Тапшырма мындай болду: карамагыңызда жети кыз, боёк-упа жана Кыргызстанын жети облусу бар. Моделдердин ар бири бирден аймакты элестетиши керек. Албетте, Ысык-Көл облусун кандай кылып беришти баары билет: деңиздей көк түс жана ак көбүктүү толкундар болсо жетет.
Ал эми Таластын же Нарындын өзгөчөлүгүн кантип бересиз? Иш жүзүндө баары ойлогондой жеңил болгон жок. Sputnik Кыргызстан агенттигинин балдары менен стилисттер идеяны ишке ашыруу үчүн бир топ баш катырышты.
Ар бир кыз менен иштөөгө төрт сааттан жети саатка чейин убакыт кетти. Мындай катаал чыгармачыл толгонуулардын натыйжасын көрүш үчүн, сүрөттүн борборунда жайгашкан "Кароону башта" деген сары-кызыл кнопканы басыңыз. Материал экранга толук ачылат.
Сиздин каражатыңызда кнопка кайсы бир себеп менен иштебесе, кийинки шилтеме аркылуу кириңиз.
Sputnik агенттиги кыргызстандык 14 айым менен сүйлөшүп алардын "кыз-келиндер" темасына арналган ойлорун жазып алды.
Кыргызстандык айымдар эмне тууралуу ойлоно турганын билүү үчүн "Көрүүнү баштоо" деп жазылган саргыч түстөгү баскычты басыңыз. Ал иллюстрациянын борборунда жайгашкан. Материал толук экрандык режимде көрсөтүлөт.
Эгер баскыч кайсы бир себептер менен иштебей жаткан болсо, төмөндөгү шилтемеге кириңиз.
Чакан, бирок көзгө жакшынакай көрүнгөн Фрунзе шаары сиздин эсиңизде барбы? Болбосо 80 жылды камтыган сүрөт түрмөгүн көрүп, азыркы Бишкектин "өткөн чагына" көз чаптырып көрүңүз.
Бишкектин өзгөргөнүнө күбө болуу үчүн "Көрүп баштоо" деген кнопканы басуу керек. Эгер ал болбосо кийинки шилтеме менен өтсөңүз болот.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.
Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.