Гагариндин ордуна кайсы кыргызстандык космоско учмак
Кыргызстан менен космосту байланыштарган 60 факты
Гагариндин ордуна кайсы кыргызстандык космоско учмак
Кыргызстан менен космосту байланыштарган 60 факты
Туура 60 жыл мурун адамзат тарыхый кадам жасаган: советтик космонавт Юрий Гагарин дүйнөдө алгачкылардан болуп космоско аттанган. Ушул олуттуу датанын урматына Sputnik Кыргызстан биздин өлкөнү космостук индустрия менен байланыштырып турган кызыктуу фактыларды издеп көрдү.
Биздикилер да алгачкы болушмак...
Биздикилер да алгачкы болушмак...
1. Жалал-Абад облусунун эки тургуну Марс Рафиков жана Валентин Варламовдун да космоско биринчилерден болуп учуу мүмкүнчүлүгү болгон. Алар кийин "гагариндик" деп аталып калган "Икс" командасынын космонавттар отрядына киришкен. Рафиков Сузак районунун Бек-Абад айылында, ал эми Варламов Пенза облусунда төрөлүп, бирок Жалал-Абадга көчүп келген*.

*мындай маалыматтар тарыхчы, педагог жана жалалабаддык ардактуу тургун Василий Труновдун китебинде камтылган. Айрым булактарда Варламов мектепти 1952-жылы Соль-Илецкиде аяктаганы айтылат.

2. Рафиков жана Варламов Орел кааласындагы гарнизондо бирге кызмат өтөшкөн. Айтмакчы, гарнизон "Икс" отрядынын үч болочок мүчөсүнүн башын бириктирген: Рафиков менен Варламовдон тышкары гарнизондо космоско учууга дагы бир потенциалдуу талапкер Валентин Филатьев да кызмат өтөгөн.

3. Отряддын 20 мүчөсүнүн ичинен Варламов тездетилген даярдыктагы алты талапкердин бири эле. Аны менен бирге тандалгандардын тизмегинде Юрий Гагарин жана Герман Титов да бар болчу.
Советтер Союзунун космонавттарынын биринчи отряды Сочиде эс алууда. Экинчи катарда үчүнчү (солдон оңго) турган Марс Рафиков.
4. Бир жолкусунда барокамерада Рафиков дарыгерлерди абдан коркуткан. Уктап жатканда анын дем алуу датчиги өчүп калат. Нөөмөттөгү врач иллюминаторго баш багып, дем албастан уктап жаткан Марсты көрүп үрөйү учат. Дарыгер куш тилиндей кат жазып, аны атайын люкка коюп, микрофон аркылуу: "Марс Закирович! Өткөрмө люгундагынын баарын алыңыз!" — дейт. Уйку-соонун арасында Рафиков өзү да коркуп, "кулагыма бир нерселер угулчу болуп калган го" деп ойлонот...
Космонавттардын биринчи отрядына кирген Валентин Варламов, Юрий Гагарин, Анатолий Карташов, Андриян Николаев, Павел Попович жана Герман Титов "Восток" космостук кемеси менен таанышууда
5. Варламовдун жылдыздарга карай жолун болбогон кокустук бөгөйт. Ал даярдык көрүп жаткан жайдын жанындагы эле көлгө секирип, башы кумга тийип моюн омурткасын кокустатып алат. Ошону менен жаш жигиттин космоско жолу жабылат.

6. Рафиков да космоско бара албай калган. Расмий документтерде анын "космонавттын белгиленген тартибин бузгандыгы" (бөлүк жайгашкан жерден уруксатсыз чыккандыгы) үчүн отряддан чыгарылганы көрсөтүлөт. Анткен менен Рафиков өзү буга аялы менен ажырашууга ниеттенгени себеп болгонун белгилейт.

7. Отряддан чыкканы менен Варламов Жылдыздуу калаада калган. Бир топ жыл Космонавттарды даярдоочу борбордо ар кыл орундарды ээлеп, кезегинде учуу-космостук даярдык боюнча улук инструктор да болгон. Валентин Степанович 1980-жылы капыстан тооруган кырсыктан мээсине кан куюлуп көз жумган.

8. "Икс" командасынан чыгып калган Рафиков узак жылдар бою аскердик учкуч болуп кызмат өтөгөн. Афганистандагы согуштук аракеттерге абадан мээлөөчү катары катышкан. Согуштук операцияга катышкандыгы үчүн Кызыл Жылдыз орденин алган. Запаска кеткенден кийин Рафиков Алматы калаасын байырлаган. Марс Закирович 2000-жылы жүрөгү кармап, 66 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Космостогу "биздикилер"
Космостогу "биздикилер"
9. Айрым маалыматтар боюнча, космостогу биринчи спирт ичимдиги кыргыз бальзамы болгон. Космонавттарга кайда болушпасын, анын ичинде космосто да алкоголь ичүүгө тыюу салынган. Бирок биздин "Арашан" бальзамы космоско жеткен тарыхтагы алгачкы спирт ичимдиги болуп калганы айтылат.

10. Биздин бургулоочу түзүлүш Айды "сокологон". 1976-жылы Жердин спутнигинен бургулоочу түзүлүш менен топурак алынган. Ал жабдыкты биздин мекендештер долбоорлоп, курап чыгышкан.
Айдын топурагы салынган ампула, СССР Илимдер академиясынын Вернадский институту
11. Кыргыз ССРинин адистеринин иштелмелери жалгыз муну менен чектелбейт. Совет убагында мурдагы Автоматика институту, азыркы КР Илимдер академиясынын Машина куруу институтунун адистери космостук кеме, ракета жана чөлмөктөрдүн тетиктерин иштеп чыгып, жасоого катышкан.

12. Эл аралык космостук станцияда кыргыз ыры жаңырган. КР эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева космонавт Салижан Шариповго "Жылдыздуу жердешим" деген ырын багыштаган. Чыгарма космоско жөнөтүлгөн, ошентип Эл аралык космостук станцияда кыргызча ыр жаңырган. Кийин Шарипов өзү мындай белек ичин жылытканын жашырган эмес.
Биздин Салижан Шарипов
Биздин Салижан Шарипов
13. Салижан Шарипов көп балалуу бүлөдө төрөлгөн. Болочок космонавт Ош облусундагы Өзгөн районунда 1964-жылдын 24-августунда жарык дүйнөгө келген. Шакиржан Шарипов жана Тургунай Ташматова өлкөнүн сыймыгынан тышкары дагы алты баланы тарбиялап өстүрүшкөн.

14. Жердешибиз бала кезинен учкуч болууну самаган. Бир аз чоңоюп калганда космоско кызыгып, окуучулук курагында бул багытта көп китептерди барактаган.

15. Космоско чыгуу үчүн сегиз жыл даярданган. 1990-жылы жердешибизди космонавттар отрядына кошушкан. Андан эки жыл өтпөй "космонавт-сыноочу" квалификациясына ээ болгон. 1998-жылы Шарипов космоско алгач ирет аттанган.
Космонавт, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын баатыры Салижан Шарипов
16. Ал – космоско учкан биринчи кыргызстандык...

…ошондой эле 88-советтик/россиялык жана дүйнөдөгү 375-космонавт.

17. Биринчи учушунун узундугу 8 сутка 19 саат 46 мүнөт 54 секунданы түзгөн. Шарипов Endeavour деп аталган космостук шатлдын адиси болгон. Учуу маалында бул шатл россиялык "Мир" орбиталык комплексине чиркелген.
"Мир" орбиталык станциясына болгон 24-экспедициянын экипаж мүчөлөрү (солдон оңго) Салижан Шарипов, Павел Виноградов, Леопольд Эйартц, Дэвид Вулф, Анатолий Соловьев жана Владимир Титов Юрий Гагариндин эстелигинин жанында
18. Экинчи учушунда ачык космоско эки ирет чыккан. Жылдыздарга болгон кийинки сапарына Шарипов 2004-жылы аттанат. Ал жолку учушу 192ден ашуун суткага созулган. Ачык космосто туура 10 саат болгон.

19. Космонавттын чакырык сигналы "Тянь-Шань" болгон. Мындай маалыматтар Ю.Гагарин атындагы Космонавттарды даярдоочу илим-изилдөө борборунун сайтында камтылган.

20. Жогорку наамга татыган. 1998-жылы Шариповго Кыргыз Республикасынын, ал эми 2005-жылы Россия Федерациясынын баатыры наамы ыйгарылган.
Биздин өзгөчө конструктордук бюро
Биздин өзгөчө конструктордук бюро
21. Фрунзеде союздук маанидеги алдыңкы илимий борбор жайгашкан. СССР Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросу 1960-жылдары түзүлгөн. Анда космостук тармак үчүн жабдыктар куралган.

22. Аталышы айтып тургандай, өзгөчө конструктордук бюро атайын макамга ээ эле. Ошондуктан жүк ташуучулар да Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кылдат текшерүүсүнөн кийин гана жумушка алынган.
СССР Илимдер академиясынын Космостук иликтөөлөр институтуна караштуу Өзгөчө конструктордук бюронун кызматкерлери
23. Иши гүлдөп турган маалда бюродо 1,5 миңдей киши эмгектенген.

24. Ачылган күндөн Союз ыдыраганга дейре ишкана космостук мейкиндикти изилдөө үчүн 200дөн ашуун жабдык чыгарган.

25. СССР Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросу биринчилерден болуп Советтер Союзунда интегралдык микросхема, микропроцессордук комплектилерди, лазердик техника жана микротехникаларды өндүрүшкө киргизген.

26. Бюродо жасалган атайын телескоптордун жардамы менен советтик окумуштуулар Галлея кометасын, Венера жана Марс планеталарын, ошондой эле Марстагы Фобос спутнигин изилдешкен.
Галлей кометасы
27. СССР Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросунда өндүрүлгөн электрдик кубаттоочу борттук булактарга Куба жана Германияда да талап чоң эле.

28. Космоско Фрунзедеги аталган бюродо куралган "Фрагмент-2" комплекси кое берилген. Бул аппарат планетабыздын табигый ресурстарын изилдөөгө багытталган. Анын жардамы менен окумуштуулар пайдалуу кен байлыктары жаткан катмарларды көрсөтүү менен жаңы географиялык карталарды түзө алышкан.

29. Советтер Союзу кулаган соң СССР Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун өзгөчө конструктордук бюросу "Аалам" өзгөчө конструктордук бюросу" ачык акционердик коомуна айланган.

Кайра түзүлгөндөн кийин ишкана космостук иштелмелер боюнча иштөөнү уланткан, бирок 2008-жылы космос менен байланышкан акыркы объектилерин жасоону аяктаган. Алардын бири күндүн активдүүлүгүнө байкоо салуучу блок болгон. Чакан, анткен менен абдан маанилүү жабдык экени айтылат.

30. Мурдагы бюронун корпустарынын биринде азыр соода борбору жайгашат. Шопоков көчөсүндөгү (Токтогул көчөсү менен кесилишет) имаратта азыр шаардыктар курулуш материалдары жана үйгө керектүү буюмдарды сатып алышат.
Биздин окумуштуулар
Биздин окумуштуулар
31. Ойлоп табуучу, медициналык илимдердин доктору, айтылуу "Арашан" бальзамын жасап чыгарган Арстанбек Алтымышев С. Королев медалы менен сыйланган. Бул сыйлык космонавтикага кошкон салымы үчүн ыйгарылат. Окумуштууга бул жогорку сыйлык фитоадаптогендерди — өсүмдүктөн жасалган препараттарды ойлоп таап, космостук медицинага киргизгендиги үчүн ыйгарылган.
КР Илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Арстанбек Алтымышев
32. Белгилүү академик, окумуштуу, полярдык багыттагы адис Асылбек Айдаралиевдин эмгектери авиациялык жана космостук медицинада ийгиликке жетишүүгө көмөкчү болгон. Бул тармак боюнча ал өзүнүн доктордук диссертациясын жазып, 1977-жылы коргогон.

33. Айрым маалыматтарга таянсак, Космонавттарды даярдоочу борбордо Жалал-Абаддын дагы бир тургуну Анатолий Хижняк да эмгектенген. Ал аталган борборго Н. Жуковский атындагы Аскердик-аба инженердик академиясын 1979-жылы аяктаары менен жөнөтүлгөн. Булакта айтылгандай, Хижняк скафандрлар боюнча адис эле. Мындай маалымат изилдөөчү Василий Труновдун "Жалал-Абад: окуялар хроникасы, 1877-1999-жылдар" деген китебинде камтылган.
СССР эл чарбачылыгынын жетишкендиктерине арналган көргөзмөдөгү "Луна-24" автоматтык станциясы
34. КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Олег Алимовдун бургулоочу түзүлүшү Айга барган. 1976-жылы "Луна-24" космостук станциясы Советтер Союзунда биринчи жолу адамдарга Айдагы топурактын үлгүлөрүн эки метрден ашуун катмарынан алып келген. Ошондой эле Алимов тоо тегинин сапаттарын изилдөө үчүн "Венера-13" жана "Венера-14" космостук илимий экспериментти даярдоого жана өткөрүүгө катышкан.

35. 2017-жылы кыргызстандык жигиттин ойлоп тапкан жабдыгы Роскосмос илимий сынагында мыкты деп табылган. 29 жаштагы Нурлан Усубалиев космостон сүрөт алууга мүмкүндүк берген космостук техниканы сунуштаган. Сынак комиссиясына жалпысынан 100 чакты эмгек түшөт, анын 19у жеңүүчү деп табылган. Ошол тушта кыргызстандык Нурлан Сибирь мамлекеттик университетинин аспирантурасында геосистема жана технология багыты боюнча билимин улантып жаткан.
Биздин окуу жайлар
Биздин окуу жайлар
36. Үчүнчү советтик космонавт, Советтер Союзунун эки жолку баатыры Андриян Николаев Фрунзеде окуган. 1952-жылы ал Черниговский аскердик авиациялык учкучтар окуу жайынын биринчи курсун бүтүрүп, 1954-жылы Фрунзе аскердик авиация окуу жайын аяктаган.

37. Алгачкы монголиялык космонавт, Монголия Эл Республикасынын мурдагы коргоо министри Гуррагча Жугдэрдэмидийн да Кыргыз ССРинде билим алган.
Советтер Союзунун баатыры Григорий Дольников монголиялык курсанттар менен
38. Кээ бир маалыматтар боюнча, биринчи индиялык космонавт, Советтер Союзунун баатыры Ракеш Шарма да Кант шаарындагы Авиациялык кенже адистердин аскердик мектебинде окуган.
Биздин Ысык-Көл
Биздин Ысык-Көл
39. Ысык-Көлдө белгилүү советтик космонавттардын бир тобу ден соолугун чыңдап кетишкен. Алардын арасында Юрий Гагарин, Герман Титов, Валентина Терешкова жана башкалар да болгон.

40. Советтик космонавттар Ысык-Көлүбүздү "Жердин көгүлтүр көзү" менен салыштырышкан. Мындай көркөм аталыштын автору ачык космоско чыккан алгачкы космонавт Алексей Леонов болгон. Ал Ысык-Көлгө бир нече жолу келген, кыргыздын "берметине" космостон да көз салган.
Космонавт Юрий Гагарин Кыргыз ССРине келген учур, 1964-жыл
41. Юрий Гагариндин Ысык-Көлгө 1964-жылы келиши таптакыр күтүүсүз болгон эле. Тун космонавтты тосуп алуу үчүн көл жээгине ыкчамдык менен чоң боз үй тиге салышканын кийин КР эмгек сиңирген врачы, маркум Манас Эсенаманов журналисттерге эскерип берген. Дарыгердин айтымында, Гагарин сууга түшкүсү келген, бирок генерал аны киши түшпөгөн жээкте сүзүүдө сак болуусун эскертет.
Юрий Гагарин Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар менен сүрөткө түшүп жатат. 1964-жыл
42. Ысык көлдүктөр Гагаринге өзгөчө белек беришкен. Эсенамановдун маалымат каражаттарына жарыяланган эскерүүлөрүндө, жергиликтүү тургундар жолугушууда космонавтка элик тартуу кылышат. Баса, ошол күндөрдөгү сүрөттөргө Гагарин ак калпак кийип түшкөн.

43. "Кыргыз деңизи" санаторийинде Космонавттар аллеясы бар. Анда биринчи көчөттү 1976-жылы советтик учкуч-космонавт Георгий Гречко отургузган. 40 жылдан кийин аллеяда космосту багындыргандарга арналган 2,5 метрлик бийиктиктеги эстелик тургузулган.
Космонавттарга эстелик, "Кыргызское взморье" санаторийи
44. Беш жыл оболу бийлик Ысык-Көл жээгинде космонавттардын ден соолугун чыңдоо борборун түзүү боюнча кеп кылышкан. Мындай демилгени КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирген. Ошол убакта өкмөттүн өкүлү Аскат Акибаев эле.

45. Россиялык космонавттар Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган көлүбүздүн сүрөттөрүнөн бөлүшүп калышат…

…Ысык-Көлдүн ажайып кооздугуна суктануу мүмкүнчүлүгүн кое беришпейт. Космонавттардын бири Сергей Кудь-Сверчков көлдү ак кар баскан тоолордун күмүш алкагындагы кымбат баалуу аквамаринге салыштырган.
Биздин маданият жана турмуш
Биздин маданият жана турмуш
46. Советтик балдар тасмаларынын бири – "Космонавттар көчөсү" "Кыргызфильм" студиясында тартылган. Тасма экранга 1963-жылы чыгып, миллиондогон жаш көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. Анда ири шаардын чет жакасындагы көчөдө космостук мейкиндикте из калтырууну кыялданган балдар тууралуу баяндалат.
47. Кыргызстандыктардын арасында Космобек аттуу эркек кишилердин кеминде эле 116сы бар. Айтмакчы, бул аттын Космос деген формасы да жок эмес. Ачыгы, мындай ысымдуу кыргызстандыктар 24кө жетпейт.

48. Кеминде эле он кыргызстандыктын аты — Гагарин.

49. Эки кыргызстандык кызга Комета деген ысым коюлган.

50. Бир нече жылдан бери демилгечи топ бишкектик планетарийди сактоо жана калыптандыруу үчүн күрөшүп келет. 1974-жылы ачылган планетарий фрунзеликтердин сүймөнчүк жайы болгон, анда дарстар окулуп, тасмалар көрсөтүлүп, ийрим жана семинарлар өткөрүлгөн. Алгачкы сегиз жылда планетарийге 600 миңден ашуун киши барган! Азыр мурдагы агартуу борбору абдан кейиштүү абалда.

51. Советтик Фрунзенин көрүнүктүү жерлеринин бири да "Космос" болгон. Совет доорун көрүп калган Бишкектин тургундары ошол даңазалуу дүкөндү али күнчө унутушпайт. Азыр деле: "Ооба, ооба, "Космос" аймагында" деп калышкандарын кулак чалат.
Өткөнгө көрсөтүлгөн сый
Өткөнгө көрсөтүлгөн сый
52. Кыргызстанда Юрий Гагарин атындагы төрт мектеп бар. Алардын экөө Ош шаары жана Ош облусунда, калган эки мектеп Жалал-Абадда.

53. Өзгөндөгү мектептердин бирине 1998-жылы Салижан Шариповдун ысымы ыйгарылган. Өзү да ошол мектепти 1981-жылы аяктаган.

54. Ысык-Көлгө баратканда Гагариндин эки эстелигин көрөбүз. Анын биринин тарыхы кыйла өзгөчө. Барскоон капчыгайында эс алып жүргөндө тун космонавт бир ташка кызыгып калат. Анын жанында сүрөткө көп түшөт. Кийинчерээк жергиликтүү скульптор ошол таштан эстелик тургузат. Теңин оюп, цементтен ташка Юрий Алексеевичтин туулгасын жана жүзүн цементтен жасап орнотот. Кийин аба ырайы жана вандалдар Гагариндин ташын бузуп коюшат, бирок кийин аны кайра калыбына келтиришкен. 2000-жылы алгачкы космонавтка жаңы эстелик тургузулат. Ал мурдагысынан 200 метрлик аралыкта жайгашкан.

55. Бишкек жана Ош шаарларында бирден Космонавттар көчөсү бар.

56. Өлкөнүн дээрлик бардык ири калааларынан, атап айтканда, Бишкек, Ош, Каракол, Токмок жана Балыкчыдан Гагарин көчөсүн табууга болот.

57. Алгачкы космонавттар отрядынын эки мүчөсү Марс Рафиков жана Валентин Варламовдун элеси да унуткарылган эмес. Алардын ысымдарын Жалал-Абад тарыхый-край таануучу музейи алып жүрөт.

Музей экспонаттарынын арасында архивдик сүрөттөр, ошол кездеги гезиттерден макалалар, очерк жана мемуарлар, анын ичинде Марс Рафиков өзү жазган "Биз ИКС отрядындагы балдарданбыз" деген китеби да бар.
Дагы үч факты
Дагы үч факты
58. Былтыр космосто Кыргызстан да пайдалана ала турган спутниктер пайда болушу мүмкүн экени айтылган.

Кеп космоско евразиялык спутниктер тобун учуруу жөнүндө. Алар Жерге зонд жүргүзүү тутуму менен биргеликте кен байлыктарга бай жерлерди издеп, өзгөчө кырдаалдар тууралуу эскертип турат. Мындан тышкары, жаңы агрардык практиканы киргизүүгө болот.

59. Британиялык астронавттын сүрөттөрүнөн улам космостон түнкү Кыргызстан кандай көрүнөрүн билип алдык.

Тим Пик түн жамынган республиканын үстүнөн учуп бараткан эл аралык космостук станциянын бортунан сүрөткө тартып алган. Анда Ала-Тоо кыркалары жана Ысык-Көл көрүнүп турат.

60. Өткөн аптада Бишкек жана Чүй облусунун аймагына жарк этип түшкөн кубулушту байкашкан. Социалдык медианын айрым колдонуучулары аны метеорит дешсе, башкалары жасалган объект учканын, ракета же спутниктин сыныгы болушу мүмкүн деп божомолдошкон. Өзгөчө кырдаал министрлиги эмне болгон объект экенин тактап берүүнү убада кылган.
Редактор
Карина Разетдинова

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Булактар
Ярослав Головановдун "Космонавт № 1" китеби, КР Илимдер академиясынын жаңылыктары, № 2 (2010-жыл), Ю.Гагарин атындагы Космонавттарды даярдоочу илим-изилдөө борборунун расмий сайты, ачык булактар