Улуу Ата Мекендик согуш
Дарыя жоокерлерибиздин сөөгүнө толуп калган. Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян
Улуу Ата Мекендик согуш
Дарыя жоокерлерибиздин сөөгүнө толуп калган. Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян
Биз бул инсандар менен, тарыхтагы эң акыркы күбөлөр менен баарлашууга аябай ашыктык. Алар биздин окурмандар үчүн согушта баштарынан кечирген жүрөк тилген окуяларын айтып берди.

Бул баяндарды кагазга түшүрүш бизге оңой болгон жок. Ардагердин үйүнө телефон чалганыбызда кызы чаалыккан үнү менен: "Атам эбак жок, көзү өтүп кеткен" дегенин уккандагы сезимдерибизди сөз менен жеткире албайбыз. Же жаңы эле карыянын жылмая отуруп алып айтып бергенин уккансың. Эки күн өтпөй айрым учурларды тактоо үчүн телефон чалсаң, маектештин дүйнө салганын уккан башка учур. Үмөш Исаков менен дал ушундай болду. Ошол себептен Улуу Ата Мекендик согушту эсте сактоо үчүн ардагерлердин эң элестүү эскерүүлөрүн жыйноо биз үчүн абдан маанилүү эле.
Бизди кандай кордошконун элестете да албайсыңар
Досой Кадыровдун баяны
Согуш жаңыдан башталганда, тагыраагы, 1941-жылдын 5-июлунда фашисттерге туткун болдум. Кызыл армиянын офицери болгонум үчүн концлагерде кармашты. Фашисттер бизди адам эмес, айбан катары көрчү, алар бизди кандай эзип, кандай кордошконун элестете да албайсыңар...
Гитлерчилер бизди – СССРдин азиялык республикалары жана Кавказдын жашоочуларын франциялык партизандарга каршы күрөштүргүсү келген. Бул үчүн бизди Францияга поезд менен алып барган, бирок эшелонду союздаштардын аба күчтөрү бомбалаган. Анан биз чакчелекей түшүп чачырай качтык...

Бизди Елена Бертран деген француз кыз сактап калды, качкындарды атасынын шарап жер төлөсүндө жашырган. Ал кыз бизге француз партизандары менен байланышууга жардамдашты. Ошентип мен кайрадан фашисттерге каршы ок ата баштагам.

Дарманымдын барынча согуштум, бул үчүн офицер наамын жана француз Туруштук берүү медалын алдым. Согуштун үрөй учурган күндөрү Елена экөөбүз бири-бирибизге ашык экенибизди аңдадык. Жеңиштен кийин аны Кыргызстанга алып келдим.
Фашисттер бизди таштанды менен тамактандырып, кан алышчу
Вера Мусиенконун баяны
Концлагерге туткунга түшкөндө сегиз жашта элем. Фашисттер бизди — балдарды жолдун курулушу үчүн таш ташыттырышчу. Тамак-аштын калдыктарын, таштанды жечүбүз…
Жанымда үч жашар Юра деген бала бар эле, мени апа дечү. Сегиз жашымда чындап эле ошол наристенин апасына айланып, аны өлүмдөн сактоого аракет кылдым.

Немис врачтар өздөрүнүн жарадар жоокерлери үчүн бизден кан алышар эле. Анын айынан көп балдар чарчап калышчу. Бизди беларус партизандары жана кызыл армиячылар сактап калышкан... Согуштан кийин Юраны алыш үчүн чыныгы апасы келди, ал эми мен үй-бүлөмдү 18 жылдан кийин гана таптым.
Мени кенедей кыз деп ойлошкон
Валентина Касатыхтын баяны
Анда мен жапжаш, байкалбаган чалгынчы кыз элем. Биз саткынчыларды кармоого көмөктөшчүбүз. Үйлөрдүн биринде немистер үчүн иштеген диверсант жашырынганы тууралуу маалымат келди. Көңүлдөшүнүн үйүндө бекинип жаткан экен, кыязы.

Чындап эле ошол жерде жашап-жашабаганын текшерүү керек эле. Бул үчүн мени тандашыптыр. Алардын каалгасын тыкылдатып, ээн турган коңшу үйдү сурамакмын. Тапшырма боюнча мен ошол үйдө жашамак элем.

Эшикти жаш, татынакай аял ачты.

— Сага эмне керек?

— Бул үйдө ким жашарын билесизби?

— Не кыласың аны?

— Апам экөөбүз жашап турсакпы дегенбиз.

— Ким жашарын билчүмүн, бирок алардын көчүп кеткенине көп болду. Эки жылдан бери кат-кабар алышпай калдык.
Ошол убакта үйдөн олбурлуу, бөйрөгүн таянган эркек киши чыга келди. "Чекист сурап жаткан жокпу?", – деп кыйкырды. Аял: "Кайдагы чекист? Кымындай кыз", – деп кол шилтеп койду.

Кечинде балдар менен аларды кармаш үчүн бардык. Чатырга чыктым, ал жакта аябай чоң тешик бар экен, төбөм менен учуп түштүм.

Албетте, ал ызы-чуудан ойгонуп кетти. Граната көтөрүп мага карай атырылды. Чап жармаштым да коркконумдан кыйкыра баштадым. Тиги кишинин колундагы гранатасы жарылып кетти. Көзүмдү ачсам айлананын баары кан. Мени Новосибирсктеги госпиталга жеткиришти.
Ошол жолку вазыйпасы үчүн Касатых "Согуштагы күжүрмөндүгү үчүн" медалы менен сыйланган.
Ал салгылаш биз үчүн тозоктун эле өзү болгон
Токой Садыровдун баяны
Ошол тозоктон эч ким аман калбачудай туюлган, айыгышкан салгылаш эле. Биздин окоптор түздөлүп эле калгандай болду. Мага снаряддын сыныгы тийиптир. Жигиттерге ыраазымын, алар мени кан майдандан медсанбатка алып барышыптыр.
Катуу чочугандыктанбы, эсиме келгенден кийин тилден калдым. Көздөрүм менен гана түшүндүрө алчумун. 9 ай дарыландым, казандык госпиталдын врачтарына аябай ыраазымын, алар мени ажалдан арачалап, айыктырып чыгарышты.

Ордумдан турганга жарап калганымда мени сүрөткө тарткан башкы врачтын карындашынын жүзүн эч унута албайм. Карагыла, уулуңар тирүү дегендей ошол сүрөттү Кыргызстандагы ата-энеме жөнөткөн экен. Ысымдары эсте жок, бирок жүздөрүн дегеле унуткус болгом...
Улам бирөөнү өлүмгө жөнөтүп...
Павел Нестеровдун баяны
Бизге пулемёттук түйүндү эмне кылсак да жок кылууну тапшырышты. Фашисттер жакшы куралданышкан, алар бир тамдын ичине бекинип, терезесинен жакындоого даагандардын ар бирин атып өлтүрүп жатышты.

Бөлүмдүн командири катары жоокерлеримдин ичинен ким барарын чечүүгө тийиш элем. Арасынан бирөөнү тандап, күтө баштадык. Пулемёт аткылайт, кыйкырык, анан кайра жымжырттык... Бир жоокер өлтүрүлөт, кайра кийинкисин тандап жөнөтүүгө туура келет.
Алдастап калдым. Же согуша албай, же окко учкан жоокерлеримди жоктой албай калдым, согуш оту күйүп жатат. Башка аскеримди тандайм, ал дагы өлүмгө аттанат. Кайра пулемёт аткылайт, менин жоокерим өлтүрүлөт.

Үчүнчү жоокеримди жиберем, башка арга барбы? Аскерлериме бир сыйра карап, мен адаммын го деп ойлондум. Өзүм барууну чечтим. Кайра кайтсам го жакшы, эгер соо калбасам маңдайыма жазылганы дедим. Амалдана эки квартал ары жактан айланып, үйдүн сыртынан келдим. Мени байкашпасын деп боорум менен жылып келдим... Мышык сымал, эшикти ачарым менен пулемётчуну аттым. Жанындагы шериги алаңдай түшүп, анан колдорун көтөрүп багынып берди. Күбө катары алып келиш үчүн аны кур менен байладым. Ар бир аскердик тапшырма өлүмгө аттанууга тете эле...
Ферманын коркунучтуу сырын ачкан жайыбыз...
Василий Мандрыкиндин баяны
Окуя Украинада болгон. Фермага тамак сураганы барганбыз. Кожоюну улгайган киши, анан анын таптатынакай кызы жашачу. Ал бизге тамак жасап берди. Түштөнүп бүткөн соң жолдошторубуздан бирөө: "Туткундагы чех жакын жерде крематорий бар экенин айткан. Жүр, карап келебиз", – деп шыбырады.
Жөнөдүк. Жар бар экен, ылдый түшүп, крематорийдин мешин көрдүк. Анан ал жактан велосипед минген ферманын кожоюну менен кызы чыкпаспы. Кийин алар крематорийди жетектей турганын билдим. Төрт жыл бою маркумдардын сөөгүн өрттөп, күлүн жер семирткич катары талаага чачышчу экен... Ал эми биз ошол топуракта өскөн өсүмдүктөрдү жебедикпи. Согуш карапайым адамдарды эмнеге гана түртпөгөн...
Качкындарды атып өлтүрүшкөн
Юрий Крупиндин баяны
Согуш башталганда өспүрүм элем, 15ке толгон убагым. Украинада турчубуз, согуштун айынан жер которуп, качууга туура келди. Учактардан немистер аягы көрүнбөгөн качкындардын агымын көрүп, аткылашкан, бомбалашкан...
Бомбанын сыныгы бутума тийди. "Кесиш керек!" дешти врачтар. Бактым бар экен, доктурлардын бири мага боору ачып, бутумду сактап калууну чечти. Ошол дарыгер мени сакайтты.

Адегенде фронтко атамды алып кетишти, артынан мен аттандым. Апама кат жазчумун, бирок бир дагы жооп ала албадым. Согуш аяктаганча бир дагы кат келбеди...

Атам тирүүбү, апам эмне болду деп санаага алдырбаганга тырышчумун. Бир топ жыл өткөндөн кийин гана алардын көзү тирүү экенин билдим. Кудай жалгап атам апамды таап, Ригага жайгашышат. Согуш бизди ошентип чилдей тараткан.
Эгер үйдө калсам, өзүмдү жек көрүп калмакмын
Үмөш Искаковдун баяны
Атам фронтко кеткен, бир жылдан кийин сөөгү келди. Согушка катышпай деле коё алмакмын, себеби жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемесинде туугандарым бар эле. Эгер керек болсо, алар эбин таап коймок. Бирок ошондой маалда үйдө калсам, өзүмдү кантип эр сезер элем? Жек көрүп калмакмын.
1945-жылдын апрелинде бизди Германиядан Одер дарыясы гана бөлүп турган. Наркы жээктеги немистер күчтөнүшкөн, тишине чейин куралданышкан. Бирок эмне кылсак да дайраны кечип өтүүгө тийиш элек. Салда (устундар менен) сүзүп баратканбыз, ал эми алар курал-жарактын болгон түрү менен аткылап жатышты. Наркы жээкке чыгып, артыма кылчайып, көргөнүм үрөйүмдү учурду: дайра биздин жоокерлердин сөөгүнө толуп калыптыр, ушунчалык жыш, ал түгүл суу да көрүнбөйт!

Берлиндин тургундары бизден коркушчу. Анткени алар агалары, аталары жана уулдары советтик жерлерди эмнеге айландырышканын жакшы билишчү. Бирок биз фашист эмес элек. Ар таңда бизге Сталиндин буйругун окушчу: эстеликтерди кыйратууга, кары-картаңдарды, аялдар жана балдарды өлтүрүүгө тыюу салынган. Мародерчулукка жол берилчү эмес, окко учкан жоокерлердин өтүгүн чечип алууга гана уруксат берилген. Анткени биздин өтүктөрүбүз жыртылып калчу.

29-апрелде Рейхстагды (1945-жылга чейинки Германия парламенти) алууда салгылашып жатканбыз, анан эле көкүрөгүм чыдатпай ооруй баштады. Палаталык госпиталда көзүмдү ачтым, кабыргаларым сынып, өпкөм жабыркап, колуман жаракат алыптырмын. Колумду дароо ошол жерден кесишти, врачтар бырчаланган сөөктү жөн эле араалап салышты. Мага ооруну басаңдатуучу дары да беришкен эмес болуш керек.

Бир топ күн өтүп вагондор менен польшалык госпиталга жөнөдүк. Ошондо жарааттарым курттап да кеткен... Бир нече күндөн кийин оорукананын далистерин "ураалаган" үндөр жаңыртты. Биз уттук, акыры жеңдик!
Зордукчулдарды катарга тизилерде атып салышчу
Амантур Токтоназаровдун баяны
Советтик жерлерди немистердин кантип кыйратканын көрдүм. Күлгө айланган кыштактар миңдеп саналган. Өрттөнгөн жерлерди тиктей телмирген адамдардын көздөрүн унутпайм, там-ташы, конушу бар эле да...
Фашисттер жоокерлерибиздин балдарын, аялдарын, ата-энелерин өлтүрүшкөн. Немис жергесинде калган биздин айрым жигиттерибиздин жай тургундарды талап-тоноп, өлтүргөндөрү да ошондон чыгар. Бирок Смерш (Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Советтер Союзундагы көз карандысыз "Чыккынчыларга өлүм" деген чалгындоочу уюмдар) тез эле тартипке келтирген, зордукчул жана мародерчуларды катарга тизилерде атып салышчу.
Кайткан күнү атамды мен, мен атамды тааныбай
Аспек Жумашевдин баяны
1942-жылдын күзүндө кызыл армиячы болгом, үйгө туура жети жылдан кийин гана кайттым... Кайткан күнүмдү түк унутпайм.
1949-жылдын 6-ноябрында таң заар болчу. Поезд менен "Пишпек" станциясына келип түштүм. Күтүү залына бир көз жүгүртүп, жакындарымдын эч кимиси күтүп албаганына капа болдум...
Көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунда квитанция берүү үчүн менин фамилиямды сурашты.

Атаганымда түлкү малакай кийген бир казак колумдан тарта чемоданымды алды. Ал карыя атам Жумаш экенин тааныбапмын, ал деле мени тааныбай калыптыр. Фамилиямды укканда гана уулу экенимди билиптир.

Көрүшпөгөн жети жыл бизди бири-бирибизге чоочун кылып салыптыр. Уулунун тирүү экенин көрүп, атамдын көздөрү жайнай түштү! Жүгүмдү төөгө жүктөп, ат менен үйгө жөнөгөнбүз.
Авторлор
Асель Минбаева, Алмаз Батилов, Ангелина Инюшина, Светлана Федотова, Карина Разетдинова

Фото
Табылды Кадырбеков, архив

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Жетекчи
Эрнис Алымбаев