Талак. Талак. Талак. Кечир мени!
Кыргызстандыктар шарият боюнча кандай ажырашат?
Исламдын эрежелери боюнча эркек киши "талак" деген сөздү үч ирет гана кайталоо менен түгөйлөр ажырашкан кетет. Ушул туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.
Нурсулу Кариева
42 жашта
Маркетолог болуп эмгектенет, ушул тапта Англияда турат. Башында жолдошу, эки кызы менен чогуу кетмек. Туулган жерде түгөйлөр ишсиз, келечеги да бүдөмүк эле.

Чет өлкөгө адегенде Нурсулуу аттанып, күйөөсү кийинчерээк артынан бармак. Бирок келгендин ордуна ал үч жолу талак айтылган билдирүү гана жөнөтүп койгон. Мусулманчылыкта мындай аракет менен нике бузулат. Ошентип жубайлардын алты жылдык мамилеси үзүлгөн.

Вотсап аркылуу: "Талак-талак-талак. Кечир мени" деген билдирүүнү алганымда Англияда элем. Этибарга албадым. Болбогон эле нерсе го бул! Ичип алган го деп ойлогонум да чын. Болбосо соо кишинин кылган ишиби?

Жубайлар никесин расмий каттатышкан эмес. Болгону динге ылайык нике кыйдырышкан. Ал эми ажырашууга жолдошунун экинчи аял алуу ниети себеп болгон.

"Биринчи аялын багууга кудурети жетпей турганда экинчи жубай алуунун кажети барбы? Акылга сыйгыс дөдөйлүк. Чындыгында өзүнө да "макул, эгер дал мени баккандай карап, дал мага кылган абдан начар мамилени кыла турган болсоң, экинчи аял ала бер" дегем. Бул өтө эле кызыктай нерсе болгон", — деп баяндайт ал.

Ошентип Нурсулуу бирге тапкан мүлкүнөн айрылды, жолдошунун баш кошконго чейинки батирин ремонттоп жайгаштырууга Нурсулуу 17 миң доллар жумшаптыр. Ажырашкан соң эч нерсеси жок калган, күйөөсү кийим-кечесин гана колуна карматат.
"Элестетиңиз, ал мага бир чай кашык да бербеди! Жеке оокаттарымды: көйнөк, шым, ич кийимдеримди гана карматты. Негедир кымбат баалуу зер буюмдарымды да бербей койду, алар деле жеке буюмга кирет эмеспи", — деп эскерет Кариева.

Бирок бул деле Нурсулууну азапка салган эмес. Мурунку жолдошу эки кызын өзү багарын чечет. Соттошуп, көпкө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин эне кенже кызын гана Англияга алып кетүүгө мүмкүнчүлүк алган. Улуу кызына улам алимент жөнөтүп турат, мурдагы жолдошунун шарты ушундай эле...

Аны да жок дегенде каникул маалында алып турууга макул болоруна үмүт кылат, бирок ал видеобайланыш аркылуу гана сүйлөшүүгө уруксат берет. Сегиз жашар кызы менен Нурсулуу жүзмө-жүз дээрлик эки жылдан бери көрүшө элек.

"Диний ишмерлерге, имам, молдолорго канча кайрылып жүрдүм. Диний жактан алып караганда ажырашкан боломбу же ажыраша элекминби, башта түшүнбөдүм. Алардын ар биринин үрөйү учуп «Бул эмне деген шумдук? Андай кишини унут! Сага татыктуу эмес тура» дешти. Мен үчүн эле эмес, диний ишмерлер үчүн да бул ойго келбеген, начар жорук болду", — деп кейийт Нурсулуу.
Насиба Эшмурадова
юридика илимдеринин кандидаты
Кыргызстанда расмий каттоого турбай мусулманча нике кыйдырып гана жашагандар 15 жаштан жогорку аялдардын төрт пайызын түзөт. Мындай никеге көбүнчө 20дан 30 жашка чейинки кыздар турат – алар алты пайыз. Андан улуу курактагылар мамилелерин Кудай алдында гана эмес, мамлекет алдында да каттоону туура көрөт.

Ошону менен бирге эле Кыргызстанда ар бир бешинчи нике ажырашуу менен аяктайт. Бул көрсөткүч – кыргызстандык айымдардын көбү бир кездеги сүйүктүү жолдошунан талак угууга кабыларынын далили. Бирок коомдо бул тыюу салынган темалардан.

Бул көрүнүштү терең түшүнүү үчүн тарыхка бир үңүлүп көрөлү. Көчмөн кыргыздардын никеси дээрлик бекем болгон. Ажырашуу үчүн түгөйлөрдүн жүйөлүү себептери болууга тийиш эле. Атап айтканда, бала көрбөгөндөрү, көзгө чөп салуу, узакка бири-биринен алыста калышы, күйөөсү ур-токмогун токтотпогону... Негизи, аялы өзүн кынтыксыз алып жүрсө да, күйөөсү ажырашууну талап кылган учурлар деле орун алган. Бирок андай учур сейрек болгонун түшүндүрөт юридика илимдеринин кандидаты Насиба Эшмурадова.
"Уруулар бири-бири менен абдан тыгыз мамиледе болушкан. Ажырашуулар орун алса, үй-бүлөлөр ортосундагы мамилелерге терс таасир эткен. Бирок жубайлар ажырашууну талап кылган учурда деле дароо эки ача жолго түшчү эмес. Адегенде аксакалдар менен сүйлөшүп, жубайларга акыл калчоого убакыт беришкен", — дейт окумуштуу.

Жүйөлүү себептери болбосо да аялдын ажырашууга акысы болгон. Бирок аял кишилер андайга аргасы түгөнгөн учурда гана барган. Себеби ажырашууну талап кылса, балдарынан укугу ажыратылган.

Бирок эч себепсиз ажырашууну чечкен күйөө бул кадамы үчүн көп чыгым тарткан. Биринчиден, мындай учурда балдар аялында калган. Экинчиден, аял киши калың да, сеп да алган.

"Кыргыздарга калың төлөө кыйынга турган, ал эми бизге жеткен булактардын көбүндө, эгер күйөө аялынан баш тартса, калың доолаганга укугу болгон эмес. Ал убакта көлөмү эбегейсиз болчу, андыктан каалаган киши эле ажыраша алчу эмес", — деп түшүндүрөт эксперт.

Мусулманча ажырашуу Кокон хандыгынын таасири менен тарай баштаган. Шарияттын эрежелерине ылайык, эркек киши үч ирет "талак" деп кайталоо менен үй-бүлөлүк союзду кыйратып кое алган. Бирок бул ажырашкандан кийин да ал өз балдарына каралашпайт дегенди билдирген эмес.

"Шарият — бул ар бир нерсе камтылган, ийне-жибине чейин талданып иштелип чыккан система. Жашы жете элек балдардын, аялдардын укугу, энелердин укугу корголууга тийиш. Эгер эсиңиздерде болсо, шариятта жетим балдарга, аялуу, жардамга муктаж адамдарга кол сунуу жоболору бар. Дин эркектерге балдарына кам көрүүгө кеңеш бербестен, түз милдеттендирет", – дейт Насиба Эшмурадова.
Кадыр Маликов
кыргызстандын муфтийинин орун басары
Чагыбызда кыргызстандык эркектердин бир тобу үч жолку талакты аялын жана балдарын биротоло таштап басып кетүү ыкмасындай көрүп алышты. Ажырашкан соң материалдык жоопкерчилигин таптакыр эле унуткарып, жаңы мамилеге баш-оту менен кирип кетчүдөй сезилет аларга.

Бирок Кыргызстандын муфтийинин орун басары Кадыр Маликовдун айтымында, мусулман никеси бузулган күндө да өз үй-бүлөсүнө жоопкерчиликти алууга милдеттүү.

"Эркек аялына каралашпай, талак берген соң аны таштап, экинчи, үчүнчүсү жана андан ары үйлөнгөн учурлар бизге дайын. Анткен менен бир дагы аялына каралашпайт. Бул талуу маселе мусулман коомчулугуна гана таандык эмес. Бул – жалпысынан, заманбап коомдогу жеке кызыкчылыктарды коргоого умтулуу. Ар бири керт башын ойлойт, бирок эч кимиси жоопкерчиликти алгысы жок", — деп боолголойт Маликов.

Дагы бир көйгөйлүү маселе: дин мыйзамдары боюнча балдар кимде калууга тийиш? Адатта кыргызстандык соттор бул маселени эненин пайдасына чечип берет. Сейрек учурда, аялдын баңгизат же мыйзам алдындагы көйгөйлөрү болгон убакта гана балдар атасында калтырылат. Шарият деле эне менен баланын ажыратылышына жол бербейт.
"Ажырашууда майда балдарды энесинен тартып алуу, муну шарияттын негизинде талап кылуу натуура. Исламда андай жок. Тескерисинче, балдар белгилүү бир убакытка дейре энеси менен калууга тийиш", — деп түшүндүрөт муфтийдин орун басары.

Көбүнесе, жаштар "талак" деген сөздү аялдарынын кыжырына тийүү үчүн гана пайдаланышат. Маселен, катуу айтышып кеткен убактарда... Көпкө кер-мур айтышкан соң ачуулары таркап, эч нерсе болбогондой чогуу жашай беришет.

Бирок алар ойлогондой бул кадыресе көрүнүш эмес. Андай сөз жаңырган соң алар иш жүзүндө ажырашты, бирге түтүн булата алышпайт. Андай учурда кайрадан нике кыйдыруу зарыл экенин түшүндүрөт диний ишмер. Курулай эле маанилүү сөздү талаага чача бергендер үчүн катуу жаза бар. Алар ортодо башка никеге турууга аргасыз болушат.

"Куранда так жазылган аят бар. Эркек үч жолу талак берип аялынан ажырашкандан кийин экөө башкалар менен нике кыйдырмайынча, аларга бирге болууга тыюу салынары Куранда так жазылган. Жасалма да нике эмес. Айрымдар убактылуу никеге турууга да барышат экен. Жаратканды алдап болбойт. Башка кишилер менен чындап нике кыйдырып, жашоого тийиш", – деп түшүндүрөт Кадыр Маликов.
Рустам Абдурауфов
адвокат
Талак маселесин юридикалык жактан да карап чыгалы. Мамлекет никени түгөйлөр ЗАГСтан каттоого өткөндө гана тааныйт. Расмий каттоосуз нике кыйдырууда жубайлар бир топ тобокелдикке барышат.

Мисал келтирели. Күйөөсү менен аялы биргелешип батир сатып алды дейли. Күйөөсүнүн да, аялынын да ата-энелери жардам берет, бирок кыймылсыз мүлктү үй-бүлө башчысы катары күйөөсүнө катташат. Эгер расмий каттоо болбосо, эркек каалаган учурда жубайын тышка чыгарып кое алат. Аял андайда турак жайдын жарымын алууга укугу да болбостугун түшүндүрөт жактоочу Рустам Абдурауфов.
"Мындай тажрыйбаны биз юрист катары жоюуга тийишпиз. Нике кыйылган, чындап эле чогуу жашашкан. Мүлк күйөөсүнө катталган күндө да аны бөлүштүрүү зарыл. Соттор азырынча буга макул эмес. Алар үчүн никенин юридикалык каттоосу болбосо, аял эч нерсе ала албайт", — дейт юрист.

Бирок нике тууралуу күбөлүктүн жоктугу аталарды алимент төлөөдөн куткарбайт. Мурдагы балдары деген түшүнүк жок, алар менен ажырашууга болбойт. Аял мурдагы жолдошунан алимент талап кылууга акысы бар, анткени бул – жеке өзүнүн эмес, балдарынын укугу. Бул учурда аял менен эркектин расмий никеси бар-жогуна карабайт.

"Мындай кезде баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө аталыгын тастыктаган күбөлүк да кошо тиркелгени маанилүү. Расмий катталган нике болбогон соң эркек кишини күбөлүккө дароо кошуп жазышпайт. Мисалы, ал ымыркайына өз фамилиясын бергиси келсе, аял анда биротоло аталыкты тастыктоочу күбөлүктү да алууну сунуштоого тийиш. Кийин алимент алууда көйгөй жаралбайт", – деп түшүндүрөт Рустам Абдурауфов.
Ак-Моор Ян
"Апа, сен жалгыз эмессиң" кыймылынын жетекчиси
Ата-энелер эки ача жолго түшкөндө ортодо балдар көп жабыркай турганын серепчилердин бардыгы белгилешет. Атасы да, апасы да үй-бүлөнүн эң аялуу мүчөлөрүнө катуу таасир этпеши үчүн колдорунан келгендин баарын жасаганы оң. Муну жогорку мыйзамдар да талап кылат, мында адамдардын кандай динди тутканы деле мааниге ээ эмес деген ойдо "Апа, сен жалгыз эмессиң" кыймылынын жетекчиси Ак-Моор Ян.
"Биз жаңы дүйнөдө жашоого эми үйрөнүп келе жатабыз. Азыр нике келишимдери түзүлүүдө. Адамдар баарын кагазга каттап коюу керектигин түшүнүп калышты. Албетте, биз да андайга барабыз, балким коомдун калыптанышы ушундай. Кыздар бул маселеге олуттуу мамиле кыларына үмүт артам, анткени кийин бул аларга гана эмес, балдарына да таасир этпей койбойт", — дейт Акмөөр.

Серепчилер жарандар расмий каттоодон өтүүгө тийиш экенин баса белгилешет. Бул түгөйлөрдүн гана эмес, балдардын укугун да коргойт.
Авторлор
Асель Минбаева, Светлана Федотова

Фото, видео
Табылды Кадырбеков, Эмил Садыров, Нурсулу Кариеванын жеке архиви

Котормочу
Айнагүл Сапарбек кызы

Дизайн
Евгений Волохов