зардалы
Эч ким телефон колдонбойт, TV көрбөйт!
Табышмактуу кыргыз кыштагынан кызык баян
ЗАРДАЛЫ
Эч ким телефон колдонбойт, TV көрбөйт!
Табышмактуу кыргыз кыштагынан кызык баян
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек арасына кызыктуу баяндарды издей сапар алдык. Жүрүп отуруп, кыргыз айылдарынын бирине — Зардалыга туш келдик. Жергиликтүү калк бир нече кылым мурун ата-бабалар жашап өткөн шарттарда турмуш кечиришет экен. Телефон көтөрүшпөйт, телевизор көрүшпөйт, электр энергиясын таптакыр пайдаланышпайт.
Зардалы айылына дейре машине менен жылдын саналуу айында — ашуунун ак кары эриген убакта гана жетүүгө болот. Биз ал жакка апрелде бет алганбыз. Унаада узак жол жүрүп, андан ары оор баштыктарыбызды жонубузга артына тар тилке жол менен төрт саат жөө басууга туура келди.

Бийиктиктен башы айлангандар бул жакка келбей эле койгону оң. Сол тарапта тик аска, оң жагыбызда түпсүз жар.

Айдоочубуз Сайитжалал байке жолоочулардан жарга кулагандары көп болорун айтып берди. Өзү да бир топ жыл мурун дал ушул жолдо өлүмдөн калган экен.
"Ошол күнү Зардалыга бет алгам, капысынан таш кулап, башыма тийди. Оор жаракат алыпмын. Баары мени өлүп калат го деп ойлошуптур. Ичер суум бар экен, аман алып калышты. Азыр баскан сайын оорутканы менен эл ичинде жүрөм", — деп эскерет ал.
Сайитжалал Матмуратов
айдоочу
Сайитжамал байке өзүнүн кошунасы тууралуу да айтып берди. Ал коңшу айылга азык-түлүк алганы барат. Эртеси күнү дайрадан анын сөөгүн табышыптыр. Байкуш киши жүз метрлик жардан кулаптыр, бул 30 кабат имараттын бийиктигиндей жер. Андан кийин дал ошол эле жерден жубайлар да кулап, каза табышкан экен.
Зардалыны асман тиреген аска-зоолор курчап турат. Жазында, өрүк гүлдөгөн маалда аймак бир башкача көрккө бөлөнөт
Соңку бир нече кылымда Зардалыда жашоо жаңырып кетпеди. Жергиликтүү тургундар 200 жылдык тарыхы бар тамдарда күн кечиришет.
"Сен өмүрүбүздө көргөн экинчи орус кызсың. Биринчиси — былтыр кыштагыбызга келип кеткен депутат Карамушкина. Биздин көйгөйлөрүбүздү чечүүгө ниеттенди, бирок өзүң көрүп тургандай, айылыбызга ким келсе деле жашообуздун жакшырып кетишине таасир этпейт", — деп улутунат кыштактын эзелки тургундарынын бири Жакып Сүйүнов.
Жакып Сүйүнов
кыштактын эзелки тургундарынын бири
Майрам Каримова, Зардалынын жашоочусу
Зардалылыктардын уюлдук телефону да, телевизору да жок. Айылда алтургай электр жарыгы тартылган эмес, байланыш тартпайт, газ, суу түтүгү деген түшкө да кирбейт. Маалыматтын жападан жалгыз булагы — тек гана тажик радио толкунун кармаган радио.

СССР кезинде эле бул жакка электр тогу тартылмак, бирок ага жетпей Союз ыдырап кетет. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери бул маселе дегеле көтөрүлгөн эмес.

Кайра эженин үйүнө түштүк. Үйдүн кожойкеси өз колу менен күн батареясын жасап алган. Анын кубаты бир нече мүнөткө жетет.
"Кечкисин ар бир үйдө бир нече мүнөткө гана жарык жанат. Кымбат баалуу генераторлорго каражатыбыз жок. Казанда тамак жасап, чайды темир чайнектерге очокто кайнатабыз", — дейт ал.
Кайринса Ормошева
Зардалынын жашоочусу
Кичинекей балдар карточка десе ичкен тамагын таштай салат. Оюндун эрежеси жөнөкөй: алакан менен карточканы оодара чабуу керек. Ким көбүрөөк оодарса, ошол жеңүүчү болот
Майрам эженин айтымында, зардалылык айымдар убактысынын көбүн бала тарбиялоого, ашканага жана айыл чарбасына арнайт.

— Света, сен канчадасың?
— 23төмүн.
— Турмушка чыккансыңбы, балдарың барбы?
— Жок.
— Бечара, сендей кезимде үч баланын энеси болуп калгам. Азыр жети балам бар.

Караңгыда тамак жасаганда мындагы аялдар башына шахтерлордукундай чырак тагып алышат. Керосин чыракка караганда мунун жарыгы жакшыраак жанат, көтөрүп жүрбөй, ыңгайлуу да келет. Үй оокатына кыздары көмөктөшөт. Зардалынын балдары эрте жетилет, төрт-беш жашынан тарта эле ата-энесинин жеңилин жерден, оорун колдон ала башташат. Кыздар тамак жасап, үй жыйнашат, уулдары жер иштетишет.
Жергиликтүү тургундар өздөрү эле кыштакка суу буруп алышкан. Дарыянын жээгинен чакан кудук казып, арыкты кеңейтишкен. Бул аракетинин аркасында жергиликтүү калк жыл бою суу менен камсыз болуп турат.
Бир жарым жыл бою террорчулар кыргыз кыштагын барымтада кармап турган

Бир жарым жыл бою террорчулар кыргыз кыштагын барымтада кармап турган

Кыштакка келгенибизден бир саат өтүп-өтпөй бизге формачандар келишти:

— Документ, ошондой эле чек ара аймагында тасмага тартууга уруксатты да кошо көрсөтүңүздөр.

Документтерибиздин баары жайында эле. Чек арачылардын мындай сактыгы тегин жерден эмес. 20 жыл мурун айылды террорчулар – Өзбекстандын ислам кыймылынын согушкерлери басып алган. Кыргызстан аркылуу коңшу Өзбекстанга өтүүгө ниеттенишкен. Эки жыл бою айылдыктарды улам барымтага алып турушкан.
Зардалыдан анча алыс эмес жайгашкан чек ара заставасы 1999-жылдан кийинки каргашалуу окуялардан соң ачылган
Сакалчан согушкерлер бийликтин өкүлдөрүн жана милиция кызматкерлеринин баарын жок кылууну көздөшкөн. 1999-жылы айыл өкмөт башчысынын орун басарын өлтүрүшкөн. Андан соң жаш милиционер Касымбек Шадыбековду туткунга алышкан.
Ал күндөр тууралуу Баткен окуясынын бир нече курмандыгы көмүлгөн көрүстөн эске салып турат
Баткен окуясынын күбөлөрү анын өлтүрүлгөнүн эстеген сайын үрөйлөрү учат. Согушкерлер Касымбектин аларга кызмат кылып, малай болушун талап кылышкан. Баш тартканында согушкерлер анын башын алмак болушат. Кансырап, жаны чыга элек кезинде чуңкурга түртүшөт. Узакка азап чегет, бир нече сааттан кийин гана согушкерлердин бири аны атып салган.
Зардалыга кирип келген согушкерлер айылды бүтүндөй барымтада кармап турган эле
Бир топ айдан соң Касымбекти өлтүргөн дал ошол согушкер жараат алып, каза тапкан.

Тургундардын баарын көчөгө чыгарып, намазга жыгылуусун талап кылышкан. Террорчуну Касымбек Шадыбековдун мүрзөсүнө жакын көмүшкөн.

Өзбекстандын ислам кыймылы динге жамына жырткычтык аракеттерге барган. Баткен окуясынын күбөлөрү согушкерлер көрүстөндөрдү кордогонун, адамдарды намазга жыгылууга мажбурлаганын, коменданттык саат жарыялап, аларга баш ийбегендерди оор өлүм күтөрүн айтып коркутушканын эскеришет.
Эрежесине баш ийбеген жашоочуларды өлүм жазасы менен коркутушкан. Мечитке келип намаз окууга мажбурлап, айылга коменданттык саат жарыялашкан
Ошол каргашалуу күндөрдөгү окуялардын кесепети айылдыктарга көп жылдан кийин да тийди. Жергиликтүү фельдшер Турсунали Ормошов 2014-жылы Баткен окуясында талаада көмүлгөн минадан беш бала жабыркаганын айтат.
"Балдар минаны таап алып, ойной башташат... Алар "оюнчук" деп ойлоп, таш менен уруп, ичинде эмне бар экенин көргүсү келет. Ошондо ал жарылып кетип, беш бала жабыркаган", — дейт ал.
Турсунали Ормошов
жергиликтүү фельдшер
Наристелердин бири дароо жан берген. Калганын айылдыктар замбилге салып тоону ашып, ооруканага жеткиришкен. Баткендин ооруканасына дейре тоолорду аралай 4 саат, андан ары машина менен да ушунча сааттык жол. Дагы бир баланын жаны жолдо үзүлгөн. Үчөө аман калган экен.

Ошол кайгылуу окуядан кийин бийлик кыштакта фельдшердик-акушердик пункт курууга каражат бөлгөн. Турсунали Баткенден розанын көчөтүн атайын алып келип, ФАПтын айланасын жашылдандырган.
Айыл тоолор менен курчалгандыктан, жердин ар тилкеси табылгыс. Жергиликтүү жашоочулар өздөрүн өздөрү камсыздайт, картошкадан буудайга чейин айдашат.

Кыштакка чейинки жол азыркыга дейре чоң көйгөй бойдон калууда. Таш кулаган учурдун жана нөшөрдүн көптүгүнөн улам жыл сайын жолду оңдоо зарылдыгы келип чыгат.

Зардалынын айыл башчысы Абдилазиз Шаатов айылдын эркектери ушул иш менен алек экенин айтат. Ошондой эле алар кыштактын эң четиндеги үйлөргө чейинки жолду да өз колу менен куруп алышкан. Аскада үч чакырым жол салып, айылдын бардык үйлөрүн тилке жол менен байланыштырышкан.
"Зардалыда жазылбаган мыйзам бар: калаадан бир нерсе ала келиш керек болсо, мында эч ким бири-бирине жок дебейт. Ынтымагы бекем, бирөөсүнүн буюму бузулуп калса, жалпылап оңдоого жардамдашабыз. Антпесек, жашап кетүү кыйын", — деп түшүндүрөт айыл башчы.
Абдилазиз Шаатов
айыл башчы
Айылдагы бүлөлөрдүн дээрлик баары көп балалуу. Жок эле дегенде үч перзент бар
Зардалылыктар акыркы жыйырма жылда жакшы өзгөрүүлөр болгонун да моюнга алышат. Башталгыч мектеп ачылган. Бул жерде окуучулардын саны 20дан бир аз ашат.
Урунса Анарбай кызы мектепте англис тилинен сабак берет. Зардалыда төрөлүп, өскөн кыз Баткенде университетти аяктаган.
«Ишим өзүмө жагат. Такшалуу үчүн туристтер биз тарапка качан келет деп күтөм. Тилекке каршы, алар бизге аз келишет. 4 миң сом айлык алам. Жолдошум менен Баткенде үй куруп алуу үчүн иштеп турганым жакшы. Азыр ал ошол жакта, мен мында үйүбүзгө акча таап жүрөм», — деп пландарынан бөлүштү жаш мугалим.
Урунса Анарбай кызы
мугалим
Зардалыга келген чет элдиктер айран таң калат

Зардалыга келген чет элдиктер айран таң калат

Мындагылар Зардалынын алгачкы жашоочулары бул жерге алты кылым мурун келишкен деп айтышат.
"Бул жакка жер которуп келишкендер саха уруусунан болушкан. Жергиликтүү уламыштарга караганда, сахалардын жол башчысы вазири менен араздаша кетет. Анын каарынан кутулуу үчүн вазир бир ууч тарапташтарын ээрчите Зардалынын тоолоруна качкан имиш. Адам жаңы аяк баскан убакта азыркы айылдын ордунда жапайы жырткычтар байырлаган чытырман токой болуптур. Адамдар нечен жыл табияттан жерди талашкан экен. "Байыркы турмуштан" эки гана бак калган дешет: өрүк менен кайналы. Алардын жашы — 600 жыл", — дейт кыштактын эзелки тургундарынын бири.
Жакып Суйунов
кыштактын эзелки тургундарынын бири
Айтмакчы, өрүк дале шагы ийиле мөмө берет. Кулач жетпейт, сөңгөгү бир нече метрлик калыңдыкта. Биологдор да өсүмдүк бир нече кылымдык экенин танышпайт. Ал эми кайналы бир топ жыл мурун куурап калган. Ага карабай, жергиликтүү калк аны аздектеп, отунга деп кыюуга даай алышпайт. Бутагы сынып түшсө да ошол жеринде жата берет.
Бул жерлерди чет элдик туристтердин буту аз басат, көз жоосун алган кооздуктан куру калышат. Асман тиреген тоолор, гүлдөгөн өрүкзар, укмуштай меймандос эл... Бул туристтер үчүн бейиш эмей эмне?!

Сырттан кыштакка келгендердин кабары тез эле бүт айылга тарайт. Ар бири таанышып, таттуусун сунууга ашыгат, бир баштык кургатылган өрүгүн салып берет. Андан эч убакта баш тартпаңыз, антпесе, кожоюндун көңүлүн катуу оорутасыз.
Айылдыктар жерге өтө аяр мамиле жасашат, ар биринин жакшынакай огороду бар
Бул жакта баары табигый, мындагыдай даамдуу курут менен айранды Азиянын эч бир жеринен таткан эмеспиз! Мейманга таттуу сүзмөдөн да ооз тийгиздиришет. Жаңы союлган кой этинен очоктогу казанга куурдак кууруп беришет.

Жайкысын зардалылыктардын жаңы эрмеги – кол менен балык кармай башташат. Саратанда суу кирип, балык көбөйөт, кайырмаксыз эле кол менен кармап алууга болорун айтат айыл башчы Абдилазиз Шаатов.
"Таңга жуук дайрага жөнөйбүз, балык кармай баштайбыз. Албетте, кайырмак колдонсок да болмок, бирок анда окшошпой калат. Башка кайсы жерден кол менен балык кармайсыздар? Форель ушунча көп десеңиз, бир нече саат ичинде апта бою жегенге жетерлик балык кармай аласыз", — деди ал.
Абдилазиз Шаатов
айыл башчы
Зардалынын көчөлөрүндө мукам күү жаңырып турду. Бул — Зейнеп эженин ооз комузунун добушу.
"Өмүр бою ушул жерде жашайм, көчүп кетсем деле болмок. Бирок эч бир жерде мындай тоолор жок. Аба шарты да бөтөнчө. Суунун да бир даамы бар, күзүндө кандай түшүм аларыбызды эми бир көрсөңүз! Балдарым, неберелерим сөзсүз келип, эки жумача жүрүп кетишет. Бир жолкусунда мага мышык да ала келишиптир. Аймактагы жападан жалгыз мышык! Эми ал экөөлөп мейман тособуз", — деди зардалылык айым.
Зайнаб эже
Зардалынын жашоочусу
Зардалыга баргандан кеткенче бир кызык сезимде жүрдүм... Өлкөдө баары бул кыштакты эстен чыгарышкандай. Эч кимиси мындагы миңдеген киши суу, газ, байланышы жок турмуш кечирерин таптакыр унуткарышкан сыяктуу. Жакшы жашоону самап башка жакка эмнеге көчүп кетпейсиздер деген суроомо төмөнкүдөй так кесе жооп алдым:

— Биздин үйүбүз ушул жерде, башка кайда барабыз? Эч качан кайыр сурабайбыз.
Бүгүнкү күндө Чолок айылынын тургундарынын маянасы Бишкектеги кеңсе кызматкерлериникинен кем эмес. Болгону алар ачык асман, таза абада эмгектенишет, ал эми кыргыз эстрадасынын жылдыздары, белгилүү Instagram-блогерлер жана саясатчылар алар жасаган каттама менен сүт катыкталган чайдан тамшана татып кетишет.
Эркинай эже мурдагы президенттин чуулгандуу кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун тууганы, башка аялдардын курчоосунда кир жууп жатат. Ар бир кийимге көбүргүчө самын сүйкөп, бирок сууну абдан сарамжалдоодо...
Балким, Айдаркен Советтер Союзу маалындагыдай сакталып калган жападан жалгыз жер чыгар: жолдору таптаза, балдар мектепке пионердик форма менен барат, ал эми имараттардын алдында Ленин атабыз жылмайып турат.
Автор
Светлана Федотова

Фото жана видео
Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев
Жаңылыктар түрмөгү
0