Автоунаанын баасы кескин арзандайбы?
Серепчилердин пикири
Жергиликтүү автомобилдик рынокто баалар кандай өзгөрдү? Быйыл Кыргызстанга канча көлүк ташып келинди? Темир тулпарды кайсы маалда сатып алган оң? Бул суроолорго атайын окурмандар үчүн эксперттер жооп берди. Баса, макалада адистердин божомолу гана чагылдырылганын эскертебиз.
2020-жылы Кыргызстанга канча
автоунаа кирген
Россиядан ташып келинген машиналардын санын КР Бажы кызматы каттоого албайт.
Кыргызстандын автомобилдик рыногу азыр кандай абалда?
Mashina.kg ресурсунун башкы директору Тилек Ешеналиев машиналарды сатуу боюнча жарыялардын саны эки эсе азайганын айтат.

"Сунуштун кыскарышына доллар курсунун кескин өсүшү жана жалпы карантин таасир этти. Өзгөчө абал жарыяланганга чейин биздин ресурстун миңден ашуун колдонуучусу авто сатуу жөнүндөгү жарыяларды жайгаштырчу. Бүгүн бул көрсөткүч 400гө чейин түштү", — дейт Ешеналиев.

Ресурстагы жарыялар потенциалдуу сатып алуучуларга майдай жагат.

"Долларлык эквивалентте машиналар арзандады. Мисалы, кыргызстандыктардын сүймөнчүлүгүнө татыган 2003-2009-жылдары чыккан Lexus GX көлүгүнүн баасы төмөндөдү. Ал мурда 22-23 миң долларга сатылса, эми 17 миң долларга бааланууда", — деп белгиледи эксперт.


___

Автомобиль алып-сатуучу Айбек Касымов соңку айда бир дагы унаа сата алган эмес.

"Машина сатууга камынгандар азырынча кое турууну чечишти. Өзгөчө абал шартында расмий келишимдерди түзүүгө мүмкүн болбогону да буга себеп. Анан да жарандар автону кандай баада сатуу керектигин билбей турат. Доллардын куну өстү, ал эми жакшы машинанын наркын эч ким түшүргүсү келбейт", — деп белгилейт Касымов.

Тилек Ешеналиев
Mashina.kg ресурсунун башкы директору
Жакын арада унаа наркы кандай өзгөрөт?
"Борбордук Евразиянын транс чек аралык изилдөө түйүнү" коомдук фондунун директору Денис Бердаков карантинге жана доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу кырдаал өлкөнүн автомобиль рыногундагы баа саясатына олуттуу түзөтүүлөрдү киргизерине ишенет.

"Күндөн-күнгө адамдар жакырланып барат. Кыргызстандыктардын көбү насыя алышкан, алардан кутулууга туура келет. Баарынан оңою — машинасын сатып, дароо акчалуу болуу. Мындай жагдайда арзан автомобилди ылайык көргөндөр айрыкча жабыр тартат. Кайра сатууда алар өздөрү күткөндөн арзан түшүшү мүмкүн. Өзгөчө абал режими токтотулганда жарандар карызга батат. Ошондон улам унаа рыногунда сунуш жетишерлик санда, бирок суроо-талаптын аздыгынан машина баасы анчалык кымбат болбойт", — деп боолголойт серепчи.

Ал кымбат автолордун наркы да бир нече миң долларга ылдыйлайт деп эсептейт.

"Дүйнөлүк аналитикалык борборлордун маалыматы боюнча, бир жыл ичинде каатчылыкты жеңип чыгыш кыйын. Бир нече жылга созулушу мүмкүн. Мындай жагдайда алып-сатуучулар гана жапа чекпейт, өлкөдө жүздөгөн унаа оңдоочу жайлар белгисиз мезгилге дейре ишин токтотту. Өзгөчө абал жоюлган соң топтогон тыйыны жана машина сатып алуу ниети бар кыргызстандыктар кыйла арзан унаа издешет", — дейт Бердаков.

Денис Бердаков
"Борбордук Евразиянын транс чек аралык түйүнү" коомдук фондунун директору
Көз карандысыз эксперт, экономист Нургүл Акимова дагы мурда айдалган автомобилдер рыногунда баа төмөндөөрүн айтат.

"Сунуш суроо-талапка жараша, ал эми жакын арада суроо-талап жаралбайт. Ушул тапта адамдар автомобиль сатып алууга артыкчылык бербеси анык, колундагы каражатын күнүмдүк керектөөгө сарптайт. Ал тургай, топтогон акчасы бар кыргызстандыктар да азырынча авто сатып алууга ашыкпайт. Өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалды болжоп болбойт, жарандар жапырт жакырланууда, көпчүлүк сарамжалдоого аракет кылып жатат", — деп билдирет экономист.

Нургүл Акимова
Көз карандысыз серепчи, экономист
Экономика маселелери боюнча премьер-министрдин кеңешчиси Кубат Рахимов арзан автолордун баасы, тескерисинче, кайра жогорулай турганын боолголоодо.

"Машина — бүгүн байлык эмес, зарылдык. Өлкөдө коомдук транспорт убактылуу иштебей турганда унаа сатып алууга далалат кылбаган жарандар да бул вариантты ойлонуп калышты. Мисалы, шаардын башка бир учунда турган туугандарынан кабар алуу же ооруканага барууга туура келет", — деп түшүндүрөт Рахимов.

Кубат Рахимов
Экономикалык маселелер боюнча премьер-министрдин кеңешчиси
Кайсы маалда машина сатып алган оң?
Кыргызстанга автомобиль ташуу менен алектенген фирманын директору Данияр Салякаев бүгүнкү күндө чет элдик аукциондо машина сатып алуу пайдалуу экенин белгилейт.

"Мурда айдалган автолордун америкалык рыногунда баа орточо 20 пайызга төмөндөдү, айрым машиналар андан да арзандады. Баанын ылдыйлашы сатып алуучу доллардын курсунда жоготкон акчасын, ошондой эле бажы төлөмдөрүнүн бир бөлүгүн жабат. Ушул тапта да жүк ташылууда, муну эске алсак, чет өлкөдөн автону чөнтөккө төп баада сатып салуу толук мүмкүн", — дейт Салякаев.

Данияр Салякаев
КРге автомобиль ташуу менен алектенген фирманын директору
Денис Бердаковдун пикиринде, сатып алуу жөндөмү болжол менен бир жарым жылда эң төмөнкү чекке жетиши мүмкүн.

"Унаа базарындагы бүгүнкү жагдай бир нече жыл мурунку кыймылсыз мүлк тармагындагы каатчылыктын алдындагы убакты эске салат. Валютанын өйдө-ылдый болушунан кийин эл батир сатуудан баш тартып, жымжырттык көпчүлүгүн кыйынчылыкка тушуктурган. Анткени алар турак жайын сатууга киришкенде баа 20 пайызга ылдыйлап кеткен. Автомобилдер да ошондой күнгө кабылышы ыктымал. Экономикалык серепчилердин божомолдору көңүл жубатпайт, машина алып-сатууда акча табыш оңой-олтоң эмес. Сатуучулар куру дегенде салган акчасын чыгарып алышат", — деп белгиледи Бердаков.

Денис Бердаков
"Борбордук Евразиянын транс чек аралык түйүнү" коомдук фондунун директору
Кубат Рахимов автону азыртан эле ылайыктуу баада сатып алууга болорун түшүндүрүп берди.

"Рублдин девальвациясы да машиналардын арзандашына түрткү болду. Айрым автолор, мисалы, кымбат унаалар россиялык рынокто да 40 пайызга арзандады. Эгер машинаны кайра сатып пайда көрүүгө ниеттенсеңиз, анүчүн абал турукташканча күтүүгө туура келет. Ал эми жеке өзүңүзгө машина сатып алгыңыз келсе, анда эң арзан баа — шарттардын бири гана", — деп тактайт адис.

Кубат Рахимов
Экономикалык маселелер боюнча премьер-министрдин кеңешчиси
Кыргызстандын рыногундагы жаңы машиналар эмне болот?
Өзгөчө абал режиминде жаңы машиналардын сатылышы токтотулган, автоборборлор убактылуу иштебейт. Дүйнөлүк автоконцерндердин республикадагы расмий өкүлдөрү товарды доллар менен бекитилген баада сатышат. Америкалык валютанын курсунун өсүшүнөн улам автомобилдердин наркы сомго айландырганда орточо 15 пайызга кымбат түшөт.
Денис Бердаков ири автоконцерндердин өкүлдөрү да азыраак каатчылыкка кабылат деп ойлойт.

"Биздин өлкөдө жаңы машина сатып алууда кылы кыйшайбаган адамдар бар. Оор экономикалык абалдан кийин андай адамдардын катары азаят, бирок дилерлер жүздөгөн жаңы автолорун баары бир сатат", — деп жоромолдойт серепчи.

Денис Бердаков
"Борбордук Евразиянын транс чек аралык түйүнү" коомдук фондунун директору
Өзгөчө абал шартында автомобилди кантип сатууга болот? Юристтин кеңеши
Өлкөгө өзгөчө абал киргизилгени "Унаа" мамлекеттик мекемеси ишмердигин убактылуу токтоткон, эске салсак, бул транспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүктү берчү орган.
Юрист Владимир Плужник өзгөчө абал шартында келишим түзүүгө болорун айтып берди.

"Түзүлгөн кырдаалда сатып алуу-сатуу келишимин нотариуста түзүп, ал эми ӨА жоюлганда машинаны "Унаа" мамлекеттик мекемесинен кайра каттатып алууга болот. Жакын тууганына ишеним кат берип, аны менен катар сатуучудан тил кат жаздырып алыш керек. Өзгөчө абал режими жоюлганда тууганыңыз автону сизге — чыныгы ээсине каттатат", — деп түшүндүрдү Плужник.

Юристтин айтымында, машинаны чыныгы ээсине каттабай турган оң. Антпесе, мыйзам боюнча, кайра каттоого мүмкүн болбой калат. Жай убакта автону кайра каттоодо "Унаа" мамлекеттик мекемеси аркылуу сатуучу транспорттук каражатка арест коюлуп-коюлбаганы боюнча тастыктаманы берет. Ушул тапта бул кызмат убактылуу көрсөтүлбөйт, ар бир сатып алуучу сатуучуга ишенип-ишенбөөнү өзү чечет.

Владимир Плужник
Юрист

Булак
Мамлекеттик бажы кызматы, автоунаа сатуу боюнча mashina.kg ресурсу

Редактор
Светлана Федотова

Фото
Давид Залубовский, Evoximages.com

Дизайнер

Евгений Волохов
Жаңылыктар түрмөгү
0