Көчмөндөрдүн тушундагы кылмыш жана жазага тартуу
16 соболго жооп
Көчмөндөрдүн тушундагы кылмыш жана жазага тартуу
16 соболго жооп
Көчмөндөрдү кантип жазалашкан? Кыйноо, сабоо деген болгон беле? Эң коркунучтуу жаза кандай эле? Кыргыз менен казактарда сот адилеттиги боюнча эң кызыктуу суроолорго жооп издедик.
Адамзат тарыхында үрөй учурган жаза жана кыйноолор ойлоп табылган, бирок Кытай бул маселеде да биринчи орунду эч кимге бербейт. Дал ушул өлкөдө өлүм жазасынын 2400 түрү ойлоп табылган. Арасында эң экзотикалык да түрү кездешет. Мисалы, адамды бамбуктун бутагына отургузушкан. Бир нече күн аралыгында өсүмдүк анын денесине батат. Кылмышкер оор азап чегүү менен жан берген.

Батыш деле адамгерчилиги менен мактана албайт. Маселен, орто кылымда Европада жасалма тыйын жасагандарды тирүүлөй кайнатышса, ал эми жез кемпирлерди тирүүлөй өрттөшкөн.
Ал убакта көчмөндөрдүн цивилизациясы өзүнчө бир демократия менен гуманизмдин аралчасындай болгон. Албетте, биздин ата-бабаларда да өлүм жазасы бар эле, бирок андай жаза сейрек учурларда гана колдонулган. Бул үчүн бек же хандын уруксаты талап кылынган.
1
Көчмөндөрдү өлүм жазасына кантип тартышкан?
1
Көчмөндөрдү өлүм жазасына кантип тартышкан?
Кыргыз жана казак коомчулугунда өлүм жазасынын кеңири таралган түрлөрү дарга асуу, муунтуу (тумчуктуру) жана сууга чөктүрүү болгон. Ошондой эле кылмышкерди жардан ары түртүшкөн, аттын куйругуна байлап, сүйрөтүшкөн. Же колу-буту байланган боюнча тоо койнунда калтырып, карышкырларга "жем" кылышкан.

Кылмышкер калың элдин көзүнчө жазага тартылган. Бирок жазанын өзгөчө оор түрүн сейрек учурларда гана колдонушкан. Аска-зоо арасында же талаа-түздө жан багыш оңой болгон эмес, ошондуктан, уруунун ар бир мүчөсүнө көчмөндөр аяр мамиле кылышкан.
2
Көчмөндөрдө түрмө деген болгонбу?
2
Көчмөндөрдө түрмө деген болгонбу?
Турмуштук катаал шарттардан улам алар абак кура алышпаганын айтат юридика илимдеринин кандидаты Насиба Эшмурадова.

"Кокон хандыгында канталага толгон зындандар болгону менен кыргыздардын эрежелеринде түрмө тууралуу маалымат дээрлик кездешпейт. Биринчиден, кишини жайгаштыруу үчүн техникалык жактан имарат болгон эмес. Экинчиден, абакка алынса, аны багуу, кайтаруу талап кылынмак. Бул ашыкча чыгым", — деп белгилейт ал.
3
Киши өлтүрүүнүн жазасы кандай эле?
3
Киши өлтүрүүнүн жазасы кандай эле?
Кылмышкерге көбүнесе өзгөчө жаза берилген, тагыраак, кун төлөөгө милдеттендирилген. Бул — курман болгон кишинин башынын баасы, маркумдун жакындарына төлөнчү адилет бычылган баа. Кундун көлөмү өлтүрүлгөн киши кайсы уруудан экенине, коомдо ээлеген ордуна жараша эсептелген.

Албетте, аттуу-баштуу, бай адамдардын куну асман чапчыган. Мисалы, XIX кылымда Үмөтаалы манап өлтүрүлгөн агасына 6 кул, 5 төө жана 17 жылкы кун дооласа, Ормон хандын өлүмүнө 100 кызды толук жыгач-ташы менен атка мингизип берүүнү талап кылышкан.
Кылмышкер курман болгон кишинин туугандарына төлөй турган кундун көлөмү
*мында бир жылкынын баасы 933, ал эми бир төөнүкү 2 666 доллар деп бааланууда
Кундун басымдуу бөлүгүн маркумдун туугандары алган. Кундун 10 пайызы калыстык кылганы үчүн сотторго берилиши шарт болчу. Азыр мезгил алмашкан. Мисалы, Кыргызстанда өлтүрүлгөн кишинин үй-бүлөсү эң көп дегенде 100 миң сом моралдык компенсация (1,3 миң доллардан ашыгыраак акча) алат. Ошону менен бирге эле кылмышкер 10 жылдан 12 жылга чейин кесилет.
4
Кандай адамдардын өлүмү үчүн кун дооланган эмес?
4
Кандай адамдардын өлүмү үчүн кун дооланган эмес?
Көчмөндөр коомунда өлтүрүлгөн кишинин үй-бүлөсү кун ала албаган да учурлар болгон.
Мисалы, аң-сезими толук жетилбеген адамдын өлүмү же кылмыш учурунда каза тапкан ууруларга кун доолашкан эмес.

Кишини кокустуктан өлтүрүп алган болсо да маркумдун туугандары кун сурабаптыр. Күйөөсүнүн кордугуна чыдабай өз өмүрүн кыйган аялдын өлүмү үчүн да кун төлөнгөн эмес.
5
Жубайлардын ала жипти аттаганы кандай жазаланган?
5
Жубайлардын ала жипти аттаганы кандай жазаланган?
Үй-бүлөлүк мамиледе көзгө чөп салгандар, айрыкча, ала жипти аттаган аялдар аеосуз жазаланган. Мисалы, Европада андай зайыптын чачын алып, кара май менен куштун жүнүнө оонатып туруп көчө аралатып уяткарып же чиркөөгө жөнөтүшкөн. Кытайлыктар май сүйкөп туруп, ач иттерге талаткан.

Шариятта да бул оор жаза катары каралат. Эгер жубайлардын бири мыйзамдуу никесине шек келтирсе, анда көңүлдөштөрдү белине чейин жерге көөмп, ташбараңга алып өлтүрүшкөн. Албетте, адамдын ала жипти аттаганын төрт күбө тастыкташы шарт болчу.

Кокон хандыгынын мыйзамдары да жубайлардын мамилесиндеги туруксуздукту катаал жазалаган. Алар көңүлдөштөрдү ташбараңга алып же бийик мунарадан кулатышкан.

Көчмөн калктардын тарыхына көз салсак, кыргыз жана казак коомчулугунда ала жипти аттагандарга таасир этүү ыкмалары алда канча жумшак болгон. Ойноштук кылган эркек киши айып төлөп кутулган. Ал эми аял киши мындай жорукка барса, күйөөсү үйдөн кубалап чыгып, калыңын кайтарып алып, балдарын бербей койгон. Ошону менен бирге эле ал кайындарынан жылкы жана бирден тогузга чейинки чепкен түрүндө айып доолаганга акылуу болгон. Эгер ак никелүү күйөөсү ушундайга барса, зайыбы ажырашууну талап кыла алганын белгилейт юридикалык илимдердин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев.

"Кыргыздар да, казак аялдары да беш учурда ажырашууга акылуу болгон. Адам тагдыры эркек киши тарабынан гана чечилген деп ойлобогула! Күйөөсү импотент экени аныкталса, үй-бүлөнү бакпаса, алты ай жана 13 күн үйүндө түнөбөгөнү далилденсе, аял ажырашып кете алган", — дейт окумуштуу.
6
Кыз-келиндерди ала качкан жигит кандай жазаланган?
6
Кыз-келиндерди ала качкан жигит кандай жазаланган?
Кыргызстан жана коңшу Казакстанда жаш жигиттер азыр деле кыз ала качышат. Ушундай жол менен көпчүлүгү калыңдан үнөмдөгүсү бар. Азыр калыңдын көлөмү 500 доллардан 7000 долларга чейин чыгат. Мындан сырткары, ала качкан балдар бул эзелтен калган салт деген жаңылыш ойдо жүрүшөт. Тарыхый документтер мыйзам андай жигиттерди катаал жазалаганын тастыктайт. Ата-бабалар андай жеңил ойго алдырган жигиттерди кызды үйүнө кайтарып беришин талап кылып, айыпка да жыгышкан.
Кылмышкер ала качкан аялзатын баары бир кайтарууга тийиш болчу
7
Адамга акарат келтирилсе кандай жаза каралган?
7
Адамга акарат келтирилсе кандай жаза каралган?
Көчмөндөр сөзгө терең маани беришкен. Адам тилинен жаңылганы үчүн чоң айыпка жыгылып калышы ыктымал эле. Маселен, жаш курагы боюнча улуу адамды ыза кылышса, ага жылкы мингизип, үстүнө чепкен жаап көңүлүн алууга аргасыз болушкан (чепкендин баасын кошпогондо айып суммасы 933 долларды түзгөн).

Эгер букара киши аттуу-баштуу кишиге акаарат келтирсе, анда алдына эки жылкы айдап келип, эки чепкен кийгизүүгө тийиш болгон. Эгер, тескерисинче, кедей киши мындайга кабылса, бир гана чепкен доолай алган.

Көчмөндөр адамдын абийирине сөз менен гана шек келтирген эмес. Мисалы, сыйлабастыгын малынын куйругун же чапанынын жеңин жана арткы этегин кесип салып да билдирген. Андай учурда жандыктын наркын же кесилген кийимди жаңыртып берүүгө милдеттендирилген.

Бүгүнкү күндө деле адамдын ар-намысы жана абийирине шек келтирилсе, айыптуу тарап ири суммага жыгылат. Эгер карайым адамдын психологиялык жабыр тартканы миң доллардан жогору бааланышы чанда кездешсе, жогорку кызматтагы аткаминер моралдык чыгымды
миллиондоп сурайт. Журналисттерди доого жыккан чуулгандуу иштерди бир эстеп көрсөңүз болот.
8
Кылмышкерлерди кыйноого жол берилгенби?
8
Кылмышкерлерди кыйноого жол берилгенби?
Көчмөн турмушта адамдарды майып кылуудан качышкан, себеби, андайда уруу баккан кишисинен ажырап, багууну талап кылган, эмгекке жарамсыз кишиге ээ болгон. Чанда гана кол көтөрүп, катуу кыйноого барышкан.
9
Кыйнашпаган болсо, чындыкты кантип айттырышкан?
9
Кыйнашпаган болсо, чындыкты кантип айттырышкан?
Сотто көчмөндөр ант берип, касам ичкен учурлары көп эле болгон. Ошол заманда сөзгө олуттуу маани беришкен, ал эми ант берүүдө жалган айтуу таптакыр эле чектен чыккандык катары саналган.

Күбө катары көрсөтмө берүүгө акыл-эси кем, ошондой эле "булганган" кишилерди жолотушкан эмес. Ошондой эле аларга алдамчылар, бузулган жана кара ниет адамдар да кирген.

Кулдардын, балакатка жете элек (15 жашка чейинки өспүрүмдөр) жана аялдардын көрсөтмөсү эске алынчу эмес. Аялдарга эркек туугандары кепил боло алышчу. Аттуу-баштуу инсандар ант беришкен эмес, анткени, алардын сөзүнөн негизи эч ким шек санабаган.

"Аксакал окуя болуп-болбогону боюнча Жаратканга, колдоочу жана ата-бабаларынын арбагынын алдында ант ичкен. Бөлөк кыйноонун кереги жок эле, ошол эле аларга жетиштүү болчу", — дейт профессор Бекбосун Бөрүбашев
10
Сотто кантип ант беришкен?
10
Сотто кантип ант беришкен?
Кай бир жерде ата-бабаларынын мүрзөлөрүн жети жолу айланып ант беришкен. Айрым урууларда ыйык таш, булак же дарактын (адатта долоно) түбүнө барып ант бердиртишкен. Мындай экзотикалык ыкма биздин заманга чейин сакталган, күбөнү жаңы казылган көргө отургузуп, чындыкты айттырышкан.
11
Кылмышкер жабыр тарткандарга салынган айыпты төлөй албай калса, эмне кылган?
11
Кылмышкер жабыр тарткандарга салынган айыпты төлөй албай калса, эмне кылган?
Кылмышкер киши өлтүргөндүгү үчүн маркумдун үй-бүлөсүнө 300 жылкы берери эсиңиздедир. Ошол убакта да, бүгүнкү күндө да бул эбегейсиз сумма. Эгер кылмышкердин колунда мындай акча болбосо, каржылык чыгымды анын туугандары өз мойнуна алышкан.

"Эгер кылмышка барса, анда киши 300 жылкы төлөп бериши керек. Колунда болгону үч жылкысы бар дейли. Туугандары айыпты төлөп кутулуп, алардын мүлкүн кайра толуктатуу үчүн болушунча иштетишкен" — дейт профессор Бекбосун Бөрүбашев.

Эгер уруусунун да малы жетпесе, кылмышкер туугандары менен биргеликте жабыр тарткандарга малай болушкан. Балдарын, инилерин кулчулукка карматып, кыздары менен эже-карындаштарын аялдыкка берген.
12
Эң үрөй учурган жаза эмне болгон?
12
Эң үрөй учурган жаза эмне болгон?
Уруу кылмышкердин түзөлөрүнө көзү жетпесе, көчмөндөр арасындагы эң катаал жазаны беришкен. Уруудан чыгарып, сыртын салышкан. Бул маңызында өлүм жазасына тете болгон.

Андан кийин бий-манаптар чечим чыгарышкан, элден чыккан киши менен эч ким сүйлөшпөй, уруунун бир дагы мүчөсү ага тамак берип же жардамга кол суна алган эмес.

Уруудан куулган киши туугандарынан биротоло алыстаган, бирок андайда өмүр деле узак болору күмөн. Себеби, тоо-таш же талаа-түздө жалгыз жашап кетүү мүмкүн эмес эле. Эртеби-кечпи элден безген киши же дартка чалдыгып ажал таап, же карышкырларга жем болгон.
13
Эгер уруу чыгымды төлөп берүүдөн баш тартса, акыры эмне менен бүткөн?
13
Эгер уруу чыгымды төлөп берүүдөн баш тартса, акыры эмне менен бүткөн?
Мындай жагдайларда жабыр тарткан үй-бүлө айыпкердин айылын басып кирип, барымтага алган.

"Барымтага алуу үчүн белгилүү бир шарттар зарыл эле. Маселен, бул боюнча алдын ала ачык эскертилген. Ошондой эле барымтага сөзсүз күндүзү алышы шарт эле" — дейт профессор Бөрүбашев.

Барымтага алууга араздашкан уруулардын бүт эркектери катышкан. Тараптар адатта малын айдап кетүүгө барышчу, бирок андай кырдаалдарда касташкандарды өлтүрүү да кадыресе көрүнүшкө айланган. Тарыхчылар барымта убагында көчмөндөр аялдарды, балдарды ала качып, боз үйлөрдү талкалашканын белгилешет.

Барымта аркылуу көбүнчө өч алышкан. Мисалы, 1867-жылдын жайы тарыхтагы эң кандуу саратан катары калган. Солто уруусунун чоң манабы Байтик баатыр кетментөбөлүк саяк айтылуу Рыскулбек менен кыз талашкан. Барымталык жаңжал тутанып, саяктар солто уруусунун бир топ баатырын өлтүрүшкөн.

Чыр белгилүү бий-манаптардын жана падышалык штабс-капитан Мединскийдин кийлигишүүсү менен чечилген. Солто уруусу жоготууларын жана жарадарларын санап чыгып, саяктар ал урууга мал менен кун төлөп, касам ичүүгө мажбур болушкан.
14
Ким соттогон?
14
Ким соттогон?
Көчмөндөр коомунда соттордун ролун бийлер аткарган. Негизи алар эч ким тарабынан деле дайындалып же шайланган эмес. Адатта алар аттуу-баштуу бий-манаптардын туугандары болгон. Андай бүлөдөн чыккан бий кедей-кембагалдардын укуктарын калыс коргогонун элестетиш кыйын.

"Баары мыйзамга карап эмес, жагдайга, жеке мамилеге жараша чечилген. Бий сотторунун мүнөзү ошондой болгон. Ал акыйкаттуулукка кепилдик берген эмес жана ар кандай кийлигишүүлөргө жол берген" — дейт XIX кылымдагы белгилүү орус этнографы Григорий Загряжский.

Советтик окумуштуулар бийлер элди эзүүнүн куралы болгон деген пикирди карманышкан.
Анткен менен ал убакта адамдардын бийлер сотунун чечимине баш ийүүдөн башка аргасы жок эле, анткени, кайра арызданууга дээрлик акысы болгон эмес. Адилетсиз чечим деп арыздануу соттун аброюна шек келтирүү болуп саналган, ал эми нааразы кишини, айрыкча, ал кедей болсо, уруп-сабашкан.

Калк адилетсиз сотту бир гана ыкма менен жазалай алган. Андайда калк жөн гана ага кайрылбай калганын белгилейт юридика илимдеринин кандидаты Насиба Эшмурадова.

"Тараптар адилеттүүлүгүнө ынанган, өздөрү каалаган бийге барышчу. Эгер казынын калыстыктан тайганы байкалса, адилетсиз чечимдерди чыгарса, анда ага эл барбай калчу" — дейт ал.
15
Кыргыздарды шарият боюнча соттошконбу?
15
Кыргыздарды шарият боюнча соттошконбу?
Ооба, XVIII кылымда Кыргызстандын түштүк аймактарында шарият боюнча өкүм чыгарган казылар соту пайда боло баштаган. Негизинен бул Кокон хандыгы тарабынан жүргүзүлгөн. Казы сот гана тургай, диний аалым да болгон. Бирок казылар сотунун да чынчылдык жана акыйкаттыгы шек жаратпай койбогон. Ошол замандын күбөлөрү казылар кымбат белектерди тартуу кылып турушканын, андыктан, кызматтарынан ажырап калабыз деп санаага батышпаганын айтышат. Алардын үстүнөн арызданууга деле болбойт эле, "бул кудайга акарат келтиргендей сыпатталган, анткени, алар ишти шарияттын негизинде карашкан".
16
Кайсы сот катуу жазалаган — кыргыз үрп-адаттарыбы же шариятпы?
16
Кайсы сот катуу жазалаган — кыргыз үрп-адаттарыбы же шариятпы?
Казылар бийлердин сотунан да катаал болгон. Шарият мыйзам бузганды абдан катуу жазалаган, жубайлардын ала жипти аттагандыгы үчүн эле өлүм жазасына өкүм чыгарышкан! Уурулук үчүн кылмышкердин колун чаап салышкан, ошол эле убакта көчмөндөр коомунда айып төлөп кутулган.

"Адат — бул адамзат коомчулугун мыйзамы, ал эми шарият – дин мыйзамы, анын жазасы катаал", — деп белгилейт профессор Бекбосун Бөрүбашев.
Кийин бий жана казы институттары ак падышалыкка карап, ошол тушта, тагыраак, 1886-жылы кабыл алынган «Түркестан жергесин башкаруу жөнүндөгү» жободо Түркестандын жергиликтүү элинин сот системасы каралган. Ал эми "Сот жөнүндө" №1 Декрет 1917-жылы кабылданган. Бирок элдин жашоо мүнөзү, дин факторун эске алынып, Совет бийлиги келери менен бул институттар дароо жоюлган эмес. 1921-жылдын аягында "Элдик соттор жөнүндөгү" эрежелер боюнча эл сотторунун көчмө камералары калк менен кошо жайлоого чыгып, кыш түшкөндө кыштакка бирге кайткан. Адегенде бий соттору жоюлуп, казы соттору 1927-жылы 1-ноябрдагы чечим менен ишмердигин токтоткон. Анткен менен аймактарда аксакалдар соту алигүнчө иш алпарат. Калк өз ара жаңжалдарын милицияга жеткирбей, аксакалдарга кайрылып чечип алат. Үрп-адаттын күчү ушунда...
Автор
Асель Минбаева

Булактар
С.К.Кожоналиевдин "Кыргыздардын адат укугу" басылмасы, Б.И.Бөрүбашевдин "Кыргыз Республикасынын мамлекет жана укук тарыхы" басылмасы, Н.Д.Эшмурадованын "Үрп-адат жана шарият боюнча кыргыздардын жазык укугу" илимий макаласы, ачык булактар

Фото
Sputnik, SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчиси

Эрнис Алымбаев