Бааны көтөрбөсөк, банкрот болобуз!
КРде кескин кымбаттап жаткан товарлардын тизмеси
Кыргызстанга сырттан ташып келинген көп сатылчу товарлардын баасына доллардын жаңы курсу кандай таасирин тийгизгенин эсептеп көрдүк.

Эң зарыл товарлардын наркы Кыргызстанда ушунчалык ыкчам көтөрүлгөндүктөн, мамлекет ишкерлерге мыйзам менен эскертип, белгилүү бир суммадан ашыра сатпоого милдеттендирген!

Соңку кезде доллардын куну асмандап кеткенине күбөбүз: аз убакыт мурда эле анын баасы 70 сомдон ашпай келсе, ушул тапта америкалык валюта 83 сомдон сатылууда. Кыргызстандагы бааларга доллардын баасы кандай таасир этерин сураштырдык.
Тамак-аш
Кыргызстанга товарды алып кирүүдөгү дүң баа көрсөтүлдү
Кыргызстан агрардык өлкө деп канча какшаганыбыз менен жыл сайын жарандар алыскы чет өлкөдөн ташып келинген азык-түлүккө миллиондогон доллар жумшашат. Мисалга алсак, тоок эти. Тоок этинин басымдуу үлүшү Түркия, Украина, АКШдан ташылат. Кыргыз жергесинде цитрус да өспөйт, бирок кытайлык мандариндер жана ташкенттик лимондор бар.

Биздин дүкөндөрүбүздүн текчелеринде банан, украин момпосуйлары, Пакистандын күрүчү да тизилет. Мунун баарын Кыргызстан доллар менен сатып алат, демек, америкалык валютанын курсунун кескин өсүшү сом менен коюлган баалардын да жогорулашына алып келери турган иш.

Ошого карабай айрым кыргызстандык саясатчылар ишкерлерден бааны мурдагы калыбында кармоону талап кылууда. Бизнес бул мүмкүн эместигин айтып баш чайкап жатат. Артур Фархутдиновдун компаниясы сырттан тоок эти, май, кант жана башка азык-түлүктөрдү ташып келет. Ал бааны ооздуктоо чаралары эмнеге майнапсыз экенин айтып берди.

«Мындай билдирүү жасаган саясатчылар куру популизм менен алек. Бул менин жеке пикирим. Бааны бир гана ыкма менен кармоого болот: доллардын бир нече апта мурунку – 70 сомдук курсун кайтарып бергиле. Доллардын куну өскөн сайын сырттан ташып келинген товарлардын баасын ооздуктоо мүмкүн эмес. Балким, жергиликтүү өндүрүшчүлөр койгон бааны жөнгө салууга болор, бирок алардын көпчүлүгү да сырьёну чет өлкөдөн ташыйт», — деп белгилейт ал.

Ошону менен бирге эле азык-түлүктүн көбү Россия менен Казакстандан импорттолот, бирок доллар эмес, рубль жана теңге менен сатып алынат. Алар кымбаттабаш керек эле, бирок ал товарлардын баасы да көтөрүлдү.

«Эгер тоок эти тууралуу айтсак, акыркы күндөрү россиялык өндүрүм 20 рублге жогорулаган. Бул коронавирустун айынан суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу, андыктан алар бааны көбөйтүштү. Андан улам биз дагы бааны көбөйтүүгө аргасыз болдук, анткени аларды кармап турууга алыбыз келбей калды. Мурдагы баасында калтырсак, анда банкрот болобуз», — дейт Фархутдинов.

Мындай жагдайда бир гана жол бар: өз өндүрүшүбүздү кызуу өнүктүрүүгө тийишпиз. Бирок бул да көйгөй жаратпай койбойт, себеби биз жыл сайын европалык өндүрүшчүлөрдөн бир жарым миллион долларга үрөн сатып алчубуз, демек, алардын баасы да кымбаттабай койбойт.

Ал эми «Кыргызлэнд» экспортчулар жана импортчулар биримдигинин төрайымы Ленара Ниязбекова кандай кыйынчылык тартсак да жазгы талаа иштери жүргүзүлүүгө тийиш экенин айтат.

«Азыр Республикалык штаб дыйкандардын айдап-себүү иштерин ийгиликтүү аякташына бардык шарттарды түзүп бериши зарыл. Аларга үрөн жана жер семирткичтерди сатып алып, жеткирип берүүгө көмөктөшүү керек», — деди ал.

Ниязбекованын айтымында, коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаал мамлекетти азык-түлүк өндүрүшүнө көз карашын өзгөртүүгө түртөт.
Медицина
Кыргызстанга товарды алып кирүүдөгү дүң баа көрсөтүлдү
Дары-дармек борбор калаадагы орто статистикадагы бир үй-бүлөнүн бюджетинин эң көп каражат сарпталчу керектөөлөр тизмегинде (азык-түлүктү кошо санабаганда) алтынчы сапта.

Көрсөткүч өйдөлөшү мүмкүн, себеби кыргызстандыктар жыл сайын чет өлкөдөн ташып келинген дары-дармекке миллиондогон доллар жумшашат.

Бул рыноктун эң чоң бөлүгүн индиялык дары-дармек ээлейт, жылына ага 25 миллион доллар керектелет. Андан кийинки сапта түрк жана немец өндүрүшүндөгү дарылар турат (аларга 15 жана 10 миллион доллар кетет).

Мамлекет дары-дармектин кымбатташына жол бербөө үчүн болгон күчүн жумшоосу абзел деп эсептейт мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.

"Өзүбүздүн дары чыгаруучу заводдорубуз бар, бирок алар биздин рыноктун муктаждыгын толук жоё албайт. Муну мен жакшы билем. Өкмөт баанын жогорулашына жол бербей тургандыгын билдирүүдө, буга ишенем. Азыр биз үч айга дары-дармек менен камсыздалганбыз. Менимче, азыр Кыргызстан дары өндүргөн өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү шарт», — деп белгилейт ал.

Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкери Эркин Чечейбаев алдыда дары-дармектин кымбатташынын жакшы жагы да бар экенин боолголойт.

«Тилекке каршы, биздин өлкөдө дары-дармекти керектөө ашкере жогору. Адамдар жарнамаларга, биологиялык активдүү кошумчаларга ишенип өздөрүн өздөрү дарылай беришет, ал эми дары-дармек ишканалары товарын кызуу жайылтууда, ал тургай, муну ак ниеттүүлүктөн тайган медициналык кызматкерлер аркылуу ишке ашырышат. Жалпысынан керектөөнү, дары-дармекти кыскартуу зарыл», — дейт ал.
Автомобилдер
Кыргызстанга товарды алып кирүүдөгү дүң баа көрсөтүлдү
2014-жылдагы каатчылык маалында Бишкектин унаа рыногундагы автомобилдердин баасы болуп көрбөгөндөй арзандаган. Ал кезде базарда машиналар ушунчалык толуп кеткен эле, бажы төлөмү көтөрүлөрдүн алдында көп ишкерлер кийин кымбат сатууга унааларды камдап алышкан. Ишкерлер автомобилдерди Казакстан менен Россияда сатууну пландашкан. Бирок ЕАЭБ өлкөлөрүндө машина сатуу үчүн төлөм төгүш керек болуп чыкты.

Натыйжада Бишкектин унаа рыногунда Porsche бусиктерден арзандап, жогорку класстагы бул автонун баасы түшүп кеткен.

Кыргызстандагы автомобиль ташып келүү менен алектенген фирманын директору Данияр Салякаев бүгүнкү күндө да ошондой кырдаал жаралып, кайсы бир убакка чейин базарда автомобилдер арзандайт деп божомолдойт.

«Бир жыл аралыгында адамдар насыяларынан кутулуу үчүн тезинен автомобилдерин сатууга ашыккан жагдайга кабылышыбыз ыктымал. Менимче, эми ломбарддардын ити чөп жей баштайт. Бирок алдыга көз чаптырсак, баары бир бизде баа көтөрүлөт», — дейт ал.

Ишкердин божомолунда, кырдаал мындай нукта өрчүшү мүмкүн: башта кыргызстандыктар базарда турган унааларды айдай беришет, бирок кийинчерээк кандай болгон күндө да чет өлкөдөн машина алып келүүгө туура келет.

«Автомобилдер доллар менен сатып алынгандыктан, сомго айландырганда алар кымбатка түшөт. Менимче, кандайдыр бир мааниде россиялык автоөндүрүшкө кайтат окшойбуз, бирок дилерлердин божомолуна таянсак, россиялык машиналар да кымбаттайт», — деп боолголойт ал.
Кыймылсыз мүлк
Кыргызстанга товарды алып кирүүдөгү дүң баа көрсөтүлдү
2014-жылдагы каатчылык убагында турак жайлар да кескин арзандаган. Мурда бир бөлмөлүү батир келчү акчага каатчылык күч алып турганда "үч бөлмөлүү" үйлүү болууга мүмкүн болуп калган.

Бирок жаңы там тургузуу кымбатка айланган, дал ошондой жагдайга азыр да кабылабыз. Александр Степанюктун заводу чыгарган металл конструкцияларды Бишкектеги жаңы турак жайлардын жарымы пайдаланчу. Анын айтымында, доллардын өсүп бараткан куну курулуш материалдарынын кымбатташына тушуктурат.

«Биз Россиядан металлды долларга да эмес, рубль менен сатып алабыз. Бирок кен россиялык экенине, Россияда кайра иштетилгенине карабастан, бул өндүрүмдүн баасын бизге болжол менен 5-7 пайызга көтөрүштү. Анткени заводдордо колдонулган жабдыктардын көпчүлүгү доллар менен алынат», — дейт Степанюк.

Темир жол аркылуу ташуу акысы да жогорулады, өз кезегинде бул дагы соңку бааларга чагылбай койбостугун баса белгилейт ишкер.

«Тилекке каршы, бизде да, Россияда жана Казакстанда да темир жол тарифтери швейцариялык франк менен бааланат, ал эми биздин улуттук валюталардын ага карата курсу төмөндөп кетти. Бул да товардын соңку баасына таасирин тийгизбей койбойт», — деп түшүндүрдү ал.

Куну өскөн доллар турак жайга кандай таасир этерин курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров айтып берди. Анын айтымында, курулуш материалдарынын наркы эбак эле 10 пайызга көтөрүлдү.

«Биздин эсеп боюнча бул айрыкча премиум класстагы турак жайдын наркын ылдыйлатат. Анткени үйдүн каркасы негизинен жергиликтүү сырьё менен тургузулат. Бетону да, кышы да — баары өзүбүздүкү. Чет жерден доллар менен негизинен жасалгалоочу материалдар, лифт сатып алынат, дал ошол жерде чоң айырма чыгат», — деп ой жүгүртөт Садыров.

Ошону менен катар курулуш ишканалары турак жайга болгон суроо-талап да түшөрүнө, өзгөчө жеткиликтүү кыймылсыз мүлккө таасир этерин боолголошту.

«Эконом класстагы батирлерге катуу күч келет деп ойлойм. Бир чарчы метрдин наркы доллардын курсунан улам 5 пайызга көтөрүлсө деле турак жай сатып алууга бишкектиктердин көбүнүн чама-чаркы жетпейт», — деп белгилейт ал.

Садыров баса белгилегендей, курулушчу азырынча бааны жогорулатууга шашылбайт, ал эми чыгымдар өз пайдаларынын эсебинен жабылат. Азыр компаниянын башкы милдети — кандай кылса да өз объектилерин куруп бүтүү.
Тигүү тармагы
Кыргызстанга товарды алып кирүүдөгү дүң баа көрсөтүлдү
Долларга карата сом канчалык арзан болсо, кыргызстандык тигүүчүлөргө ошончолук кирешелүү деп эсептелет, себеби кийимди алар Казакстан менен Россияга, болгондо да доллар менен сатышат. Бирок баары оңой-олтоң эмес: коронавирустун жана рублдин кунунун түшүшүнөн улам россиялыктар кыргызстандыктар сымал эле жаңы блузка жана юбка сатып алууга ашыкпайт.

Ишкер Салтанаттын 30 тигүү машинеси менен чакан цехи бар. Каатчылыкка дейре ал айына 2000 доллардын тегерегинде тапчу, ал эми азыр бир убакта кирешелүү ишти биротоло жабуу туурасында чындап ойлоно баштады.

«Кездемелердин баарын сырттан, негизинен Кытайдан ташыйбыз. Биздин жана россиялык кездеме алда канча кымбат. Өзбекстандыкы арзан, бирок сапаты жагынан артта, анан да түрү аз», — дейт ал.

Салтанат тигүүчүлөр айына 30 миң сомдун тегерегинде таап келгенин, долларга айландырганда 430 доллар, эми жаңы курс менен алардын маянасы 360 долларды түзүп каларын түшүндүрдү.

«Төрт жыл мурун тааныштарымдын көбү Москвага тигүү цехтерин ачуу үчүн кетип калышкан. Бизде да ошондой ой болгон. Бирок кийин алардын иши оңунан чыкпай, бир тобу кайра кайтып, бирөө Москвада айдоочу болуп иштеп калган. Маселенин баары аларда кытайдын арзан кездеме жана фурнитурасынын жоктугунан улам ишти жөнгө сала албай койгонунда, ал жактагы материалдар менен иштөө кымбатка түшкөнүндө», — дейт Салтанат.

Кыргызстанда жашоо канча турат?
Кыргызстанга товарды алып кирүүдөгү дүң баа көрсөтүлдү
Бул каатчылыктын кесепетинен кыргызстандыктардын сатып алуу жөндөмү чабалдап кетерин айтат Кыргызстандын премьер-министринин экономика боюнча кеңешчиси Кубат Рахимов. Калк бир канча убакыт ашкере байлыкка көңүлкош калат.

«Бул автомобиль рыногуна, кымбат баалуу зер буюмдары, кыймылсыз мүлк, телефон рыногуна да таасир этет. Косметика жана кымбат баалуу кийим-кече мурдагыдай керектелбей калат. Бул бааларга чагылат, сатуучулар өз кирешеси, коромжуну азайтуунун эсебинен аларды арзан сатат. Бааны ылдыйлатуу акцияларынын баары — бааны жөнгө салуунун мурда көбүнесе запас менен аныкталчу элементи», — дейт серепчи.

Рахимовдун байкоосунда, ири компаниялардын көпчүлүгү доллардын баасы биринчи ирет көтөрүлгөндө эле товарлардын наркын курсту бир долларды 86, ал түгүл 90 сомго тууралап өзгөрткөн. Бирок чакан ишкерлик бааны кескин жогорулатпады. Жыйынтыгында ири оюнчулар бааны төмөндөтүүгө аргасыз болушту.

«Карапайым керектөөчүлөрдүн баарын товарды өздөрүнө төп баада сатып алууга тырышууга чакырар элем. Соодалашкыла, арзандатууну өтүнгүлө, ошол эле товарды арзаныраак баада издеп көргүлө. Мындан ары рынок сатуучуга эмес, сатып алуучуга таандык», — деп баса белгилейт Рахимов.

Ошентсе да баанын артка кайтышын күтүп болбостугун айтат "Борбор Азиянын трансчекаралык изилдөө түйүнү" коомдук фондунун директору Денис Бердаков.

«Бул узакка созулчу жагдай, ал калктын турмуш деңгээлинин төмөндөшүнө түздөн-түз таасир этет. Бизде эл сом менен акча табат, алар өз акчасына мурдагыдан азыраак товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алат. Бирок эртеби же кечпи, биз каатчылыктан чыкчу күн келет, сом түрүндө маяналар өсө баштайт», — дейт серепчи.

Өлкө каатчылыктан качан баш көтөрө баштарын серепчилердин жоромолдогусу да жок. Бирок баары дүйнө коронавирус пандемиясын канчалык тез жеңип чыгарына жараша экени айкын.


Булак
Евразиялык экономикалык комиссия

Редактор
Асель Минбаева

Фото
Виталий Тимкив

Дизайнер

Евгений Волохов
Жаңылыктар түрмөгү
0