Бутуна туруп кетиши үчүн Бишкекке канча акча керек?
Борбор калаа тууралуу 142 факт
Бутуна туруп кетиши үчүн Бишкекке канча акча керек?
Борбор калаа тууралуу 142 факт
Кыргызстандын башкы шаарынын туулган күнүнө карата сүйүктүү шаарыбыз тууралуу кызыктуу фактыларды чогулттук
Бишкегим, Бишкегим - борборум сен
Бишкегим, Бишкегим - борборум сен
1. Бишкекте 1 миллион 27 миң киши жашайт.

2. Борбор калаанын аянты 127 чарчы чакырымды түзөт.

3. Жылдын орточо температурасы — 11 градус жылуу.

4. Ай сайын Бишкектеги автобустар 909 миң жүргүнчү ташыйт.

5. Аймактык ички дүң продукциянын көлөмү ар бир бишкектик үчүн жылына 220 миң сомду түзөт.

6. Бишкектин ар бир алтынчы тургуну — жарды.

7. Бир тургунга 53 чарчы метр туура келет.

8. Жыл сайын шаар көчөлөрүндө 3 миңдей маршруттук таксилер жүрөт.

9. Он бишкектиктин жетөө — кыргыз, экөө — орус улутундагылар.
Сүйүнүч менен күйүт дайым эриш-аркак
Сүйүнүч менен күйүт дайым эриш-аркак
10. Бойдон алдыруудан улам жыл сайын жарык дүйнөгө 20 миң ымыркай төрөлбөй калат.

11. Жыл сайын Бишкекте 3 миң кишинин бирөө дайынсыз жоголот.

12. Ар беш саат сайын шаардагы бир ишкана ишин токтотот.

13. 27 мүнөт сайын жарык дүйнөгө бир наристе келет.

14. Бишкекте күн сайын 13 киши көз жумат.

15. Бишкек шаарында жашаган эркек орточо эсеп менен 66 жыл 7 ай жашаса, аялдар 76 жашка чейин өмүр сүрүшөт.

16. Троллейбустар бир гана Бишкек, Нарын жана Ош шаарларында жүрөт.

17. Күн сайын борбор калаада 7 жол кырсыгы катталат.

18. Бишкектиктердин 54 пайызы сунушталган 2100 калориядан аз тамак ичет.

19. Бишкек шаарынын 14-28 жаштагы ар бир онунчу тургуну башталгыч гана билимге ээ.

20. Борбордо жашаган жаштардын ар бир төртүнчүсү — жакыр.
Биздин экономика
Биздин экономика
21. Бишкек күн сайын 107 миллион сомго өнөр жай продукциясын өндүрөт.

22. Эгер жыл сайын Бишкекте аялдар үчүн тигилген пальто менен күрмөлөрдү шаардыктарга тең бөлсөк, ар бирине 24 даанадан туура келмек.

23. Күн сайын шаарда 301 миң сомдук айыл чарба продукциялары чыгарылат.

24. Эгер шаардыктар Бишкектеги тооктор гана тууган жумуртканы жей турган болсо, бир жумуртканы бир жылга жеткирүүгө туура келмек.

25. Бишкекте 72 миң компания катталган.

26. Бишкектеги саан уйлар саатына 56 литр сүт берет.

27. Борбор калаа жыл сайын жашоочулары үчүн 200 грамм гана камкаймак чыгарат.

28. Ай сайын шаардын бир тургунуна 2206 сом инвестиция туура келет.

29. Бишкекте бир жылда чыгарылган арактын көлөмү олимпиадалык бассейнди жарымынан толтура алат.

30. Бишкектеги жеңил өнөр жайларда чыгарылган байпактарды бөлсөк, ар бир шаардыкка 18ден байпак туура келмек.

31. Шаардагы үч ишкананын бирөө чыгым менен иштейт.

32. Четөлкөлүктөр жыл сайын Бишкекке 350 миллион долларга жакын инвестиция жасашат.
Чыгымдар тууралуу
Чыгымдар тууралуу
33. Бишкектиктер секунд сайын товар жана кызмат көрсөтүүгө 5 миң сомдой сарпташат.

34. Шаар тургуну бир күндө болжол менен 233 грамм жашылча жейт.

35. Бишкекте мүнөт сайын 5 422 долларлык товар сатып алынат.

36. Бишкектиктер билим берүүгө караганда байланыш кызматына эки эсе көп каражат коротот.

37. Күн сайын борбор калаада 26 миллион сомдук бензин сатылат.

38. Калаа тургундары 1200 сомдун бир сомун тамекиге жумшашат.

39. Шаардыктар күн сайын 2 литр сүт ичишет.

40. Бишкектеги чакан насыянын орто статистикалык көлөмү 75 825 сомду түзөт.

41. Иштеп табылган ар бир он сом кийим алууга коротулат.

42. Бишкекте жарым миллион адам жумуш менен камсыз болгон. Бул – Кыргызстан боюнча эң чоң көрсөткүч.

43. Шаардыктар бир жылда 79 334 олимпиадалык бассейнди толтура ала турган көлөмдөгү суу колдонот.

44. Иштеп табылган жыйырма сомдун эки сому маршруттук таксинин айдоочусуна же башка коомдук транспорттун кызматкерине берилет.

45. Бишкектиктер короткон каражаттын ар бир жүз сому электр энергиясы үчүн жумшалат.

46. Борбор калаанын 158 миң тургуну жакырчылыкта жашайт.

47. Азык-түлүк үчүн сарпталган акчанын көбү уй этине жумшалат. Экинчи орунда – нан.

48. Күн сайын орто статистикалык бишкектик бир бөлкө жейт.

49. Бир суткада колдонулган уй этин жалпы шаардыктарга бөлсөк, ар бирине 26 граммдан туура келет.

50. Бишкекте жашап кетиш үчүн ай сайын эң аз дегенде 5194 сом керек.
Айлана-чөйрө
Айлана-чөйрө
51. Жыл сайын атмосферага 26 миң тонна ууландаруучу зат чыгат. Бул жалпы республика боюнча алып караганда, жалпы көлөмдүн дээрлик жарымын түзөт.

52. Борбор калаада уулуу заттар топтолгон 17 жердин жалпы аянты 4 футбол аянтына барабар.

53. Мүнөт сайын шаардыктар бир тонна таштанды "чыгарат".

54. Ар бир дем алууда шаардыктар 5 нанограмм аммиак жана 4,5 нанограмм формальдегид жутат.

55. Жайында абаны 4,2 гектар жердеги бак-дарактар тазалайт.

56. Шаардагы саздак жерлер 36 гектарды түзөт. Бул "Ош" базары ээлеген аянттан 21 эсе чоң.

57. Бишкекте күн сайын 50 тонна өнөр жай таштандысы чыгат.

58. Айлана-чөйрөнү коргоо үчүн ишканалардын бир жылда короткон акчасы ар бир жаранга бөлгөндө 175 сомдон туура келет.
Ден соолук жана медицина
Ден соолук жана медицина
59. Жүз тургунга үчтөн дарыгер туура келет.

60. Саат сайын 24 бишкектик дем алуу органдарына байланышкан дартка чалдыгат.

61. Күн сайын 12 шаардык тамак-аштан ууланып, өзүн жаман сезет.

62. Бишкекте башка аймактарга караганда 2 эсе көп бронхиалдык астма менен оорушат.

63. 10 миң кишинин бирөө кургак учуктан каза болот.

64. Шаардагы 800дөй киши СПИД дартына чалдыккан.

65. Бишкектиктердин 1,5 миңге жакыны ВИЧке кабылган.

66. Ар суткада онкологиялык дартка чалдыккан бир киши катталат.

67. 9 миңге жакын бишкектик гарднереллез менен ооруйт, 1,7 миңи трихомониаз, 146сы сифилис менен жабыркайт.

68. Бишкектеги ооруканаларда үч миң орун бар.

69. Отуз ымыркайдын бирөө төрөт маалында же бир жашка чыга электе чарчап калат.
Кылмыштуулук
Кылмыштуулук
70. Күн сайын борбордо 35 кылмыш жасалат.

71. Шаардагы унаа ээлеринин 4 пайызы акыркы үч жыл аралыгында автосун уурдатышканын айтышты.

72. Ала качылган 10 кыздын бирөө гана милицияга кайрылат.

73. Чөнтөк ууруларды жана жоголгон буюмду табуу деңгээли 7 пайызды гана түзөт.

74. Бир суткада 2 киши дайынсыз жоголот.

75. Жасалган эң оор кылмыштын үчөө Бишкек шаарында болот.

76. Ар бир онунчу бишкектик батирин жок дегенде бир ирет тоноткон.

77. Бишкектеги респонденттердин 47 пайызы жана конуштарда жашагандардын 51 пайызы кечкисин үйдөн сыртка чыгуу кооптуу деп эсептейт.

78. Жыл сайын Бишкек шаарынан жарым тоннадай баңгизат алынат.
Аялдар жөнүндө
Аялдар жөнүндө
79. Алты миң аялдын бирөө төрөт маалында каза болот.

80. Күн сайын эркектер телевизорду 3 саат 48 мүнөт көрсө, аялдар 2 саат 21 мүнөт убактысын экрандын алдында өткөрөт.

81. Шаарда жашаган эркектердин 20 пайызы өтө жакыр жашаса, аялдар арасында бул көрсөткүч 16 пайызды түзөт.

82. Борбор калаада иштеген аялдар менен эркектердин саны бирдей.

83. Борбордо жашаган аялдар мырзалар тапкан акчанын 75 пайызын гана алат.

84. Мамлекеттик мекемелерде аял жетекчилер эркектерге караганда 5 эсе аз.

85. Бишкектиктердин 99 пайызында уюлдук аппарат бар.

86. Аялдардын 40 пайызы жетекчилик кызматтарды ээлешет.

87. Бишкекте эркектер тамак жасоого бир суткада болгону 4 мүнөт коротсо, аялдар бир сааттан ашык убакыт жумшайт.

88. Бишкек тургундарынын 53 пайызы — аялдар.

89. 175 кыздын бирөө 17 жашка чыгып-чыкпай көз жарат.

90. Аялдардын 45 пайызы контрацепциялык каражат колдонот.

91. Төрт кыздын бирөө өмүрүндө бир жолу тамеки тартып көргөн.

92. Айымдардын 63 пайызы ичимдикти даамдап көргөн.

93. Орто эсеп менен бишкектиктер иш ордунда 7,30 саат болсо, аялдар 5 саат 47 мүнөт болот.

94. Бишкекте төрөттүн 99,6 пайызын квалификациялуу медиктер кабыл алат.
Биздин үй
Биздин үй
95. Күн сайын борбор калаада бир жарым жаңы батир пайда болот.

96. 2015-жылы Бишкекте 453 миң чарчы метр жаңы турак жай курулган.

97. Өлкө аймагында салынган үйлөрдүн 37 пайызы Бишкек шаарында курулган.

98. Борбор калаада үйдүн чарчы метри 760 доллар турат.

99. 105-сериядагы эки бөлмөлүү батирди орто эсеп боюнча 38 600 долларга алса болот.

100. Шаардыктардын 13 пайызы турак жайларын өзү салган.

101. Шаардыктардын 37 пайызы батирлерин сатып алган.

102. Ар үч күн сайын борбор калаага жашоо үчүн бир киши келет.

103. Бишкекте жашаган ар бир жетинчи үй-бүлө батирде ижарада жашайт.

104. Ар бир шаардыкка 12,6 чарчы метр турак жай туура келет.
Балдар — биздин келечек
Балдар — биздин келечек
105. Бишкектиктердин көбү үй-бүлөдө үч баланын болушун жакшы деп эсептейт.

106. Бишкекте жалпы билим берүүчү 139 мектеп бар.

107. Бишкек шаарындагы келиндер биринчи баласын орто эсеп менен 24 жашында төрөгөн.

108. 18-49 жаштагы бишкектиктер жакын арада бала төрөп алууну пландашат.

109. Бишкектик келиндер Чүй облусундагыларга караганда аз төрөйт.

110. Бейрасмий маалымат боюнча, борбор калаада 500 бала бакча иштейт, бирок анын 129унун гана лицензиясы бар.

111. Күн сайын бала бакчаларга 25 миңге жакын кичинекей бишкектиктер барышат.

112. Борбор калаада баланы багуу үчүн айына жок дегенде 4392 сом керек.

113. Шаардагы ар бир үчүнчү бала никесиз төрөлгөн.
Жумуш жөнүндө
Жумуш жөнүндө
114. Жумушка жарамдуу шаардыктардын 49,7 пайызы жумуш менен камсыз болгон.

115. Бишкектиктер башка кыргызстандыктарга салыштырмалуу көбүрөөк акча табышат – орточо эсеп менен айына 20 миң сом. Бул Ош облусундагы көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эсе көп.

116. Ишке жарамдуу бишкектиктердин 556сын кары-картаңдар менен балдар түзөт.

117. Киреше катары иштеп табылган беш сомдун төрт сому – айлык. Экинчи орунда пенсия турат.

118. Бишкекте финансы тармагында иштегендер эң көп айлык алышат – 42 миң сомго жакын.

119. Эң аз айлык алгандардын катарында маданият өкүлдөрү, көңүл ачуу тармагында эмгектенгендер. Маянасы 11 миң сомдон бир аз ашат.

120. Курулуштагы орточо айлык 16 миң сом.

121. Бишкекте 5 миңге жакын жумушу жок адам катталган.

122. 16-28 жаштагы ар бир жетинчи бишкектик башка мамлекеттен бактысын издеп кеткен. Мындайлардын саны бир жылда миңге чамалап барат.
Көңүл ачуу жөнүндө
Көңүл ачуу жөнүндө
123. Бишкекте 348 мейманкана бар. Өлкө боюнча 966сы кызмат көрсөтөт.

124. Борбор калаада өлкө боюнча жалгыз цирк бар.

125. Республикадагы ресторандардын ар бир үчүнчүсү Бишкекте иштейт. Борбор калаада алардын саны 1 640.

126. Бишкекте 2 186 туристтик агенттик бар.

127. Шаардыктар кафелерге жылына 3,8 миллиард сом калтырат. Эгер бул сумманы шаарда жашагандарга бөлө келсе, ар бирине 3 900 сомдон туура келет.

128. Күн сайын тез татым жайларында 19 миллон сомдук тамак сатылат.

129. Орто эсеп менен бир бишкектиктин тамактануусуна айына 1 658 сом туура келет.

130. Бишкекте 8 театр бар. Өлкө боюнча алардын саны 20га жетет.

131. Бишкектеги ар бир жетинчи тургун китепканада болгон.

132. Шаардагы музейлерде 130 миң экспонат сакталат. Өлкө боюнча алардын саны 194 миңге жетет.

133. Бишкектин музейлерине жыл сайын жарым миллионго жакын киши келет.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө
Кызмат көрсөтүү жөнүндө
134. Он бишкектиктин жетөөнүн үйүндө газ плитасы бар.

135. Шаардыктардын 99,4 пайызы борбордук канализацияга кошулган.

136. Шаардыктардын ар бири таза суу менен камсыздалган. Бул өлкө боюнча алып караганда эң жогорку көрсөткүч.

137. Бишкектиктер үчүн Интернет башкаларга салыштырмалуу жеткиликтүү.

138. Ар бир үчүнчү шаардыктын автоунаасы бар. Шаарда 310 миң даана машина катталган.

139. Ар бир төртүнчү шаар тургуну үйдөн жумушка жана жумуштан үйгө карай жолдо он сомдон кем эмес акча коротот.

140. Бишкектиктердин жарымынын электр энергиясы бир жылда бир нече жолу өчүрүлгөн. Ал эми ар бир үчүнчү шаардык мындай көйгөйдү билбейт.

141. Он шаардыктын алтоонун ваннага түшүү мүмкүнчүлүгү бар.

142. Ар бир үчүнчү жаран коомдук мончо жана сауналарга барат.
Булак
Улуттук статистика комитети
Мамлекеттик каттоо кызматы
Ачык маалымат булактары

Редактор
Асель Минбаева

Фото
Табылды Кадырбеков, Михаил Дудин, Акылбек Батырбеков

Дизайнер

Даниил Сулайманов