Путин ыраазы болду! Кремлде жылдызы жанган 5 өнөрпоздун баяны

Путин ыраазы болду! Кремлде жылдызы жанган 5 өнөрпоздун баяны

Кремль залында көрүүчүлөр уу-дуу болуп жатып, сахнага өспүрүм кыз чыгаары менен тымтырс боло түштү. Ал теңтушу менен эки өлкөнүн эң таасирдүү адамдарынын алдында өз талантын тартуулайт. Sputnik Кыргызстандын журналисттери Кремлди багынткан үч кыргызстандык менен маектешти.
Мырзайым Токтосунова
Кремлдеги концерт алдындагы башкы репетиция жашыруун иш-чара сыяктуу өттү. Журналисттер бир нече гана номерди тартып алууга мүмкүнчүлүк алды. Уюштуруучулар 12 жаштагы Мырзайым бул кеченин жылдызы болорунан шек санаган эмес. Алардын ою ордунан чыгып, Россия президенти Владимир Путин дагы жаш артистти карап. жүзүндө жылмаюу пайда болду.
Эмитен эле саясаттан бир аз да болсо кабары бар өспүрүм бүгүнкү көрүүчүлөрү кимдер экенин жакшы түшүнөт:

— Сен кимдердин алдында өнөрүңдү көрсөтөрүңдү билесиңби?
— Билем! Президенттер Путин менен Сооронбай Жээнбековдун алдында.

Мырзайым бул үчүн сынактан кантип өткөнүн айтып берди:

"Биздин музыкалык мектепте мен жалгыз барабанчы кызмын, калгандары балдар. Мени кызсың деп тандап алышты. Өзүм дагы Москвага аябай баргым келгендиктен, көп аракет кылдым", — деди Мырзайым Токтосунова.
Бул кыз 6-класста окуйт. Күнүгө сабактары бүтөрү менен ксилофон аспабын өздөштүрүүгө барат. Анын эжелери дагы музыка менен алектенет. Баса, Мырзайым сахнага тагынып чыккан кичинекей таажыны эжелеринин бири белек кылган.
Россиялык Александрдын окуясы
Кыргызстандык комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу дагы, россиялык балалайкачы Александр Николайчук дагы өз өлкөсүндө белгилүү артисттердин бири. Андыктан көрүүчүлөр кыргызстандык күүчү "Ак тамак, көк тамакты", россиялык талант "Из-под дуба, из-под вязасын" мыкты аткара турганынан шек санашкан эмес.

Кремлдин сахнасында кыргыздын улуттук чыгармасы "Ой, комузчу" балалайка менен жаңырганда элдин кол чабуусу залды жарып кетейин деди. Андан соң унутулгус "Калинка" комуз менен балалайканын коштоосунда тартууланды.
Операторлор тарткан видеодон эки мамлекеттин башчылары өнөрпоздор талантын көрсөтүп жатканда жыймайып, сүйлөшүшкөн.

Александр Николайчуктун айтымында, мындай номерди даярдоо оңойго турган эмес. Даярдыктар концертке чейин бир ай мурда башталган.

"Биз чалышып, ойной турганыбызды макулдаштык. Алгач 23-февралда жолугуп, репетиция кылдык. Андан соң 25-февралда, кийинкиде концертке аз калганда Кремль сахнасынан чогуу ойнодук. Мындайча айтканда, үч ирет даярдандык", — деди ал.

Артисттер Закирбек конок болгондугуна байланыштуу номердин башын кыргыздын обону менен баштоону туура көрүшкөн.
Данияр Дөөлөтбаковдун баяны
Москвага учууга бир нече күн калганда Данияр Дөөлөтбаков менен анын грим бөлмөсүндө сүйлөштүк. Бул бөлмөдө ал гана эмес, дагы үч артист даярданат экен.

— Чынын айтканда мен сендей жогорку деңгээлдеги артисттердин грим бөлмөсү жакшы жасалгаланган болсо керек деп ойлогом.
— Мен деле качандыр бир кезде ошентип ойлочумун.

Чындыгында ырчы бул сөздү тамаша иретинде айтты. Анткени өзү жылдыз оорусунан алыс, караколдук карапайым үй-бүлөдөн чыккан бала, атасыз өскөн. Таланттуу баланы байкабай калуу мүмкүн эмес. Алгач Бишкектеги консерваторияны аяктап, кийин эки жыл Италияда тажрыйба топтоп келген. Бул учурда аны меценаттар каржылап турган.

Данияр Дөөлөтбаков сахнага чыкканда президенттердин реакциясына көз салбай турганын айтты.

"Владимир Владимировичтин көз карашы абдан курч эмеспи. Андыктан ал тарапты карабаганга аракет кылам. Антпесе толкунданып баштасамчы. Андан көрө ырдап жаткан ырымды ойлоном", — деди Данияр.

Артист катардагы эмес, Федор Шаляпин Европанын менмендеген сахналарында аткарып жүргөн айтылуу "Вдоль по Питерской" чыгармасын тандап алыптыр. Аны үч башка тембрдеги үн менен ырдоо керек.

"Бир фрагментинде мен сулуу кыздын колун суроо үчүн бараткан болом. Бул жерде жөн гана ырдай бербей, жан дүйнөмдөгү толгонууларымды көрсөтүшүм керек", — деди жаш ырчы.

Ал сахнадагы образын көпкө ойлонгон. Акырында фрак кийип чыгууну туура көрдү. Өзү айткандай, ырдап жатканда бир дагы жолу Россиянын президенти тарапты караган жок окшойт, бир дагы жаңылган жок.
Россиялык Аннанын окуясы
Даниярга орус классикасын өздөштүрүү оңой эле болсо, кыргызча ырдаган Большой театрдагы кесиптеши Анна Аглатова үчүн кыргыз тилинде ырдоо кыйла оор болгон. Ал кыргызстандык опера ырчысы Заира Раимбекова менен "Көл вальсын" аткарды.

"Сөздөр чындыгында татаал болду. Кыргыз тили оңой эмес экен, сөздөрдү айтып жатканда толкундандым. Залда отурган элдин тилинде ырдоо кыйын, бирок мага Кыргызстандагы кесиптештерим жардам берди", — деди ырчы.

Ал чыгарманы мыкты аткаргандыгы тууралуу концерттен кийин көрүүчүлөр кобурашып калышты. Алар ырчынын акценти өтө деле билинбегенин айтышты.
"Мамлекеттердин достугу сүйүндүрөт. Ынтымакташып жаткан өлкөнүн тилинде ырдоо жакшы идея болду. Мен Заирага ыраазычылык айтам, ал мен эмне жөнүндө ырдап жатканымды түшүндүрүү үчүн ырдын текстин которуп берди", — деди артист.

Анна Аглатова Россияга гана эмес, дүйнө элине таанымал опера ырчыларынын бири. Европа, Азия жана Американын сахнасында жылдызы жанган.
Эрлан Камытбековдун баяны
Кремлдин концерт залында манасчынын үнү жаңырып, кырк чоронун окуясын айтып жатты. Ондогон балет артисттери жоокер кийимдерин кийишкен. Бир маалда ары жактан аппак кийинген бийчи чуркап чыгып, отургандардын көңүлүн өзүнө буруп алды.
Бул 26 жаштагы Эрлан Камытбеков. Ал мындай кадырлуу коноктордун алдына биринчи ирет чыгып жаткан жок. Алты жыл мурда Эрландын талантына Кыргызстан, Белоруссия, Казакстан жана Россиянын лидерлери күбө болгон. Бирок бул жолу аны режиссёрлор жаңы образда алып чыгышты.

"Мен манасчынын ролундамын, Саякбай Каралаев сыяктуу, алар менен бирге жүрүп, кырк чоронун салгылашын айтып берем", — деди артист.

Өзүнүн айтымында, өмүрүн балетке байлагысы келген эмес. Баягы эле балет эркектин кесиби эмес деген түшүнүк оюнан кетпей койгон, бирок азыр эч нерсеге өкүнбөйт. Дал ушул кесибинин, талантынын жардамы менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кыдырып келгенин айтат.

Кыргызстандан Москвага 200 кишиден турган чыгармачыл топ барды. Сахнага Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестри, "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, "Ак марал" бийчилер тобу жана Улуттук опера жана балет театрынын хору чыкты.

Иш-чарага даярданууга эки айдай убакыт сарпталды. Режиссёрлордун бири мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов болду.

"Биз мындай концертти күн сайын эле даярдап жаткан жокпуз! Андыктан даярдык маселелерин талкуулоо үчүн үч ирет Москва шаарына барып келдик. Канча микрофон болот, жарык кантип берилет, костюмдар, артисттердин саны, мунун баары абдан маанилүү", — деди режиссёр.
Залга алты миңден ашуун көрүүчү отурду. Айрымдар эки президент бир аздан кийин кетип калат деп болжолдошту эле, Путин да, Жээнбеков да салтанаттын аягына чейин калышты.

Көрүүчүлөрдүн концерттен кийинки маанайына караганда эки өлкөнүн өнөрпоздорунун эмгеги талаага кетпептир.

Бул концерт Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылын ачты. Жалпысынан бул жылы эки өлкөдө 200гө чукул иш-чара белгиленген.
Автор
Асель Минбаева
Лев Рыжков

Фото
Максим Блинов
Табылды Кадырбеков

Видео
Эмиль Садыров
пресс-служба президента КР

Дизайнер

Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0