Милиционер, метеоролог, куткаруучу. COVID-19 соолткон өмүрлөр. Сүрөт баян
Пандемия башталганы Кыргызстан бир топ жарандарынан, оор күндөрдө мамлекетке, элге кызмат кылган уул-кыздарынан айрылды. Арасында коронавирус дартынан улам көз жумган укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, погончон замандаштарыбыз да бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги пандемия убагында көз жумган аскер кызматкерлерди эскерет. Алардын ар бири өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда күчөтүлгөн тартипте баш көтөрбөй иштеген.

Жүрөк үшүткөн пандемиянын, каптаган коронавирус инфекциясынын кесепетинен улам төмөндөгү азаматтардын алганы кара кийип, балдары жол карап кала берди.
Руслан Рашидинов
подполковник, 43 жашта
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Руслан Рашидинов коронавирустан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ал 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин, 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин, 2012-жылы РФтин Жарандык коргонуу академиясын аяктаган.

2003-2020-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ар кандай кызматтарда эмгектенип келген. Аскердик кызматын мыкты өтөгөндүгү үчүн аталган ведомствонун бир нече медалдарына, сыйлыктарына татыган.

Рашидинов 1977-жылдын 13-сентябрында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында туулган.
Рысбек Илияс уулу
метеоролог, 59 жашта
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги дагы бир оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 27-июлунда Гидрометеорология боюнча агенттигинин II баскычтагы "Токмок" метеорологиялык станциясынын башчысы Рысбек Илияс уулу дүйнөдөн кайтты.

Ал 1983-1985-жылдары Ташкент гидрометеорология техникумунун "Радиооператор" адистигин аяктаган.

2009-жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин II баскычтагы "Токмок" метеорологиялык станциясын жетектеп келген.

Рысбек Илияс уулу ак эмгегинин натыйжасында ӨКМдин Ардак грамотасы, "Аскердик-жарандык кызматташтыкты чындагандыгы үчүн" медалы, "Гидрометеорология кызматына 90 жыл" мааракелик төш белгиси жана башка көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

Ал 1961-жылдын 10-октябрында Нарын облусунун Миң-Булак айылында туулган.
Канат Молдосанов
улук прапорщик, 42 жашта
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук техниги Канат Молдосанов пандемия маалында дүйнө салды.

1999-жылдын январь айынан тарта Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Бишкек шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №8 адистештирилген бөлүгүндө айдоочулук кызматты аркалаган. Андан соң аталган бөлүмдүн улук техниги кызматында иш алып барып келген.

ӨКМдин медалдары менен сыйланган. 2012-жылы президенттин атайын саатын алган.

Ал 1978-жылдын 3-апрелинде Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кайырма айылында туулган.
Нурлан Токсунбаев
майор, 44 жашта
28-июнда майор Нурлан Токсунбаев коронавирустан улам кайтыш болду.

Ал өрткө каршы кызматында 1998-жылдан бери иштеп келген. 2013-жылдан 2017-жылга чейин Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Свердлов райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн башчысынын орун басары болгон. Кийин аталган бөлүктү башкарган.

Токсунбаев кесипкөйлүгүнүн аркасында бир катар ведомство аралык сыйлыктарга ээ болгон.

Ал 1976-жылдын 2-декабрында Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулган.
Мухаметалы Жантаев
подполковник, 43 жашта
Коронавирус илдети 29-июнь күнү подполковник Мухаметалы Жантаевди арабыздан алып кетти.

Подполковник эмгек жолун 2002-2005-жылдары ӨКМдин Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн Токтогул райондук мамлекеттик өрт көзөмөл тобунда инженерликтен баштаган.

Ал ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү-диспетчердик кызматынын башчысынын милдетин аркалап келген.

Мухаметалы Жантаев 1977-жылы 14-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Шакафтар айылында төрөлгөн.
Анварбек Иманбаев
гидрометеоролог, 60 жашта
30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу кызматкери, Гидрометеорология боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Анварбек Иманбаев дүйнөдөн кайтты.

Иманбаев Ташкент гидрометеорологиялык техникумун аяктаган соң 1983-жылдан тартып Кыргызгидрометте эмгектенген.

Алгач метеоролог жана гидролог кызматтарында иштеп, ал эми 1994-жылдан тартып Нарын гидрометеорология борборун жетектеп келген.
Ал 1960-жылдын 25-сентябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айылында туулган.
Асил Эсенбаев
прокуратура органынын ардагери, 78 жашта
27-июлда Ош облусунун прокуратура органдарынын ардагерлер тизмесин толуктап келген Асил Эсенбаев да пневмония дартынан улам көз жумду.

1968-жылдын май айында прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, ар түрдүү кызматтарды аркалаган.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктарды, анын ичинде "Прокуратуранын ардактуу кызматкери" төш белгисин да алган.

2004-жылдын 5-январынан бери Ош облусунун прокуратура органдарынын ардагерлер тизмесинде болчу.

Ал 1942-жылдын 5-январында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеӊеш айылында төрөлгөн.
Рустам Кожобеков
прокурор, 48 жашта
13-июлда пневмония дартынан Башкы прокуратуранын Изди суутпай издөө иши жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, юстициянын 2-класстагы кеӊешчиси Рустам Кожобеков да көз жумган.

Кожобеков 2005-жылдын август айында прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, ар түрдүү кызматтарды аркалап келген.

Мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон жеке салымы жана кесиптик милдетин так аткаргандыгы үчүн ага бир катар ведомстволук сыйлыктар ыйгарылган.
Эрмек Төрөкулов
улук прокурор, 50 жашта
13-июлда Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору, юстициянын 2-класстагы кеӊешчиси Эрмек Төрөкулов пневмониядан көз жумду.

Маркум прокуратура органдарында 1996-жылдын сентябрь айынан тарта эмгектенип, ар түрдүү кызматтарды аркалап келген.

Ал мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы, кызматтык милдеттерин үлгүлүү жана кынтыксыз аткаргандыгы үчүн бир нече ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.
Чайка Керимбаев
полковник, 55 жашта
10-июлда Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери, запастагы полковник Чайка Керимбаев дүйнөдөн кайтты. Ал пневмонияга чалдыккан. Ооруканада дарыланып жатып, дарыгерлердин жасаган аракетине карабай асылган оору акыры алып тынган.

Керимбаев КРдин Улуттук коопсуздук кызматында 1995-жылдан 2013-жылга чейин иштеген. 1998-жылдан бери ар кандай жетекчилик кызматтарда болуп келген. Бир катар ведомстволук сыйлыктардын ээси.

Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка шаарчасында туулган.
Кылычбек Токтошев
УКМКнын отставкадагы полковниги, 61 жашта
19-июлда УКМКнын ардагери Кылычбек Токтошев да коронавирустун курмандыгы болду.

Кылычбек Токтошев 1984-жылы Фрунзе политехникалык институтун артыкчылык менен бүтүргөн. 1987-жылы СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетине кызмат өтөөгө чакырылып, анда 2013-жылга чейин иштеген.

СССРдин КГБ мектебин Минск шаарында бүтүрүп, КРдин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Ош облусту боюнча Кызыл-Кыя бөлүмүнүн башкармалыгында эмгектенген.

2010-2012-жылдары УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, жетекчинин милдетин аткаруучу болуп турган.

Ал 1959-жылы Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылында туулган.
Арсен Адиев
УКМКнын кызматкери, 35 жашта
11-июлда УКМКнын кызматкери Арсен Адиев да пневмониянын курмандыгы болду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында иштеп келе жатканына быйыл беш жыл толмок. Ал өзү Кара-Балта шаарында жашачу.

Анын алдыга койгон чоң максаттары бар эле.
Олег Запольский
подполковник, 39 жашта
27-июнда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Олег Запольский каза болгон.

Подполковник пневмония менен жабыркап ооруканага түшкөндөн кийин бир күн жатып, 27-июнда кечке жуук көз жумган.

Олег Запольский 1998-жылы мектепти аяктаган соң Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2003-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2004-жылы Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин түзүлгөндүгүнөн баштап кенже лейтенант наамында, жөнөкөй ыкчам кызматкер болуп кызмат өтөй баштаган.

2010-жылы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча бөлүмүнө толук ыйгарымдуу ыкчам кызматкер болуп которулган.
Ал 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган.
Бердибай Элакунов
милициянын ага лейтенанты, 37 жашта
29-июнда борбор калаадагы Ленин РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакунов каза болгон.

Ал пневмонияга чалдыгып, ооруканада дарыланып жаткан.
Элакунов 2010-жылдан баштап ички иштер органдарында кызмат өтөп баштаган. 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын дипломуна ээ болгон.

Элакуновдун социалдык тармактарга ооруканадан дем ала албай араң сүйлөп, оорудан абайлагыла деп кайрылуу жасаган видеосу тараган. Аны интернеттен жана мессенджерлерден көп киши бөлүшкөн.
Эркин Жаанбаев
милициянын подполковниги, 38 жашта
29-июнда Бишкек шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев да үч күн ооруканада дарыланган соң көз жумду.

Эсиңиздерде болсо, 2020-жылдын 17-июнунда Бишкек шаарындагы Шлагбаум деп аталган аймактагы ашкананын ичинде 36 жаштагы киши жарандык никеде жашаган аялын барымтага алган. Окуя болгон жерге Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен Жаанбаев да барып, кишини куралсыздандырган.

Эркин Жаанбаев 1982-жылы Ош шаарында төрөлгөн.
Айбек Баеков
милициянын полковниги, 51 жашта
4-июлда ИИМдин Октябрь райондук Күзөт кызматынын күзөт бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Баеков пандемия убагында каза болду. Ал пневмониядан көз жумган.

Айбек Баеков — мурда баш прокурор жана Конституциялык соттун төрайымы, андан сырткары ЖКнын биринчи вице-спикери болгон Чолпон Баекованын уулу.

Ал 1969-жылы 9-февралда Фрунзе шаарында төрөлгөн.
Улукбек Умаров
милициянын капитаны, 43 жашта
9-июлда Ош шаардык ИИБ боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн укук колдонуу тажрыйбасы бөлүмчөсүнүн улук инспектору Улукбек Умаровду пневмония алып кетти.

1-июль күнү андан коронавирус илдети аныкталган. Маркум үч күн дене табы көтөрүлгөнүнө карабай иштеп, беш күн үйдө дарыланып, үч күн ооруканада жатып өмүр менен кош айтышкан.

Умаров 2001-жылдан бери укук коргоо органдарында эмгектенип келген.

Ал 2006-жылы Ош шаары боюнча жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө которулуп, өмүрүнүн акырына чейин аталган бөлүмдө иштеген.

Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктарды алган. Кыргыз милициясынын 80-85-90 жылдык мааракелик медалдары менен сыйланган.
Улукбек Умаров 1977-жылдын 25-сентябрында Ош облусунда туулган.
Азамат Раимбердиев
милициянын майору, 41 жашта
10-июлда пневмониядан Бишкек шаардык милициясынын кадр бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын майору Азамат Раимбердиев каза болду.

Ал 1998-жылы Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын борбордук полкунун милиционери катары ишке кирген.

Раимбердиев Жол кайгуул кызматынан сырткары укук коргоо органдарынын башка түзүмдөрүндө да эмгектенген.

Ал 1978-жылы 16-августта туулган.
Мирлан Калыбаев
эксперт-криминалист, 46 жашта
12-июлда Кара-Буура райондук ИИБдин эксперт-криминалисти Мирлан Калыбаев каза болду. Ал райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө эки тараптуу пневмония дартына кабылып, дарыланып жаткан.

Дарыгерлердин жасаган аракетине карабай оорудан жакшы боло албай койгон.

Калыбаев Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин Талас облусундагы филиалынан биология факультетин 2006-жылы бүтүргөн. Жубайынын айтымында, быйыл үй салам деген тилеги бар болчу.

Ал 1974-жылдын 8-октябрында Кара-Буура районунун Киров айылында туулган.
Хасан Абдуллаев
милициянын капитаны, 49 жашта
13-июлда милициянын капитаны Хасан Абдуллаев коронавирус илдетинен каза болду. Ал ИИМдин Күзөт кызматынын Баткен шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн начальниги болуп иштеп жаткан.

Абдуллаев 1998-жылдан тартып катардагы милиционер катары ички иштер органына кирген. Андан кийин бөлүмчө командири, взвод командиринин орун басары, чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүн кайтаруу боюнча батальонунун күзөт инспектору, инженер-инспектор кызматтарын аркалап келген.

Өлкөдө эпидемия башталгандан эле күнү-түнү кызматта болуп, элдин коопсуздугун, коомдук тартипти көзөмөлдөп жүргөн Абдуллаев коронавирус жуктуруп алган.

Ал 1971-жылы Баткен облусунда туулган.
Чыңгыз Оморов
милициянын ага лейтенанты, 32 жашта
19-июлда коронавирус илдети Ош шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматынын улук инспектору, милициянын ага лейтенанты Чыңгыз Оморовду да алып тынды.

Оморов кызмат учурунда аталган илдетти жуктуруп алган.

Толуп турган жигиттик курагында өмүр менен кош айтышкан ага лейтенант бир үйдүн жалгыз уулу эле.

Ал 1988-жылы Ош облустунда төрөлгөн.
Калыс Сабыр уулу
милициянын майору, 50 жашта
20-июлда пневмониядан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын майору Калыс Сабыр уулу көз жумган.

Ал 4-июлда райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Майор оору менен он беш күн алышкан. Бирок бардык аракетти жасашканы менен дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес.

Ички иштер тармагында жасаган ак эмгеги үчүн бир катар ведомстволук сыйлыктарга татыган.

Калыс Сабыр уулу 1970-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган.
Алмаз Кожомкулов
милициянын полковниги, 46 жашта
Пневмония дарты Чүй облусунун Москва райондук милициясынын Тергөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги Алмаз Кожомкуловду катарыбыздан алып кетти. Ал 22-июлда каза болду.

Кожомкулов 1974-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында туулган.
Алмазбек Арыкбаев
милициянын подполковниги, 53 жашта
16-июлда пневмониядан көз жумган Алмазбек Арыкбаев Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери болчу.

Арыкбаев өмүрүнүн 28 жылын милиция кызматына арнаган. Баткен окуясынын баатыры эле.

Бир туугандарынын айтымында, ал дене табы көтөрүлүп, ооруп жатканына карабай кызматын улантып иштеп жүрө берген.

Милициянын подполковниги буга чейин бир катар мамлекеттик жана ведомство аралык сыйлыктар менен сыйланган.

Ал Сокулук районунда туулган.
Жаныбек Көбөнов
милициянын отставкадагы полковниги, 65 жашта
10-июлда милициянын отставкадагы полковниги Жаныбек Көбөнов пневмониядан каза болду.

Көбөнов 1980-жылдан тартып ички иштер органдарында мурдагы мамлекеттик автоинспекциянын жөнөкөй кызматкеринен Ысык-Көл облустук МАИ башкармалыгынын начальнигине чейин жетип, ардактуу эс алууга кеткен.

Кызматтык жолунда бир нече мамлекеттик жана ведомство аралык сыйлыктар менен сыйланган.

Ал 1955-жылы Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүндө туулган.
Сабырбек Курманалиев
ИИМдин генерал-майору, 66 жашта
Ички иштер министринин мурунку орун басары Сабырбек Курманалиевди 2020-жылдын 4-июлунда пневмония дарты алып тынды.

Генерал-майор Курманалиев өзүнүн кызматтык жолун 1980-жылы катардагы инспектордон баштаган. Андан ары бир катар жетекчилик кызматтарда жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө иштеген.

Ички иштер органына арнаган 30 жылдык эмгек жолунда министрдин орун басарлыгына чейин жетип, бул кызматты 2008-2010-жылдары аркалаган.

Мамлекетке жасаган ак кызматы үчүн "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы, ошондой эле көптөгөн мамлекеттик жана түзүмдүк сыйлыктарды алган.

Курманалиев 1954-жылы Чүй облусунун Дмитриевка айылында төрөлгөн.
Раушанбек Сыргаев
милициянын отставкадагы полковниги, 58 жашта
18-июлда отставкадагы полковник Раушанбек Сыргаев пневмониядан көз жумган.

Ал көп жылдар бою Өзгөн, Ноокат жана Алай райондорунда ИИБдин башчысы болуп турган. Өмүрүн ички иштер кызматына арнаган полковник бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыган.

Ал 1962-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Ильичевка айылында туулган.
Сагынбек Темиров
милициянын полковниги, 62 жашта
6-июлда пневмония дарты ички иштер органдарына 35 жылдык эмгегин арнаган Сагынбек Темировду да арабыздан алып кетти. Ал бир катар медаль, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Темиров кылмыш иликтөө башкармалыгынын Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүндө жетекчилик кызматтарда иштеген. Кийин ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы болгон.

Ал 1958-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн.
Улан Акматов
Бажы кызматынын майору, 41 жашта
11-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Улан Акматов коронавирустан улам өмүрү менен кош айтышкан.

Улан Акматов "Манас" бажысындагы Бажылык тариздөө борборунун алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу тобунун улук инспектору болуп иштеп жаткан.

Ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Ал 2003-жылдан бери бажы тармагында эмгектенип келген.
Көкчө Жакыпбеков
полковник, 44 жашта
20-июнда эки тараптуу пневмониядан Мамлекеттик чек ара кызматынын полковниги Көкчө Жакыпбеков каза болгон.

1997-жылы Чирчикск жогорку танк командалык жана инженердик окуу жайын бүтүргөн соң аскердик карьерасын 73809 аскердик бөлүктүн танк батальонунун танк взводунун командири кызматынан баштаган.

2003-жылдын 24-январында Мамлекеттик чек ара кызматында жол инженериясынын командиринен баштап курал бөлүмүнүн башчылыгына чейин көтөрүлгөн.

Ал 1976-жылдын 9-мартында Талас облусунун Манас районунун Покровка айылында туулган.
Шамсудин Молдобаев
полковник, 60 жашта
Пандемия маалында пневмониядан улам көз жумган Шамсудин Молдобаев Коргоо министрлигинин алдындагы чек ара кайтаруу башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринин башчысы болгон.

Ал 1994-жылы КРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган.

Аскердик карьерасы Коргоо министрлигинин ар кандай түзүмдүк бөлүктөрүнөн башталган.

2005-жылы Мамлекеттик чек ара кызматында Турак жай пайдалануу башкармалыгын жетектеген.

Маркум 1959-жылы 8-августта Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.
Шамансур Төлөнбаев
полковник, 53 жашта
19-июлда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кезмет бөлүмүнүн улук инспектору, ички кызматтын полковниги Шамансур Төлөнбаев эки тараптуу пневмониядан көз жумду.

Ал 1995-жылы Кыргыз техникалык университетин инженер адистиги боюнча аяктаган. 1998-жылдын январынан тартып ички иштер кызматында жана жаза аткаруу тутумунда иштеген.

Ал эми 2019-жылдын 7-августунда ички кызматтын полковниги наамына татыктуу болгон. Мекен алдындагы ак кызматы үчүн ага мекеменин грамоталары жана медалдары ыйгарылган.

Шамансур Төлөнбаев 1967-жылы Ош облусунун Доорат-Коргон айылында туулган.
Канат Тутуев
майор, 40 жашта
28-июнда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 4-батальонунун саркеринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары Канат Тутуев пневмониядан каза тапты.

2003-жылы Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун 2005-2009-жылдары ИИМде милиция кызматкери болуу менен баштаган. 2009-жылдан баштап Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 1-саптык батальонунун 2-ротасынын взвод саркери болуп мөөнөттөн тышкаркы аскер кызматын уланткан.

2020-жылдын 12-майында батальон саркеринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары болуп дайындалган.

Канат Тутуев 1979-жылы 28-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылында жарык дүйнөгө келген.
Шекербек Кадыркулов
судья, 54 жашта
15-июлда Ош шаардык сотунун судьясы Шекербек Кадыркулов пневмониядан улам каза тапты.

Ал 1983-жылы Москва районундагы Ленин атындагы орто мектепти аяктаган. 1986-1991-жылдары Фрунзе шаарындагы Свердлов райондук аткаруу комитетинде милиция кызматкери болуп иштеген. 1993-1997-жылдары Ички иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебинде билим алган.

Кадыркулов көп жылдар бою райондук жана облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп, судьялык кызматты аркалаган. Ал эми 2016-жылдын 27-апрелинен баштап Ош шаардык сотунун судьясы болуп иштеп келген.

Ал 1966-жылы 16-январда Чүй облусунун Чүй районундагы Мураке айылында туулган.
Жаныш Азизов
ИИМдин отставкадагы полковниги, 66 жашта
8-августта милициянын отставкадагы полковниги Жаныш Азизов эки тараптуу пневмониядан көз жумду.

Кесиптештери Азизовдун милициянын ишин жакшыртууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы чоң экендигин айтышты.

Ал 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Эмгек жолун 1983-1984-жылдары ИИМдин саясий бөлүгүнүн инструктору кызматынан баштаган. Министрдин аппарат жетекчиси жана Катчылыгынын башчысына чейин көтөрүлгөн.

2014-жылы КРдин Куралдуу күчтөрүнөн жаш курагына байланыштуу отставкага кеткен.

Кызматындагы эмгектери үчүн министрликтин жана мамлекеттик бир канча медалдар менен сыйланган.

Ал 1954-жылы Токмок шаарында туулган.
Азамат Сыдыков
милициянын ага лейтенанты, 31 жашта
9-августта Ош облустук Алай райондук милициясынын криминалдык кызматынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Азамат Сыдыков эки тараптуу пневмониядан көз жумду.

2010-жылы Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетине аяктап, "бухгалтердик учёт, анализ жана аудит" адистигине ээ болгон.

Ички иштер органдарынын катарына 2010-жылы ноябрь айында кабыл алынып, кызматын Ош ОИИБдин Кайгуул күзөт кызмат батальонунун милиция кызматкерлигинен баштаган. Андан соӊ Ноокат, Кара-Суу РИИБдеринде жашы жете электер менен иштөө инспектору, милициянын айылдык тескөөчүсү кызматтарында иштеген.

Ал 1989-жылы 12-июлда Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында төрөлгөн.
Автор
Нурайым Рысмамбетова

Фото
Сүрөттөр КРдин укук коргоо органдарынын маалымат кызматкерлеринен, кесиптештеринен жана маркумдардын жакындарынан алынды.

Дизайнер

Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0