" көз чаптырып көрүңүз.

Бишкектин өзгөргөнүнө күбө болуу үчүн "Көрүп баштоо" деген кнопканы басуу керек. Эгер ал болбосо кийинки шилтеме менен өтсөңүз болот.

Бишкек шаарынын негизделгендигинин 138 жылдыгына карата 138 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

0
Белгилер:
архив, архитектура, курулуш, Сүрөт, Фрунзе, СССР, Бишкек
Тема:
СССРсиз чейрек кылым
Тема боюнча
Бишкекти карай: айылдыктар шаарга канча убакытта каттап турушат
Балмуздак, ыр-күү жана майрамдык маанай. Бишкектиктер шаар күнүн тосушту
Аял кол чатыр менен жамгыр учурунда. Архив

Кайра жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

0
(жаңыланган 09:05 12.07.2020)
Бул жумада аба ырайы туруксуз болот. Кээ бир жерлерде күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал. Апта аяктап калганда абанын температурасы жогорулай турганы айтылды.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Билдирмеге караганда, бул жумада аба ырайы туруксуз болот. Кээ бир жерлерде күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал.

12-июль түнкүсүн Талас облусу менен Бишкек шаарынан башка аймактарда өткүн өтүп, жаан жаайт.

13-июлда Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарында күн ачылат.

Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу

14-июлда Ысык-Көл, Нарындын кээ бир жерлерине, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы божомолдонууда.

Ал эми 15-16-июлда өлкөнүн дээрлик бардык облустарында күн ачык болуп, абанын температурасы +35...+36 градуска чейин ысышы ыктымал.

0
Белгилер:
жаан, аймак, облус, аба ырайы, Кыргызгидромет, Кыргызстан
Тема боюнча
COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты